Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулаган беш жаштагы бөбөк чарчап калды

© Photo / Pexels / Juan Pablo Serrano ArenasСлучаи падения детей из окон многоэтажных домов
Случаи падения детей из окон многоэтажных домов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Милицияга Саякбай Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн баланын кулап кеткени туурасында кабар түшкөн.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Борбор калаада беш жаштагы бала көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөндүгү боюнча маалыматты Октябрь райондук милициясынан тастыкташты.
Окуя кечээ, 28-июнда, Бишкек шаарында болгон. Милицияга Саякбай Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн баланын кулап кеткени туурасында кабар түшкөн.
"Кырсык болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, 2016-жылы туулган бала 11-кабаттын терезесинен учуп түшкөндүгүн аныкташкан. Тез жардам келип, наристе жандандыруу бөлүмүнөн бүгүн каза болуп калган", — деп билдиришти милициядан.
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0