Ат-Башыда оодарылып кеткен унаадагы бир киши каза таап, экөө жабыркады

© Фото / пресс-служба МЧС КРДТП на автодороге Бишкек-Нарын-Торугарт
ДТП на автодороге Бишкек-Нарын-Торугарт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Көз жумган эркек киши 35 жашта болгон. Жабыркаган 36 жана 35 жаштагы эки адам Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районунда жол кырсыгынан бир киши көз жумуп, дагы эки киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба МЧС КРНарындын Ат-Башы районунда жол кырсыгынан бир киши көз жумуп, дагы эки киши жаракат алды.
Нарындын Ат-Башы районунда жол кырсыгынан бир киши көз жумуп, дагы эки киши жаракат алды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарындын Ат-Башы районунда жол кырсыгынан бир киши көз жумуп, дагы эки киши жаракат алды.
© Фото / пресс-служба МЧС КРКаргаша Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында катталган.
Каргаша Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында катталган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Каргаша Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында катталган.
1/2
Нарындын Ат-Башы районунда жол кырсыгынан бир киши көз жумуп, дагы эки киши жаракат алды.
2/2
Каргаша Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында катталган.

Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Корумдуда үч унаа кагышкан кырсыктан эки адам көз жумуп, сегизи ооруканага түштү
Каргаша Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында катталган. Анда Ford Mondeo унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткени айтылат.

Көз жумган Ү.Б. 35 жашта болгон. Жабыркагандар 36 жаштагы Т.Т. менен 35 жаштагы И.А. Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ага беш куткаруучу тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0