Кыздары кыйын кыргыздын! Лифт чыгарууга киришкен Рахаттын баяны

© Фото / Валерия ВартановаЛифт чыгаруу боюнча көп тармактуу заводдун түптөөчүсү, "Кыргыз лифт ассоциациясы" коомдук бирикменин президенти Рахат Жунушбаева
Лифт чыгаруу боюнча көп тармактуу заводдун түптөөчүсү, Кыргыз лифт ассоциациясы коомдук бирикменин президенти Рахат Жунушбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Жакында Кыргызстан алгачкы лифттерин чыгара баштайт. Буга өзгөчө бизнес жолун тандаган Рахат Жунушбаеванын салымы чоң.
Кыргызстандык кыз жабдыктарды, анын ичинде лифт чыгаруу боюнча көп тармактуу заводдун түптөөчүсү, "Кыргыз лифт ассоциациясы" коомдук бирикмесинин президенттигин аркалайт. Ал өз баянын Sputnik Кыргызстанга айтып берди.
— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
— Ысык-Көлдө төрөлүп-өскөм, Бөкөнбаев айылындагы мектепти алтын медаль менен аяктагам. Ушул артыкчылык жогорку окуу жайга сынаксыз өтүшүмө мүмкүндүк берди. Бишкек гуманитардык университетин, ошол маалда популярдуу болуп турган чыгыш таануу факультетин тандап алгам. Корей тилин өздөштүрдүм, дал ушул тандоом тагдыр чечерлик болду.
Университетти аяктаган соң ишим да корей тилине байланыштуу болду, азыркыга дейре ошол тейде келет. Башта котормочу болдум, кийин чакан бизнес ачтым. Бирок оңой эмес экен, алгачкы аракет менен эле өзүңдү өнүктүрө алчу тармакты табыш татаал тура. Эмне менен гана алектенбедим! Косметика дүкөнүн иштеттим, майда курулуш бизнесинин да, консалтингдин да "даамын таттым". Баштаган иштеримдин баары ийгиликтүү болбоду. Үй-бүлөбүз менен таптакыр каражатсыз калган учурлар болду, анткени бизнесим дайым эле мен күткөндөй киреше алып келбеди.
Аракет, жаңылыштыктар менен коштолгон жолум он чакты жылга созулду, кийин тармакты тандоого олуттуу карай баштадым. Чындап ийгиликтүү долбоор баштагым келди. Бул багыттагы алгачкы кадамдарды 2010-жылдар аралыгында жасадым. Оңдой берди болуп, бир жагынан мэрия лифттерди алмаштыруу боюнча тендер жарыялап, экинчи жагынан лифт жабдууларын чыгарган жана өз өндүрүмдөрүн биздин рынокко сунуштоону каалаган кореялык ишкерлер кайрылып калды.
Сотрудница лаборатории в Германии Айтурган Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2021
Европада ийгилик жараткан 23 жаштагы кыргызстандык Айтургандын баяны
Алар мени котормочу гана эмес, өздөрүнүн өнөктөшү катары да көрүштү. Ошентип биргеликте иштей баштадык. Албетте, гуманитарий болгонум үчүн техникалык кылдаттыктардын көптүгүнөн башым айланган. Акыры, лифт — сен ташып келип, унуткара турган товар эмес. Бул – сен жоопкерчилигин аягына чейин ала турган татаал жабдуу. Товар менен камсыз кылгандардын далайы менен иштешкендиктен кайсы бир убакта ири ишкананы издеш керектигин аңдадым.
Ошол тушта биздин рынокто кореялык жабдууларга талап күч эле, ал эми Кореяда бул тармакта дээрлик монополист саналган компания бар. Биз ошол ишканага токтолуп, кат жолдодук. Бирок жообу жок. Көрсө, бул оңой-олтоң эмес экен да: узакка созулган бир топ сүйлөшүүлөрдөн кийин алар бизге жабдык берүүгө макул болушту. Компания Кыргызстанда сатык жакшы болорун ойлобоптур, кантсе да ошол эле Кытайга салыштырмалуу биздин рынок кичине эмеспи.
Бирок сатуу көлөмү кореялык тарапты таң калтырды, биздин көрсөткүчтөр алар күткөндөн көп болду. 2013-2014-жылдардын аралыгында эле Кыргызстанда курулуш тармагы кызуу өнүгүп, компаниялар сапаттуу лифт жабдыгына зарыгып турган.
