Селсаяктар менен иштеген Ажар: блогерликтен айына 200 миң сом табам

© Фото / Рамазан АмановTik Tok жана Instagram блогер Ажар Сатарбаева
Tik Tok жана Instagram блогер Ажар Сатарбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Жазылуу
Ажар Сатарбаева үй-жайсыз калган селсаяктарды тамактандырып, кийинтип жасандырган видеолору менен социалдык тармактарда атагы чыккан. Учурда Tik Tok жана Instagram тармагынан айына 200 миң сомдой табарын айтат.
Блогер кыз болгону 18 жашта, учурда Ош шаарында жашайт. Ал окуусун таштап блогер болууну чечкен. Жеке баракчасындагы катталуучулары миллионго жеткенде муктаж үй-бүлөгө батир белек кылуу ниети бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы селсаяктарды сулуулап таанымал болгон бийкеч менен маек курду.
— Социалдык тармакта алгач кайсы видеоңуз менен таанымал болдуңуз?
— Көчөдө кайыр сурап отурган байке менен эжени сулуулап көрсөткөн видеом элге көбүрөөк жакты окшойт. Tik Tok тармагында 2 миллион көрүүчү топтоду. Кыргызстанда эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да абдан популярдуу болуп кетти. Казакстандан да көп көрүшөт. Алардын блогерлери менен да иштешип турам. Андан сырткары, россиялык көрүүчүлөрүм да бар.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Селсаяктар менен иштешүү коркунучтуу эмеспи, туугандары көрүп калса маселе жаралбайбы?
— Чындыгында коркунучтуу, чочулайсың. Анткени алар көбүнчө спирт ичимдигин ичип алышат эмеспи. Ошондуктан дайыма жаныма оператор менен кошо досторумду да алып алам. Лөлүлөрдүн айылына барып, аларга шириндиктерди таратканда коопсуздук кызматкерлерин да чакырганбыз. Тилекке каршы, алар келе алышпай, өзүбүз эле барганга туура келген.
Бир байкени жасандырып видеосун чыгаргандан кийин "мен анын кызымын" деп бирөө коркуткан. Көчөгө чыккандан кооптонуп жүргөн күндөр да болду. Кийин ал жоголуп кетти.
Негизи ар кимди өзүнүн уруксаты менен тарткандыктан, эч кандай маселе жаралбашы керек.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Селсаяктарды видеого түшүп берүүгө кантип көндүрөсүз?
— Алдын ала ар бири менен келишип алам. "Бир эле мен эмес, башкалар да көрүп сиздерге жардамга кол сунушу керек" десем сүйүнүү менен макул болушат. Лөлүлөр менен макулдашуу мен үчүн кыйын болду. Анткени алар көп жана тили да башкача. Анан айыл башчысы менен сүйлөшүп түшүндүрүп, араң тартып келгенбиз.
— Өзүңүз эч жерде иштебесеңиз каражатты кайдан аласыз?
— Башында ата-энемден акча алып жүрдүм. Азыр баракчаларымдан тапканым өзүмө жетет.
© Фото / Рамазан АмановБлогер Ажар: хайп үчүн темалар аябай көп жана белгилүү болууга эң оңой жол. Бирок мен хайп жок эле өз эмгегим менен көтөрүлгүм келет.
Tik Tok и Instagram блогер Ажар Сатарбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Блогер Ажар: хайп үчүн темалар аябай көп жана белгилүү болууга эң оңой жол. Бирок мен хайп жок эле өз эмгегим менен көтөрүлгүм келет.
— Эмне себептен үй-жайсыз адамдар менен иштөөнү чечтиңиз?
— Алар жөнөкөй эле тамак-ашты көргөндө, жегенде чоң нерсе бергендей көзүнө жаш келип, аябай кубанышат. Биз барктай албаган нерсеге ушунчалык сүйүнгөнү мага жагымдуу эмоцияларды жаратат. Эгер дагы чоңураак нерсе тартууласа, кандай абалда болушары мага кызык. Ошон үчүн да жардам берүүгө ынтызар болуп турам.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Сиз кийиндирип, тамактандыргандан кийин аракет кылып өзгөргөндөрү болдубу?
— Кээде аларды көчөдөн көрүп калам. Бир ирет эле жакшы тамактантып, кийиндирип коюу менен өзгөртүү кыйын. Аларга көп адам бир нече жолу көмөктөшүшү керек. Азырынча бирөөсү менен жашоосу өзгөргөнгө чейин алектене элекмин. Буюрса, андай да планым бар.
— Муну хайп үчүн эле тартат дегендерге кандай жооп берер элеңиз?
