БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн "Рубеж-2021" машыгуусу башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ачылыш салтанат "Эдельвейс" аскердик окуу борборунда өттү.
![Ысык-Көл облусунда Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн Рубеж-2021 машыгуусу башталды Ысык-Көл облусунда Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн Рубеж-2021 машыгуусу башталды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/07/1053821001_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_b50954ce716fab0ee65290746ea82dc9.jpg)
![Ачылыш салтанат Эдельвейс аскердик окуу борборунда өттү Ачылыш салтанат Эдельвейс аскердик окуу борборунда өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/07/1053821016_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_0dc82366e736ecbfeb02e990c7d8a073.jpg)
![Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов өлкөнүн Куралдуу күчтөрү өлкөлөр ортосундагы аскердик боордоштукту жогорку деңгээлде чыңдоодо жана учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда биргелешкен күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатууга жетишкенин белгиледи Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов өлкөнүн Куралдуу күчтөрү өлкөлөр ортосундагы аскердик боордоштукту жогорку деңгээлде чыңдоодо жана учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда биргелешкен күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатууга жетишкенин белгиледи - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/07/1053821021_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_32bf8d30d8279d699b8c65c598bdb3f7.jpg)
![ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров мындай машыгуулар уюмдун алкагында такай өткөрүлүп турарын, кооптуулук жаралган учурда өзүнүн майнаптуулугун бир нече жолу далилдегенин белгиледи ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров мындай машыгуулар уюмдун алкагында такай өткөрүлүп турарын, кооптуулук жаралган учурда өзүнүн майнаптуулугун бир нече жолу далилдегенин белгиледи - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/07/1053821006_0:118:3072:2048_600x0_80_0_0_12849d33c398e378de89e724a21921cb.jpg)
Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов өлкөнүн Куралдуу күчтөрү өлкөлөр ортосундагы аскердик боордоштукту жогорку деңгээлде чыңдоодо жана учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда биргелешкен күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатууга жетишкенин белгиледи.
ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров мындай машыгуулар уюмдун алкагында такай өткөрүлүп турарын, кооптуулук жаралган учурда өзүнүн майнаптуулугун бир нече жолу далилдегенин белгиледи.
Жалпысынан 1000ден ашуун адам, 150 даана аскердик жана атайын техника тартылган, анын ичинде бир нече ракеталык системалар, Су-30СМ истребителдери, Су-25 чабуул жасоочу учактары жана Ми-8 тик учагы бар.
Иш-чаранын катышуучулары ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу үчүн Борбордук Азия аймагынын жамааттык коопсуздугунун ыкчам аракетке келүүчү күчтөрүнүн согуштук аракеттерди даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча иштерди жүргүзөт.