Көздөн жаш атып, кыйкыра чуркап. Кыргызстандык танкачылардын чемпион болгон видеосу
Көздөн жаш атып, кыйкыра чуркап. Кыргызстандык танкачылардын чемпион болгон видеосу
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аскерлери Подмосковьеде өткөн "Танк биатлонунда" чемпион болду. Курама команда финишке 2 саат 16 мүнөт 51 секундда келди. 03.09.2021, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аскерлери Подмосковьеде өткөн "Танк биатлонунда" чемпион болду. Курама команда финишке 2 саат 16 мүнөт 51 секундда келди.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Танк биатлонунун 2-дивизионунда төрт команда ат салышкан. Мелдеште Кыргызстандын аскерлери чемпион болсо, экинчи орунда Тажикстан (2 саат 20 мүнөт 5 секунд), үчүнчүдө Мьянма (2 саат 28 мүнөт 9 секунд), төртүнчүдө Түштүк Осетия (2 саат 29 мүнөт 6 секунд) жайгашты.
Мындай жетишкендик Кыргызстандын курама командасын I дивизионго көтөрүлүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү.
Кыргызстандын танк биатлонунун командасы "Танк биатлону — 2021" жарышы учурунда
"Танк биатлону — 2021" жарышында кыргызстандыктарга жеңиш алып келген аскерлер:
Ырысбек Шайып уулу — танканын командири;
Темирлан Алымбеков — багыттоочу оператор;
Искак Тыналы уулу — механик айдоочу.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын аскерлери I дивизиондо ат салышып келген. Бирок былтыр, 2020-жылы, акыркы орунду алып калып, II дивизионго түшүп калган.