— Эгерде хайп үчүн тартсам, менин катталуучуларым мындан бир топ эле көп болмок. Анткени хайп үчүн темалар аябай көп жана белгилүү болууга эң оңой жол. Хайп элдин жинине тийген, ызы-чуу жарата турчу нерсе. Ага эмгек кылып деле кереги жок. Мен хайп жок эле өз эмгегим менен жакшы контенттерди, ар кандай идеяларды жаратуу менен көтөрүлгүм келет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Tik Tok менен Instagram тармагынан кантип канча каражат табасыз?
— "Иштесең, тиштейсиң" дегендей эле эмгегиңе жараша каражат табасың. Мен 24 саат убактымды ушул нерсе менен өткөрөм десем болот. Эң негизгиси, жакшы видеолордун артынан көрүүчүлөрдү топтоп, жарнама жүктөп, гив уюштуруп жана башка жолдор менен каражат табам. Таң атканча уктабай идеяларды ойлоп, пландаштырып чыккан күндөрүм болот. Кээде жумалап бир контенттин артынан чуркайм. Эс алууга барамбы же башка жаккабы, сөзсүз видео тартып баракчама киргизем. Жадагалса үйгө конок келип бошой албай жатсам да убакыт таап, "сториске" бир нерсе бөлүшөм. Ошолордун натыйжасында айына орто эсеп менен 200 миң сомдой каражат табам.
— Кандай контенттердин үстүндө иштейсиз? Аудиторияңыз үчүн жоопкерчиликти сезесизби?
— Албетте, өзүмө жаккан, ошол эле учурда элге пайдасы бар видеолорду жарыялагым келет. Көбүнчө коопсуздук маселесин да чагылдырган, аялдардын укугун коргоо боюнча видеолорду тартам. Эч качан туура эмес багытка үндөгөн видео жарыялабайм. Аудиторияма жоопкерчиликтүү мамиле жасайм. Мени менен иштешкендер да жоопкерчиликсиз мамиле жасашса уруша кетем.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Блогерликти кесип катары кабыл аласызбы?
— Менден сурагандарга кесибим блогер деп жооп берем. Башка кесиптердей эле бул тармакка да кызыгасың, өз алдыңча изилдейсиң, тажрыйба топтойсуң. Кээде моралдык жактан чарчап, энергия кетирип негативдерге чыдашың керек болот. Ошондо натыйжа чыгат. Негизи эле 15 секундалык видео тартып чыгарыш да оңой-олтоң иш эмес. Башка блогерлердин негизги кесиби бөлөк, блогерликти кошумча жумуш катары гана кабыл алышат. Мен баарын таштап, атайын ушул тармакта иштейм деп бел байлагам. Мурда бизнес-менеджмент адистигине окуп жаткам, аны сырттан окууга которум салдым. Башында ата-энем каршы болду, аларды да ынандырдым.
© Фото / Рамазан АмановБлогер Ажар: Чындыгында 18 жашка чыккандан баштап баракчама жазган жигиттердин саны арбыды.
Tik Tok и Instagram блогер Ажар Сатарбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Блогер Ажар: Чындыгында 18 жашка чыккандан баштап баракчама жазган жигиттердин саны арбыды.
— Ата-энеңиз кантип макул болушту, дегеле алар эмне менен алектенишет?
— Башында аябай эле каршы болушкан. "Баарын жыйыштыр, андан көрө сага өзүбүз башка бизнес ачып берели" деп да жүрүштү. Мага ушул жумушум жагат, өзүм иштеп каражат табам деп көгөрүп туруп алдым. Азыр бир аз түшүнүп калышты, туура эмесин айтып, идеяларын да сунуштап калышат. Алар бизнес менен алек. Ош шаарындагы магазиндерге товар берип иштешет. Мен үйдө улуусумун, эки иним мектеп окуучулары.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ажар 🦄 (@ajara_alisherovna)

— Жаш, сулуу кыздардын артынан чуркаган жигиттер көп болот эмеспи. Жеке жашооңуз тууралуу сурабай койсок окурмандар бизди кечирбейт болуш керек.
— Чындыгында 18 жашка чыккандан баштап баракчама жазган жигиттердин саны арбыды. Аларды такыр ачып окубайм, аябай көп, кантип жетишмек элем (күлүп). Менин кыялымдагы жигит адекваттуу, маданияттуу, максатын так билген жана аракетчил болушу керек. Азыр андай мырзага жолуктум же кезиге элекмин деп айта албайм. Жеке жашоо жеке бойдон калсын дейли...
Жаңылыктар түрмөгү
0