https://sputnik.kg/20210528/aiyldardy-turuktuu-onkuturuu-jol-jeegindegi-kompleks-turizm-1052639188.html
Кафар: Кемин менен Суусамырда жол жээгиндеги комплекс ачылат
Кафар: Кемин менен Суусамырда жол жээгиндеги комплекс ачылат
Sputnik Кыргызстан
"Аймактарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун координатору Улан Кафар Кемин району менен Суусамыр өрөөнүндө жол жээгиндеги комплекс ачыларын айтты. 28.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-28T16:06+0600
2021-05-28T16:06+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
кыргызстан
экономика
жол
комплекс
туризм
бюджет
улан кафар
https://sputnik.kg/img/07e5/05/19/1052599785_0:40:3072:1778_1920x0_80_0_0_87e7f6068fd3d90666639588e414b391.jpg
Кафар: Кемин менен Суусамырда жол жээгиндеги комплекс ачылат
Sputnik Кыргызстан
Кафар: Кемин менен Суусамырда жол жээгиндеги комплекс ачылат
Учурда Кеминдеги жол жээгиндеги жай салынып бүттү, жакында ачылат. Ал эми Суусамырдагы комплекс ушул жылдын ичинде бүткөрүлөт. Бул тууралуу Улан Кафар Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, комплекстин жергиликтүү бюджетке кошумча каражат алып келиши каралган.Координатор "Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун беш жылдык стратегиялык планынын аткарылышына карантин гана бир аз тоскоолдук жаратканы болбосо, бардыгы өз учурунда аткарылганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/19/1052599785_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_e24fb3ea75132668e7b4fc15208f5e07.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, жол, комплекс, туризм, бюджет, улан кафар
кыргызстан, экономика, жол, комплекс, туризм, бюджет, улан кафар
Кафар: Кемин менен Суусамырда жол жээгиндеги комплекс ачылат
16:06 28.05.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) "Аймактарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун координатору Улан Кафар Кемин району менен Суусамыр өрөөнүндө жол жээгиндеги комплекс ачыларын айтты.
Учурда Кеминдеги жол жээгиндеги жай салынып бүттү, жакында ачылат. Ал эми Суусамырдагы комплекс ушул жылдын ичинде бүткөрүлөт. Бул тууралуу Улан Кафар
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, комплекстин жергиликтүү бюджетке кошумча каражат алып келиши каралган.
"Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Кемин районунун Боролдой айыл өкмөтүндө жана Суусамыр өрөөнүнүн Париж жолуна жол жээгиндеги комплекс куруп жатабыз. Бул жай региондорду бириктирип, туристтерге, жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жана ары-бери каттаган жарандарга шарт түзүп берүү максатында салынууда. Комплексте дүкөн, жергиликтүү продукциялар, кичи базар, эне менен баланын бөлмөсү, кичинекей маалымат бурчу жана ажаткана болот. Учурда Кеминдеги жай салынып бүттү, жакында ачылат. Ал эми Суусамырдагы комплекс ушул жылдын ичинде бүткөрүлөт. Бул долбоор дотациядагы айыл өкмөттөрдү андан чыгарууну көздөйт. Комплекс айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилгенден кийин ал кооператив түзүп, дүкөндү, бөлмөлөрдү жергиликтүү тургундарга ижарага берип иштетип, бюджетке кошумча каражат ала алышат", — деди Кафар.
Координатор "Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун беш жылдык стратегиялык планынын аткарылышына карантин гана бир аз тоскоолдук жаратканы болбосо, бардыгы өз учурунда аткарылганын кошумчалады.