Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет жерде ресторанды башкарып, япон ашканасын ийне-жибине чейин билген ашпозчу менен маек курду.
— Японияга кантип барып орун-очок алып калдыңыз эле?
— Окууну бүтүп эмнеге Кыргызстанга келген жоксуз?
— Мугалимдик боюнча жылына 7000 миң доллар төлөп билим алчумун. Бирок биринчи жылы каржы жагынан кыйналып окууну жыйыштырдым, жалпы ал жерде эки жыл окумакмын. Ошончо акча сарптаган адистигимдин келечегин Кыргызстандан көрө албай койдум. Үйдөгүлөр менен да кеңештим. Бош убактымда өзбекстандык досум экөөбүз ашканада идиш жууп, официант болуп иштечүбүз. Көрсө ошол кезде ресторандын ээси биздин жакшы иштеп жүргөнүбүздү байкап калыптыр. Анан ал бизди жумушка чыкыртып, ошентип ашпозчулукту аркалап кеттим. Бул жактан япон кызына үйлөндүм, мекениме келгенде эмне жумуш кылам деп ойлонуп бир нерсе үйрөнүп кетүүгө аракет жасадым, япондордун тамак-ашын изилдей баштадым. Негизи бул жактагылардан көп нерсе алса болот.
— Анан япондорго кандай күйөө бала болдуңуз?
— Келинчегим менен жумуштан таанышкам. Ал дагы келип-кетип иштеп жүрчү. Жылдызыбыз келишип мен аны жактырып калдым. Ишке келбей калса аны издеп калмай. Кыскасы, ал сезимдерди айтып болбойт. Япондордун күйөө баласы эмес, кызматкери болуу кыйын. Анткени алар талапты катуу коюшат. Жубайымдын колун сураганы барганда болочоктогу кайын журтум такып бардыгын сурап чыккан. Ата-тегим, алдыда койгон пландарым, жумушум боюнча суроолоруна жооп алып, анан гана макул болгон.
— Чет жакта кыйынчылыктар болбой койбосо керек?
— Азыр иштериңиз кандай?
— Кудайга шүгүр, жакшы. Жакында эле экинчи кыздуу болдум. Мен башкы ашпозчу жана администратор болуп иштеп жаткан жерде 40ка жакын кызматкер эмгектенет. Алардын арасында беш кыргыз бар. Бул өлкөгө келген мекендештерге колдон келген жардамды берип, аларды жумушка алууга аракет жасайм. Ал жактагы бардык иштерди өзүм көзөмөлдөйм.
— Сыр болбосо ал жакта канча айлык аласыз?
— Мактангандай болбоюн, бирок менин курагымдагы япондор менчелик айлык албайт. Маянам 3000-3500 доллардын тегерегинде. Аябай көп акча алат экен деп ойлобогула. Японияда бардыгы кымбат, тапканыңды ошончо сарптайсың.
— Кыргызстанга келүү ниетиңиз барбы?
Буга чейин Кореяда окуп-иштеп, акыры мекенине кайтып келген кыргызстандык Фатима Жумабаева да ийгилик сырлары менен бөлүшкөн.