Түркиядагы пилот Элнура Ураимова: учактын рулуна отурарым менен баары өзгөрдү

© Фото / Шурубу КайханПилот Элнура Ураимова
Пилот Элнура Ураимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Кыргызстандык Элнура Ураимова Түркиянын Стамбул шаарында жашайт. Ал жакында эле учкучтун окуусун бүтүрдү. Учурда авиакомпаниялардан жооп күтүп жатканын айткан Элнура кыздарга бул кесипти аркалоо бир аз кыйынга турарын жашырган жок.
Элнура Ураимованын Кыргызстандан кеткенине 12 жыл болду. Учкучтук анын экинчи кесиби. Алгач коомчулук менен байланыш жана реклама жаатында билим алган. Кадимки айылдык кыз Элнура учкуч болуу кыялына кантип жеткенин, бул кесиптин кыйынчылыгы менен ырахатын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.
— Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
— Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылында 1990-жылы 13-июнда туулгам. Ата-энем экөө тең мугалим, үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Балалыгым ошол жакта өткөн. Мектепти аяктагандан кийин эле Түркияга окууга тапшыруу үчүн келип, жашап калдым. Учурда Стамбул шаарындамын. Учкучтун окуусун бүттүм. Азыр англис тилинен тест тапшырып, түрдүү компанияларга өтүнмөлөрдү жөнөтүп, жооп күтүп жатам. 
© Фото / Шурубу КайханЭлнура Ураимованын Кыргызстандан кеткенине 12 жыл болду. Учкучтук анын экинчи кесиби. Алгач коомчулук менен байланыш жана реклама жаатында билим алган
Пилот Элнура Ураимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Элнура Ураимованын Кыргызстандан кеткенине 12 жыл болду. Учкучтук анын экинчи кесиби. Алгач коомчулук менен байланыш жана реклама жаатында билим алган
— Жөнөкөй эле айылдык кызда учкуч болуу кыялы эмнеден улам пайда болгон?
— Бала чагымдан бери эле ар кандай техникага, машиналарга, самолётторго кызыга берчүмүн. Түркияда жашаган эң кичүү таежемдин күйөөсү аскер учкучу болуп иштейт. Аны ээрчип экскурсияларга, авиацияга байланыштуу жарманкелерге, тарыхый жерлерге көп бардым. Ошентип кызыгуум артып, учкуч болуу кыялы пайда болгон. Албетте, көп ойлондум. Реклама багытында окуп жүргөндө "учкуч боло аламбы?", "кыз балага туура келеби?" деп жүрдүм. Бирок азыр мына учкучтун окуусун бүтүрүп, ал тургай учуп да жүрөм.
— Коомдо аялдарга карата ар кандай стереотиптер айтылып келет эмеспи. Кыз кишиге учкуч болуу канчалык кыйын?
Сотрудница лаборатории в Германии Айтурган Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2021
Европада ийгилик жараткан 23 жаштагы кыргызстандык Айтургандын баяны
— Баарыбыз эле адамбыз да. Бирок менин жеке пикиримде, эркек киши машина айдаганга, ар кандай техниканы колдонуп, оңдогонго эптүүрөөк келет, ал эми кыздар табиятынан бир аз назик келет. Ошондуктан бул жагынан алганда кыздарга учкуч болуу эркектерге караганда кыйыныраак деп эсептейм. Мисалы, биз бул жакта окуп, практика кылабыз да. Анан баарыбыз самолётко алгач отуруп көрүп, кийин башкарганга өтөбүз. Ошондо эле билинет, кээ бир кыздар өтө назик болуп, бир нерсени катуураак кыймылдатып, кармагандан коркушат. Мен үчүн андай деле оор эч нерсе болгон жок, балким аябай берилип, кызыкканым үчүндүр, сабактарымды да жакшы окудум, практикада да өзүмдү жакшы көрсөтө алдым десем болот.
Алгач бизди үйрөтүш үчүн кичинекей самолётторго отургузушат. Аларды абада башкарыш оорураак, анткени аба ырайынан толук көз каранды болосуң, шамал кайда айдаса ошол жакка ооп да кетесиң. Башында ушундан кыйналдым. Бирок бул жагынан эркек группалаштарым деле кыйналып жүрүштү. Башка учурларда мага кыйынчылык сезилген деле жок. 
© Фото / Шурубу КайханЭлнура Ураимова: эркек киши машина айдаганга, ар кандай техниканы колдонуп, оңдогонго эптүүрөөк келет, ал эми кыздар табиятынан бир аз назик келет. Ошондуктан бул жагынан алганда кыздарга учкуч болуу эркектерге караганда кыйыныраак деп эсептейм
Пилот Элнура Ураимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Элнура Ураимова: эркек киши машина айдаганга, ар кандай техниканы колдонуп, оңдогонго эптүүрөөк келет, ал эми кыздар табиятынан бир аз назик келет. Ошондуктан бул жагынан алганда кыздарга учкуч болуу эркектерге караганда кыйыныраак деп эсептейм
— Учкучтун окуусуна тапшырып, ага өткөн да кыйын болсо керек. Окууга кантип өттүңүз эле? Эмнелерге көңүл буруу керек же өзгөчө талаптары барбы?
