Шойгу: "Талибан" чек арадан чыкпоону убадалады

© AFP / NOORULLAH SHIRZADA"Талибан" кыймылынын мүчөлөрү. Архив
Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Афганистанда өкмөттүк аскерлер менен тыюу салынган "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин ортосунда тирешүү уланып жатат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Талибан" * кыймылынын лидерлери чектеш өлкөлөргө өтпөөнү жана кол салбоону убада кылууда. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгуга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Талибан" лидерлери коңшу өлкөлөрдүн чек арасына кирүү же кол салуу боюнча эч кандай чукул аракеттерге барбай турганын айтууда", — деди ал "Территория смыслов" аталышындагы жаштар форумунда.

Эске салсак, Афганистанда өкмөттүк аскерлер менен тыюу салынган "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин ортосунда тирешүү уланып жатат. Афганистандагы абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

Талибдер 6-август күнү Афганистандын түштүк-батышындагы Зарандж шаарын, Нимроз провинциясынын борборун жана алардан башка жети провинцияны басып алышканын жар салган. Мындан тышкары, Тажикстан менен чектешкен аймактан 60 чакырым жерде жайгашкан Кундуз шаары талибдердин колуна өткөндүгү тууралуу маалымат тараган.

Афганистандагы курал менен кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Америкалыктар менен талибдерге дубай салам. Россия менен Кытайдын машыгуусу
Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар ЖМКлар Кундуз шаарынын алынышы Афганистандагы абалдын мындан дагы курчушуна себеп болушу мүмкүн деп баа берүүдө. Ошол эле учурда расмий Кабул Кундуз шаары дагы деле өз көзөмөлүндө экенин айтууда.

Ал эми 9-август күнү талибдер Кабулдан Мазари-Шариф шаарында бара жаткан стратегиялык мааниси чоң жолдогу Пули-Хумри шаарын дагы ээлеп алганын билдирген.

* – Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук топ.

Жаңылыктар түрмөгү
0