COVID-19га каршы вакцина алар алдында эмнелерди жебеш керек. Дарыгердин кеңеши

© Фото / Pixabay / Henrique Vefago HenriqueТамак алып бараткан официант. Архив
Тамак алып бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Эмдөө алдында жемиштерден абайлаш керектиги маалым болду. Дарыгер кандагы канттын көлөмүнүн көбөйүшүнөн сырткары аллергия да эмдөөнү оорлоторун эскертти.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина сайдырардын алдында анын кыйыр таасирлеринен алыс болуш үчүн адам тамак-ашты тандап, абайлап жеш керек. Бул туурасында Sputnik радиосуна врач-терапевт, гастроэнтеролог Никита Харлов айтып берген.

Биринчи эреже катары таттуудан алыс болуш керектиги эскертилген, анткени канда канттын көлөмү көбөйүп кетсе, эмдөө оор өтөт.

"Таттуу тамак-аштар вакцина алар алдында айланып өтчү азыктардын катарына кирет. Себеби канда кант канчалык арбын болсо, эмдөө алгандан кийин киши ошончолук кыйналат ", — деген Харлов.

Андан сырткары, углеводдору көп тамактардан да баш тарта турган оң.

"Бул курамында углевод көбүрөөк кездешкен, ал тургай таттуу эмес азыктар деп билсе болот. Алар картошка, ботколор. Ал тургай нан дагы канттын деңгээлин көтөрүп жиберет ", — деп эскерткен Харлов.

Медициналык кызматкер эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
ДССУ адиси гриппке да, COVID-19га да каршы вакцина алуунун артыкчылыгын айтты
Эмдөө алдында жемиштерди да эки эсеге азайтуу керектиги маалым болду. Өзгөчө вакцина сайдырарга аз калганда жана алгандан кийин банан, жүзүм, коондон алыс боло туруңуз. Ал эми цитрус жемиштерине - лимон жана грейпфрутка тыюу салынган эмес.

Азык-түлүктөрдүн кишиде аллергияны пайда кыла турган түрлөрүнөн абайлаш керектиги айтылды.

"Мурда жеп жүрбөгөн азыктардын даамын татып көрөйүнчү дегенди кое туруңуз. Көнүп калган, маселен, колбаса, сүттөн баш тартуунун кереги жок", — деген дарыгер.

Ал көп жеп алуу да өзүнүн терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн эскерткен. Көндүм болгон азыктар менен вакцина алганга бир нече күн калганда жана эмделгенден кийин эки жума, баштапкы иммунитет пайда болгонго дейре тамактанып турган оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0