00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

KG номерлүү автоунааларга Казакстанда тыюу салынып жатабы? Түшүндүрмө

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаанын номери. Архив
Автоунаанын номери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
30-сентябрдан кийин Казакстандын салыкчылары менен жолдогу полиция кызматкерлери мөөнөтү өтүп кеткен автоунааларды текшере баштайт.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Казакстандын салыкчылары өлкөдөн 30-сентябрга чейин чыгарылып кетиши керек болгон чет элдик автоунаалар тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Tengrinews басылмасы жазды.

Казакстандын мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматы боюнча, мындай талаптын Евразия экономикалык биримдикке кирген мамлекеттерде каттоого алынган транспортторго тиешеси жок. Андыктан Россия, Кыргызстан, Армения, Беларустун номери тагылган автоунаа ээлери көлүктөрүн андан ары колдоно берсе болот.

"Казакстанда бир жылдан ашык убакыт жүргөн чет элдик автоунаалар биздин мамлекеттин аймагынан гана эмес, Россия, Кыргызстан, Армения жана Беларустан да чыгып кетиши керек. Анткени бул мамлекеттер ЕАЭБдин алкагында Бажы кодексин бекиткен. Ага ылайык, башка мамлекеттен келген автоунаалар бажы салыгы жок ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында бир жыл гана жүрө алат. Мындай унаалардын ээлери бир жылдан кийин автоунааны башка жакка чыгарып кетиши керек же ага бажы салыгын төлөөсү зарыл", — деп айтылат билдирмеде.

Маалым болгондой, пандемиядан улам дүйнө жүзү боюнча чектөөлөр киргизилип, чек арадан мурдагыдай эркин өтүүгө мүмкүн болбой калган. Ошол себептен чет элдик автоунаалардын жүрүү убактысы узартылган.

Автоунаага газ куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Бензинди кантип үнөмдөсө болот. Адистин кеңеши
"Бирок Евразия экономикалык комиссиянын кеңеши убактылуу киргизилип, бирок мөөнөтү аяктаган автоунааларды айып пулу жок 30-сентябрга чейин алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат", — деди салыкчылар.

Алар автоунааларды чыгарып кетүү талабы ЕАЭБ аймагына (Россия, Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларусь) тиешелүү экенин белгилешкен.

"Чет элдик жарандар автоунааны алып чыгып кетүү үчүн чек арадан өтүп, өлкөгө кирсе болот. Эгер алар автоунааны өз алдынча алып кете албаса, ташып жеткирүүчүлөргө кайрылышы керек", — деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, 30-сентябрдан кийин салыкчылар менен жолдогу полиция кызматкерлери мөөнөтү өтүп кеткен автоунааларды текшере баштайт. Эгер андайлар аныкталып калса, автоунаа айып короого токтотулуп, алардын ээсине чара көрүлө турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0