© Sputnik / Бегайым КасымбековаЖакында Кыргызстан алгачкы лифттерин чыгара баштайт. Буга өзгөчө бизнес жолун тандаган Рахат Жунушбаеванын салымы чоң
Учредитель многоотраслевого завода по производству лифтового оборудования Рахат Жунушбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жакында Кыргызстан алгачкы лифттерин чыгара баштайт. Буга өзгөчө бизнес жолун тандаган Рахат Жунушбаеванын салымы чоң
— Кыргызстанда лифт чыгаруучу завод куруу демилгеси кандайча жаралды?
— Көп деле убакыт боло элек, үч-төрт жыл мурун ушундай чечимге келдим. Кытай жана Кореядагы көп заводдорду көрүп чыккан соң бул туурасында олуттуу түрдө ойлоно баштагам. Биз да лифт жабдууларын чыгара алабыз, себеби бул биздин өлкөгө пайдалуу эмеспи дедим.
Биринчиден, бул иште логистикага оголе көп акча сарпталат, андан улам лифттердин да, курулуш объектилеринин, сатыкка коюлган турак жайдын да наркы өсөт. Экинчиден, биз чек аралардан абдан көз карандыбыз. Биздин жабдуулар жабык чек арадан өтө албай туруп калган учурлар канча ирет болду дейсиз. Үчүнчүдөн, 40 тонналык бир контейнерге көп деле лифт жүктөй албайсың. Мындай көлөмдүү жабдууну ташуу – оңой-олтоң иш эмес.
Ишкер Марат Зарыпбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2021
Акчасы жок жигитмин, бирок 8 млн. долларга комбинат куруудамын... Мараттын маеги
Ошентип өз өндүрүшүбүздү эмне үчүн ачууга болбосун деген ойго келдик. Албетте, каражатыбыз жок эле, ошондуктан бизнес-планыбызды көтөрүп банктардын каалгасын каккылап жүрдүк. Башында бизге ишенбей, Кыргызстанда машина курууга болобу дешти. Себеби лифт да – машина эмеспи. Албетте, мындай долбоорго аз сумма талап кылынбады. Анан да лифт куруучу заводго кошумча инфраструктуралык объектилер, атап айтканда, шоурум, тесттик мунара, лаборатория зарыл эле...
Ишенбегендерине карабай, кол куушурбадык. Акыры банктар жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду демилгебизди колдоого алды. Аталган фонд 800 миң доллар бөлүп, долбоордун белгилүү бир бөлүгүн каржылаган. Каражат ишкананы курууга жана жабдуу сатып алууга жумшалды.
— Айныткандар арбын болдубу?
— Көздөгөнүмдөн бир мүнөт да тайсалдаган жокмун. Бирок оюмдан кайтарууну каалагандар азыр деле көп! Адамдар долбоордун ишке ашарынан шек санап, ишенбөөчүлүк менен карашат. "Не кереги бар сага мунун? Лифтти ташып келип эле сатып, жыргап жашай берсең болот да!" дегендер четтен чыгат. Анткен менен моюн сунбайбыз, бул менин жана командамдын ишеничи.
Башкысы, 12 жыл ичинде мындай долбоор Кыргызстанга зарыл экенине ынандым. Биздин өлкөдө бул биринчи лифт куруучу завод, Орто Азияда алгачкылардан, КМШ аймагында да мындай ишканалар аз.
Бизде курулуш кызуу өнүгүп, турак жайга болгон суроо-талап да өстү. Ички рынокко гана эмес, келечекте жабдууну коңшу өлкөлөргө да экспорттоону, андан ары географияны кеңейтүүнү пландайбыз.
© Фото / Валерия ВартановаЖунушбаева: биздин лифттер жергиликтүү ишканаларга 30 пайызга чейин арзан түшөт. Бул автоматтык түрдө сатылган батирлердин наркына чагылат
Учредитель многоотраслевого завода по производству лифтового оборудования Рахат Жунушбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жунушбаева: биздин лифттер жергиликтүү ишканаларга 30 пайызга чейин арзан түшөт. Бул автоматтык түрдө сатылган батирлердин наркына чагылат
— Долбоор ушул тапта кайсы баскычта?
