БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өлкө башчынын иш сапары 27-28-августка пландалган.
Садыр Жапаров чек арага чектеш айылдарга барары, өнөр жай ишканаларынын абалы менен тааныша турганы айтылды. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушмакчы.