Бензин кечээкиге салыштырмалуу дагы кымбаттады

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүУнаага май куюу. Архив
Унаага май куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Майдын башында Нефтетрейдерлер ассоциациясы бул айда күйүүчү майдын баасы эки сомго жогорулай турганын болжолдогон.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкектеги автоунаага май куйган бир катар бекеттерде кечээкиге салыштырмалуу мунайзаттын баасы өскөнү байкалууда.
"Роснефти" май куюучу жайында бензин жана дизель 0,7 сомго кымбаттаган.
Азыркы тапта алдыңкы май куюучу станцияларында баалар төмөнкүдөй:
"Роснефть":
  • Аи-92 — 49,7 сом;
  • Аи-95 — 51,7;
  • дизель — 45,9.
"Газпром нефть Азия" (баалар өзгөргөн эмес):
  • Аи-92 — 49,5 сом;
  • Аи-95 — 51,5;
  • дизель — 45,5.
Эске салсак, майдын башында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы бул айда күйүүчү майдын баасы төрт пайызга, башкача айтканда, эки сомго жогорулай турганын болжолдогон. Андан бери мунайзаттын наркы уламдан-улам көтөрүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0