— 2020-жылы ишке киргизүүнү көздөп, заводдун курулушун 2019-жылы баштаган элек. Бирок пандемиядан улам ишкананы ишке берүүнү жылдырууга аргасыз болдук. Жабдууларыбыз чек арада туруп калды, дээрлик бир жыл алардын келишин күттүк. Азыр курулуш аяктап калды, жакында заводдун ачылышы болот. Алгачкы өндүрүмдү быйыл сентябрда алабыз деп болжоп турабыз. Лифт жабдуулары — дайым алдын ала сатылат, ошондуктан колубузда эбак түзүлгөн келишимдер бар. Завод үчүн жабдууну коюп жатканыбызда өзүбүздү лифт чыгаруу менен гана чектеген жокпуз. Албетте, бул багыт негизги болмокчу, бирок биз бул тармактагы: авто токтотуучу тутумдар, зооттолгон каалгалар, курулуштук мачта көтөргүчтөрүн, ашкана жабдууларын (маселен, газ плитасы же конвекторлор) да жасамакчыбыз. Бул өндүрүштөр баскыч-баскычы менен ишке ашырылмакчы. Заводдун өндүрүш аянты 20 миң чарчы метрди түзөт. Бардык баскычтар толук ишке киргизилгенде ишканада 1000ге чукул жумуш орду түзүлөт.
— Кыргызстанда лифт чыгаруу тармагындагы адистер анчалык деле көп болбосо керек...
Канададагы англис тили мугалими Айдина Черикова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2021
Канададагы англис тили мугалими Айдина: кымбат кийинип дүкөндүн алдын шыпыргандар көп
— Бул чөйрөгө жаңыдан аралашканымда лифт тармагындагы адистер кескин тартыш экенине күбө болдум. Кеп конструкторлор жөнүндө да эмес, кадимки эле монтажчылар жана тейлөөчү персонал туурасында. Казакстан, Кореядан адистер бизге, биздин жумушчулар да чет өлкөгө учуп, тренингдерге катышып келишти. Завод куруу демилгесин ишке ашырууда корей жана кытай адистерине кайрылдык. Алар менен ишканада пайдаланыла турган технологияларды чогуу иштеп чыктык.
— Долбоор өзүн-өзү акташына канча мезгил керектелет?
— Соода же тейлөөгө караганда өндүрүшкө алда канча узак убакыт зарыл. Беш жылдан кийин өзүн-өзү актайт деп турабыз.
© Sputnik / Бегайым КасымбековаЖунушбаева: банктар жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду демилгебизди колдоого алды. Аталган фонд 800 миң доллар бөлүп, долбоордун белгилүү бир бөлүгүн каржылаган
Учредитель многоотраслевого завода по производству лифтового оборудования Рахат Жунушбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жунушбаева: банктар жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду демилгебизди колдоого алды. Аталган фонд 800 миң доллар бөлүп, долбоордун белгилүү бир бөлүгүн каржылаган
— Жергиликтүү өндүрүштөгү лифт импорттук жабдуудан канчалык арзан?
— Биздин лифттер жергиликтүү ишканаларга 30 пайызга чейин арзан түшөт. Бул автоматтык түрдө сатылган батирлердин наркына чагылат. Мындай долбоор аркылуу калкыбыз жеткиликтүү турак жай менен камсыз болушуна да салым кошо алабыз деп үмүттөнөм.
— Акыркы убактарда кыргызстандыктар экологиябызга көп түйшөлүүдө. Лифт чыгаруучу завод – оор өнөр жай эмеспи. Анын иши айлана-чөйрөгө таасир этпейби?
— Завод экологияга зыян келтирбейт, технологиялар өндүрүш дээрлик калдыксыз иш алпаргыдай иштелип чыккан.
— Кыргызстандыктардын баары эле жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого даяр эмес. Көпчүлүк импорттук жабдууну тандап, жергиликтүү өндүрүмдөрдүн сапатынан шек санайт. Айрыкча мындай көрүнүш оор өнөр жайга тиешелүү. Кыргызстандыктардын ишенимине кирүү үчүн кантип күрөшөсүз?
— Чындыгында ушундай маселе бар. Тамак-аш жана жеңил өнөр жай жаатында калктын купулуна толо алганыбыз менен биздин тармакта абал бөлөк. "Кыргызстандык оор өнөр жай" дегенге адамдар эрксизден шек менен карайт. Анткен менен бул жагдайды жеңип чыгарыбызга ишенем. Кантсе да баарын башынан баштап турган жерибиз жок, рынокто бизди көптөн бери билишет.
Акыры биз лифт сатуу менен гана эмес, рынокто өмүр бою бул жабдуу боюнча тейлөө менен алекпиз. Болгондо да бул – чейрек кылым.
Биз өз өндүрүмүбүзгө кепилдик берип, жоопкерчилигин алабыз, ошондуктан мындай жаңылыш көз караш — утурумдук иш.
Жаңылыктар түрмөгү
0