Эгемендүүлүк майрамына карата Ошто эки күндүк ишембилик өтөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүВсероссийский экологический субботник
Всероссийский экологический субботник - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, менчигинин түрүнө карабай бардык ишканалар жана тургундар шаар тазалоого чыгат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. 31-август Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери жана менчигинин түрүнө карабай бардык ишканалар шаар тазалоого чыгат.

Буга байланыштуу мэрия бардык кызматкерлерди, жеке ишкерлерди, шаар тургундарын активдүү катышууга чакырат. Мындай чечим Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин катышуусундагы штабдык жыйында кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0