00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:11
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаровду актаган экс-судья жаңы кызматка дайындалды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Медербек Сатыев
Президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Медербек Сатыев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Буга чейин бул кызматта Замирбек Базарбеков болчу. Бирок ал кечээ, 2-июнда, Жогорку Кеңеш тарабынан Жогорку соттун судьясы болуп бекитилди.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Медербек Сатыев президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. 
Буга чейин бул кызматта Замирбек Базарбеков болчу. Бирок ал кечээ, 2-июнда, Жогорку Кеңеш тарабынан Жогорку соттун судьясы болуп бекитилди. Базарбеков убагында Садыр Жапаровдун адвокаты болгон.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору алмашты
Медербек Сатыев 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. Ал жана экинчи судья Курманкул Зулушев бийликти күч менен басып алууга аракет жасады деп айыпталган, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган. Кийинчерээк эки судья тең "кылмыш ишин кароодо Кылмыш-процессуалдык кодексин бузган" деп иштен алынган.
Эске салсак, 2012-жылдын 3-октябрында оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын депутаттары "Ала-Тоо" аянтында Кумтөр алтын кени боюнча митинг өткөрүшкөн. Анда Ташиев Ак үйдүн дарбазасынан секирип өтүүгө аракет жасаган. Натыйжада Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров бийликти күч менен басып алууга аракет жасады деп шектелишкен. 2013-жылы райондук сот саясатчыларды айыптуу деп тапса, шаардык сот актаган. Бирок кийин Жогорку сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Ошол эле учурда соттолуучулар СИЗОдо отурган убакыт эске алынып, жаза аткарылды деп эсептелген.
Жаңылыктар түрмөгү
0