https://sputnik.kg/20210628/tartysh-bolup-zhatkan-suu-limitten-chygyp-ketken-1053026854.html
Чүйдүн суу чарба жетекчилигине чара көрүлмөй болду. Жунушалиев канал кыдырды
Чүйдүн суу чарба жетекчилигине чара көрүлмөй болду. Жунушалиев канал кыдырды
Sputnik Кыргызстан
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине кемчиликтерди кетирген облустук суу чарба жетекчисине чара көрүү тапшырылган. 28.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-28T15:53+0600
2021-06-28T15:53+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
чүй облусу
сугат
суу
текшерүү
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0b/1052825669_0:296:3073:2024_1920x0_80_0_0_20dafe12ebc0ee446ae6cc0b63704709.jpg
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Чүй облусунун дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо боюнча абалды билүү максатында Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) нугун кыдырып, суу постторунда суу лимиттен чыккан бир топ фактыларды аныктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.Жунушалиев адистер менен биргеликте Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) нугун кыдырганда Панфилов, Жайыл жана Москва районунун тургундары менен жолуккан.Натыйжада, суу постторунда суунун бекитилген лимитин калыбына келтирүү боюнча ыкчам чаралар кабыл алынган. Маалыматта мындан улам Чүй облусунун Панфилов районуна дейре суунун тийиштүү көлөмүн жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондугу жазылган.Аталган факты боюнча айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине жогорудагы кемчиликтерди кетирген жетекчилерге чара көрүү тапшырылган. Министрге Чүй облусунун мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын жетекчисин кызмат ордунан бошотууга чейинки жоопкерчилигин кароо, Чүй облусунун бардык райондук суу чарба башкармалыктарынын башчыларына ротация жүргүзүү тапшырмасы берилген.
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0b/1052825669_91:0:2822:2048_1920x0_80_0_0_fde0806a9193243196c895490c17cb1b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, чүй облусу, сугат, суу, текшерүү
жаңылыктар, коом, кыргызстан, чүй облусу, сугат, суу, текшерүү
Чүйдүн суу чарба жетекчилигине чара көрүлмөй болду. Жунушалиев канал кыдырды
15:53 28.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине кемчиликтерди кетирген облустук суу чарба жетекчисине чара көрүү тапшырылган.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Чүй облусунун дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо боюнча абалды билүү максатында Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) нугун кыдырып, суу постторунда суу лимиттен чыккан бир топ фактыларды аныктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жунушалиев адистер менен биргеликте Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) нугун кыдырганда Панфилов, Жайыл жана Москва районунун тургундары менен жолуккан.
"Сапар учурунда айрым суу постторунда суу лимиттен чыгып кеткен көп фактылар аныкталды, бул суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өз милдетин тийиштүү аткарбай жаткандыгынын далили", — деп айтылган маалыматта.
Натыйжада, суу постторунда суунун бекитилген лимитин калыбына келтирүү боюнча ыкчам чаралар кабыл алынган. Маалыматта мындан улам Чүй облусунун Панфилов районуна дейре суунун тийиштүү көлөмүн жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондугу жазылган.
Аталган факты боюнча айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине жогорудагы кемчиликтерди кетирген жетекчилерге чара көрүү тапшырылган. Министрге Чүй облусунун мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын жетекчисин кызмат ордунан бошотууга чейинки жоопкерчилигин кароо, Чүй облусунун бардык райондук суу чарба башкармалыктарынын башчыларына ротация жүргүзүү тапшырмасы берилген.