https://sputnik.kg/20210526/tazhik-uchagy-artka-kajtaryldy-1052611332.html
Бишкекке учуп келген тажик жарандары артка кайтарылды. "Манас" себебин айтты
Бишкекке учуп келген тажик жарандары артка кайтарылды. "Манас" себебин айтты
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөө киргизүү чечимин 21-май күнү кабыл алган. Азырынча тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирип, өлкө... 26.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-26T11:18+0600
2021-05-26T11:18+0600
2021-12-15T22:54+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
тажикстан
чек ара
учак
"манас" эл аралык аэропорту
чектөө
жүргүнчү
баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1a/1052611277_0:0:957:541_1920x0_80_0_0_5e10c6e338cefd0838382f998a932a84.jpg
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Тажикстандын "Сомон Эйр" компаниясынын чартердик каттам менен Бишкекке учуп келген учагындагы тажик жарандары кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.Аба кемеси кечээ, 25-май күнү, "Манас" аэропортуна учуп келген. Анда 198 жүргүнчү болгон.Түшүндүрмөгө караганда, буга Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапкандыгы себеп болду.Эске салсак, Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөө киргизүү чечимин 21-май күнү кабыл алган. Азырынча тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирип, өлкө ичинде жүрүп жана мамлекетти транзиттик өлкө катары пайдалана албайт. Ошондой эле "Кулунду", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Бордобо" жана "Карамык" өткөрүү пунктулары аркылуу коңшу өлкөгө жүк ташууга чектөөлөр бар.
https://sputnik.kg/20210521/aeroport-bishkek-manas-ptsr-laboratoriya-1052561762.html
тажикстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/1a/1052611277_0:0:861:541_1920x0_80_0_0_6cd13e7097a5b7a18367e861e8897977.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, тажикстан, чек ара, учак, "манас" эл аралык аэропорту, чектөө, жүргүнчү, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, тажикстан, чек ара, учак, "манас" эл аралык аэропорту, чектөө, жүргүнчү, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Бишкекке учуп келген тажик жарандары артка кайтарылды. "Манас" себебин айтты
11:18 26.05.2021 (Жаңыртылды: 22:54 15.12.2021) Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөө киргизүү чечимин 21-май күнү кабыл алган. Азырынча тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирип, өлкө ичинде жүрүп жана КРди транзиттик өлкө катары пайдалана албайт.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Тажикстандын "Сомон Эйр" компаниясынын чартердик каттам менен Бишкекке учуп келген учагындагы тажик жарандары кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Аба кемеси кечээ, 25-май күнү, "Манас" аэропортуна учуп келген. Анда 198 жүргүнчү болгон.
"Айрым ЖМКларда айтылып жаткандай, тажик жарандары аэропортто калып калышкан жок. Учакта үчүнчү өлкөлөрдүн 9 жараны болгон. Алар Бишкек шаарында калып, калгандары Душанбе шаарына учуп кетишти", — дешти маалымат кызматтан.
Түшүндүрмөгө караганда, буга Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапкандыгы себеп болду.
Эске салсак, Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөө киргизүү чечимин 21-май күнү
кабыл алган. Азырынча тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирип, өлкө ичинде жүрүп жана мамлекетти транзиттик өлкө катары пайдалана албайт. Ошондой эле "Кулунду", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Бордобо" жана "Карамык" өткөрүү пунктулары аркылуу коңшу өлкөгө жүк ташууга чектөөлөр бар.