Инженер-программист Болот Калил уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Ат-Башыда жүрүп Англияда IT-компания ачкан Болот. Программист менен маек
— Ооба, кыйын. Экзамендери абдан оор, 100 баллдан жок дегенде 75ин сөзсүз алышың керек. Математика, география, физика сыяктуу предметтерден сырткары англис тилин абдан жакшы билүү шарт. Дене-кардың соо болуп, саламаттыгың бекем, бийиктиктен коркпогон, учканда жүрөгүң айланбагандай болушуң керек. Учуп баштагандан кийин бизди ар алты ай сайын медициналык текшерүүдөн өткөрүп турушат. Көзүбүз жакшы көрөбү, жүрөк жакшы иштеп жатабы деп көзөмөлдөшөт. Булардын баарынан сырткары, адамда биринчи, экинчи, үчүнчү сезимдер болот го. Мисалы, конуу тилкесинин ортосуна конуу керек, аны көз менен так өлчөө мүмкүн эмес, өзүң сезишиң керек. Ошондой сезүү өзгөчөлүктөрүңө да көңүл бурулат. Бул абдан маанилүү.
— Алгач ирет асманга көтөрүлгөнүңүз эсиңиздеби? Кандай сезимдерге бөлөндүңүз?
— Ооба, эсимде, аны эч качан унутууга болбойт го. Баратканда түшүмдө жүргөндөй болуп, ишене албай катуу толкундангам. Алгач самолёттун дөңгөлөгү жерден көтөрүлгөндө аябай башкача сезимдер болду, дене-боюм дүркүрөп, сүйүнүп отурдум. Анан агай: "Рулду өзүң ал эми!" — деди. Рулду колго алып учуп баратам. Дагы эле ушунун баары өңүмдө болуп жатканына ишенбей бараттым. Бирок ошол эле маалда кесибиме карата жоопкерчилигим артты. Себеби өзүмдүн гана эмес, кийин чоң экипаж болгондо артымдагы 100-200 кишинин коопсуздугуна, ыңгайлуу жана жагымдуу учушуна толук өзүм жооптуу болорума көзүм жетти. Ошондон кийин сабактарымды мурдагыдан да жакшы окуп баштадым. Анткени бул кесипке сүйүүм да, жоопкерчилигим да көбөйдү. 
© Фото / Шурубу КайханЭлнура Ураимова: бул окууга тапшыруу кыйын. Экзамендери абдан оор, 100 баллдан жок дегенде 75ин сөзсүз алышың керек. Математика, география, физика сыяктуу предметтерден сырткары англис тилин абдан жакшы билүү шарт
Пилот Элнура Ураимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Элнура Ураимова: бул окууга тапшыруу кыйын. Экзамендери абдан оор, 100 баллдан жок дегенде 75ин сөзсүз алышың керек. Математика, география, физика сыяктуу предметтерден сырткары англис тилин абдан жакшы билүү шарт
 — Учкуч болууну каалагандарга эмне сунуш айтасыз?
— Негизи учкуч болуп, асманда учуп жүрүүнүн өзү сонун сезим. Андан сырткары, дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнө барып, ар кандай маданият, ар кандай улуттагы элдер, тарыхый жерлер менен таанышуу дагы керемет. Мени учкуч болууга тарткан дагы бир себеп ушул. Дүйнө кыдырсаң ой жүгүртүүң, көз карашың өзгөрөт эмеспи, башка жакка барып келгенден кийин өзүңдүн өлкөңө дагы башкача мамиле жасап каласың. Бирок ырахатын көрүү үчүн ошончолук аракет да кылуу керек. Сөзсүз түрдө жакшы окуу, тынбай аракеттенүү маанилүү.
Повар в японском ресторане Асылбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2018
Япониядагы ашпозчу Асылбек: айына 3500 долларга чейин айлык алам
Учкуч болуу үчүн милдеттүү түрдө коюлуучу шарттар бар. Мисалы, чың ден соолук, бир убакта бир канча нерсеге концентрация ала билүү өнөрү жана жогоруда айтылгандай бийиктиктен коркпогон, көңүл айланбагандай болуш керек. Адам ушунун баарына ээ болсо талыкпаган эмгек сөзсүз жыйынтыкка жеткирет. Максатты так коюп, ага жетүүнүн жолдорун иштеп чыгып алгыла да эмгектене бергиле.
Менин эң изги тилегим — Кыргызстанда билимдүү жаштар көбөйсө дейм. Кызбы, эркекпи, маанилүү эмес, башкысы көп окуган, аракетчил, дүйнөнү түрө кыдырган, ой чабыты кенен адамдар көп болсо, мамлекетибиз сөзсүз өнүгөт да. 
© Фото / Шурубу КайханЭлнура Ураимова: менин эң изги тилегим — Кыргызстанда билимдүү жаштар көбөйсө дейм. Кызбы, эркекпи, маанилүү эмес, башкысы көп окуган, аракетчил, дүйнөнү түрө кыдырган, ой чабыты кенен адамдар көп болсо, мамлекетибиз сөзсүз өнүгөт
Пилот Элнура Ураимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Элнура Ураимова: менин эң изги тилегим — Кыргызстанда билимдүү жаштар көбөйсө дейм. Кызбы, эркекпи, маанилүү эмес, башкысы көп окуган, аракетчил, дүйнөнү түрө кыдырган, ой чабыты кенен адамдар көп болсо, мамлекетибиз сөзсүз өнүгөт
— Кыргызстанга кайтып келесизби?
— Албетте, барам. Өзүмдүн жеримде, өзүмдүн топурагыма кантип кайтып барбай коёюн? Кыргызстандын абасында, тоолорунун үстүнөн учуу азыр кыялдарымдын бири. Буюрса, сөзсүз барып, бул жактан үйрөнгөндөрүмдү Кыргызстандагы кесиптештерим менен бөлүшүп, алардан өзүм тажрыйба алып иштейм деген ойдомун. Азыр пандемияга байланыштуу көп авиакомпаниялар учкучтарды кабыл алууну токтотуп коюшкан, Кыргызстанда дагы ушул көрүнүш. Убагы келгенде сөзсүз түрдө өз мекенимдин асманында учам.
Жаңылыктар түрмөгү
0