Улукбек Марипов паралимпиадачыларды кабыл алып, желек тапшырды. Сүрөт

© Фото / Пресс-служба правительства КР / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арстанбек Базаркуловго желек тапшыруу учурунда
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арстанбек Базаркуловго желек тапшыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Токиодо оюндар бир жумадан кийин старт алат. Ага ядро ыргытуу спортунан Арстанбек Базаркулов жана дзюдодон Хайитхон Хусан кызы катышат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн Паралимпиада боюнча улуттук курама командасын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

© Фото / Пресс-служба правительства КР / Алишер АлиевКоманда Паралимпийской сборной Кыргызской Республики во время встречи с председателем кабинета министров Улукбеком Мариповым
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн Паралимпиада боюнча улуттук курама командасын кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн Паралимпиада боюнча улуттук курама командасын кабыл алды
© Фото / Пресс-служба правительства КР / Алишер АлиевПредседатель Кабинета Министров Кыргызской Республики Улукбек Марипов принял команду Паралимпийской сборной Кыргызской Республики.
Марипов спортчуларга мелдешке ийгиликтүү катышып, жеңиштерге жетишин каалады - Sputnik Кыргызстан
2/3
Марипов спортчуларга мелдешке ийгиликтүү катышып, жеңиштерге жетишин каалады
© Фото / Пресс-служба правительства КР / Алишер АлиевКоманда Паралимпийской сборной Кыргызской Республики во время встречи с председателем кабинета министров Улукбеком Мариповым
Ошондой эле Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арстанбек Базаркуловго өлкө желегин тапшырган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ошондой эле Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арстанбек Базаркуловго өлкө желегин тапшырган.
1/3
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн Паралимпиада боюнча улуттук курама командасын кабыл алды
2/3
Марипов спортчуларга мелдешке ийгиликтүү катышып, жеңиштерге жетишин каалады
3/3
Ошондой эле Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арстанбек Базаркуловго өлкө желегин тапшырган.

Марипов спортчуларга мелдешке ийгиликтүү катышып, жеңиштерге жетишин каалады. Ошондой эле Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арстанбек Базаркуловго өлкө желегин тапшырган.

"Спорт адамдарды бириктирип, эрктүү кылып, бардык кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Сиздер аны мелдештерге катышып далилдедиңиздер. Алдыда боло турган Паралимпиада оюндарында бүтүндөй кыргыз эли сиздерди колдойт, ийгилик каалайбыз", — деген өкмөт башчы.

Дзюдочу кыздар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
КР тарыхында биринчи жолу көзү азиз дзюдочу кыз Паралимпиадага жолдомо алды
Эске салсак, Токиодо 24-августтан 5-сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар өтөт. Ага ядро ыргытуу спортунан Арстанбек Базаркулов жана дзюдодон Хайитхон Хусан кызы катышат.

Буга чейин Паралимпиада оюндарына катыша турган делегацияга мамлекет тарабынан форма берилбей жатканы айтылган. Тагыраагы, спортчуларга, машыктыруучуларына бир гана параддык форма берилип, мелдешке чыкканда, машыгууга, күнүмдүк шартта жана жамгырда кийгенге ылайыктуу кийим берилген эмес. Ошондой эле квота маселеси да жаралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0