https://sputnik.kg/20210716/birikken-kurosh-uyumu-aysuluu-tynybekova-rolik-arnoo-1053236345.html
Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу Тыныбековага арнап ролик чыгарды
Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу Тыныбековага арнап ролик чыгарды
Sputnik Кыргызстан
Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу дүйнө чемпионатындагы ийгилигин Олимпиадада кайталаганга аракет кыларын белгилеген. 16.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-16T12:04+0600
2021-07-16T12:04+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
дүйнөдө
айсулуу тыныбекова
ролик
күрөш
олимпиада
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/10/1050793301_0:49:2400:1407_1920x0_80_0_0_0fd8a2288dc871534a505af112873e1c.jpg
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) Айсулуу Тыныбекованын Олимпиада оюндарына катышары тууралуу ролик чыгарды. Кыргызстандык балбан кызга арналган тасманы UWW өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган. Аталган уюм Айсулуу дүйнө чемпионатындагы ийгилигин Олимпиадада кайталаганга аракет кыларын белгилеген.Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде 62 килограмм салмакта күрөшүп чемпион болгон. Учурда ал UWW уюмунун жаңыланган рейтингинде аталган салмак боюнча биринчи сапта турат.Кыргызстандык балбан кыз акыркы жолу ушул жылдын июнь айында Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринде күрөшүп чемпион болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/10/1050793301_0:0:2400:1508_1920x0_80_0_0_02524d8a1c674a19dfded0f0e9633912.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, дүйнөдө, айсулуу тыныбекова, ролик, күрөш, олимпиада
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, дүйнөдө, айсулуу тыныбекова, ролик, күрөш, олимпиада
Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу Тыныбековага арнап ролик чыгарды
12:04 16.07.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу дүйнө чемпионатындагы ийгилигин Олимпиадада кайталаганга аракет кыларын белгилеген.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү)
Айсулуу Тыныбекованын Олимпиада оюндарына катышары тууралуу ролик чыгарды. Кыргызстандык балбан кызга арналган тасманы UWW өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.
Аталган уюм Айсулуу дүйнө чемпионатындагы ийгилигин Олимпиадада кайталаганга аракет кыларын белгилеген.
"Кыргызстанда кыздар күрөшүнөн Олимпиада оюндарында эч ким байге ала элек. Айсулуу Тыныбекова алгачкылардан болуп Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатын утуп, ысымын тарыхта калтырды. Ал ийгилигин Токио Олимпиадасында кайталоо үчүн 3-августта килемге чыгат", — деп айтылат роликке жазылган комментарийде.
Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде 62 килограмм салмакта
күрөшүп чемпион болгон.
Учурда ал UWW уюмунун жаңыланган рейтингинде аталган салмак боюнча
биринчи сапта турат.
Кыргызстандык балбан кыз акыркы жолу ушул жылдын июнь айында Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринде күрөшүп
чемпион болгон.