https://sputnik.kg/20210430/zharatylysh-resurstaryn-tuura-pajdalanuu-uchurdun-talaby-1052325287.html
Медетбек уулу: жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу учурдун талабы
Медетбек уулу: жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу учурдун талабы
Sputnik Кыргызстан
"Догал" агрохимикаттар жана пестициддер компаниясынын агроному Бактыяр Медетбек уулу жаратылыш ресурстарын оптималдуу пайдалануу аркылуу көп түшүм алуу учурдун... 30.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-30T12:04+0600
2021-04-30T12:04+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1e/1052325180_0:0:3072:1738_1920x0_80_0_0_ebdeb55416b8160941031c6e61c62ab9.jpg
Медетбек уулу: жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу учурдун талабы
Sputnik Кыргызстан
Медетбек уулу: жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу учурдун талабы
Интенсивдүү багбанчылык, күнөскана, тамчылатып сугаруу сыяктуу айыл чарбасындагы жаңы тенденцияларды өнүктүрүү зарыл. Мындай пикирин Бактыяр Медетбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.Анын айтымында, айыл чарбасынын өнүгүшүндө тармакты санариптештирип, дыйкандарга маалыматтын жеткиликтүүлүгүн колго алуу кажет.Ошондой эле адис дүйнө калкынын санынын өсүүсү орчундуу көйгөй болгондуктан суу, шамал, жер ресурстарын пайдалануу менен тамак-аш жетишпестигин жоюу зарылчылыгы бар экендигин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/1e/1052325180_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_cb92345556e6b56dfd558edea5b0096e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан
Медетбек уулу: жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу учурдун талабы
12:04 30.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) "Догал" агрохимикаттар жана пестициддер компаниясынын агроному Бактыяр Медетбек уулу жаратылыш ресурстарын оптималдуу пайдалануу аркылуу көп түшүм алуу учурдун талабы экендигин айтты.
Интенсивдүү багбанчылык, күнөскана, тамчылатып сугаруу сыяктуу айыл чарбасындагы жаңы тенденцияларды өнүктүрүү зарыл. Мындай пикирин Бактыяр Медетбек уулу
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, айыл чарбасынын өнүгүшүндө тармакты санариптештирип, дыйкандарга маалыматтын жеткиликтүүлүгүн колго алуу кажет.
"Айыл чарбасы — мамлекеттин экономикасынын негизин түзгөн тармактардын бири. Ага карабастан көйгөйлөр абдан көп. Бул тармак азыркы учурда түздөн-түз жаңы тенденцияларга, жаңы өнүгүү жолуна муктаж. Анын негизги максаты — жер, суу, энергия ресурстарын оптималдуу пайдалануу менен көп түшүм алуу. Учурда дүйнөдөгү эң орчундуу көйгөй — ачкачылык, тамак-аштын жетишсиздиги. Көп өлкөлөрдө жаңы тенденциялар аркылуу көп түшүм алып, жаңы багыттарды ачып жатышат. Андыктан интенсивдүү багбанчылык, күнөскана, тамчылатып сугаруу сыяктуу технологияны жайылтуу керек. Айыл чарбасынын өнүгүшүндө тармакты санариптештирип, дыйкандарга маалыматтын жеткиликтүүлүгүн колго алуу кажет", — деди Медетбек уулу.
Ошондой эле адис дүйнө калкынын санынын өсүүсү орчундуу көйгөй болгондуктан суу, шамал, жер ресурстарын пайдалануу менен тамак-аш жетишпестигин жоюу зарылчылыгы бар экендигин кошумчалады.