https://sputnik.kg/20210530/bir-zhumaga-karata-aba-yrajy-1052658529.html
Күндүн табы канчага көтөрүлөт? Жайдын алгачкы жумасына карата аба ырайы
Күндүн табы канчага көтөрүлөт? Жайдын алгачкы жумасына карата аба ырайы
Sputnik Кыргызстан
Жуманын башында өлкөнүн бардык аймактарында жаан жаабайт, ал эми аягында абанын температурасы бир аз төмөндөйт. 30.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-30T10:32+0600
2021-05-30T10:32+0600
2021-12-15T22:54+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
аба ырайы
кыргызгидромет
апта
жамгыр
https://sputnik.kg/img/104017/69/1040176963_0:632:6016:4016_1920x0_80_0_0_95326da4ddfa5f633eb34230f8a7f7ad.jpg
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.Ага ылайык, жума ичинде борбор калаада күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.Чүй облусуДүйшөмбү, шейшемби күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми шаршемби, бейшембиде тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.Талас облусуБул аймакта апта ичинде катуу жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым райондордо өткүн өтүп, дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт.Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарыӨлкөнүн түштүк региондорунда дагы бул жумада күн ачык болот. Кээ бир жерлерде гана өткүн өтүп, жамгыр себелейт.Ысык-Көл жана Нарын облустарында дагы башка дубандар сыяктуу жаан-чачын болбойт.4-5-июнга карата аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу4-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.5-июнда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
https://sputnik.kg/20210529/okumushtuular-eerigen-mongu-symap-daryya-kuyuluu-izildoo-1052654494.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104017/69/1040176963_661:0:6016:4016_1920x0_80_0_0_5d92856a67ddd9e5e3eacede4d866c3f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, аба ырайы, кыргызгидромет, апта, жамгыр
жаңылыктар, коом, кыргызстан, аба ырайы, кыргызгидромет, апта, жамгыр
Күндүн табы канчага көтөрүлөт? Жайдын алгачкы жумасына карата аба ырайы
10:32 30.05.2021 (Жаңыртылды: 22:54 15.12.2021) Жуманын башында өлкөнүн бардык аймактарында жаан жаабайт, ал эми аягында абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, жума ичинде борбор калаада күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми шаршемби, бейшембиде тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Бул аймакта апта ичинде катуу жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым райондордо өткүн өтүп, дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Өлкөнүн түштүк региондорунда дагы бул жумада күн ачык болот. Кээ бир жерлерде гана өткүн өтүп, жамгыр себелейт.
Ысык-Көл жана Нарын облустарында дагы башка дубандар сыяктуу жаан-чачын болбойт.
4-5-июнга карата аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу
4-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
5-июнда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.