Олимпиададан спортчуларды тосуп алуу үчүн "Ала-Тоо" аянты жабылды. Сүрөт
Олимпиададан спортчуларды тосуп алуу үчүн "Ала-Тоо" аянты жабылды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Япониядан Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын басымдуу бөлүгү кайтып келет. "Ала-Тоо" аянтына спортчуларды тосуп алууну каалаган бардык жарандар... 07.08.2021, Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Япониядан Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын басымдуу бөлүгү кайтып келет. "Ала-Тоо" аянтына спортчуларды тосуп алууну каалаган бардык жарандар чакырылат.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Токио Олимпиадасынан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу салтанатына даярдалып жаткан борбордук "Ала-Тоо" аянты жабылды. Учурда анын тегерек-чети тосулуп, ичинде милиция кызматкерлери гана жүргөнүн көрүүгө болот.
Иш-чарага спортчуларды тосуп алууну каалаган бардык жарандар чакырылган.
Эске салсак, бүгүн Япониядан Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын басымдуу бөлүгү кайтып келет. Алардын арасында грек-рим күрөшүнөн күмүш медаль алган Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн күмүшкө жеткен Айсулуу Тыныбекова жана коло медалдуу Мээрим Жуманазарова дагы бар.
Олимпиадалык курама команданын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу иш-чара саат 13:00дө "Ала-Тоо" аянтында башталат. Иш-чарага спортчуларды тосуп алууну каалаган бардык жарандар чакырылган.