https://sputnik.kg/20210426/novikov-covid-menen-kurosh-tapshyrma-berdi-1052264310.html
Мобилдик бригадалар көбөйөт. Новиковдун COVID менен күрөшүү боюнча тапшырмасы
Мобилдик бригадалар көбөйөт. Новиковдун COVID менен күрөшүү боюнча тапшырмасы
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25ке чейин жогорулатып, келерки жумадан тарта дагы стационарларды ачуу зарылдыгы айтылды. 26.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-26T12:16+0600
2021-04-26T12:16+0600
2021-12-15T22:53+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
коронавирус
пандемия
артем новиков
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/09/1050715517_0:151:2875:1777_1920x0_80_0_0_b16a9a2363c7f1200b90caa40bd667e6.jpg
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. COVID-19га чалдыккандардын саны кескин өсүп жаткан аймактарда бардык күч-аракетти ишке киргизүү зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтты.Ал COVID-19га кабылгандардын саны Бишкек шаарында көп болуп жаткандыктан медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25ке чейин жогорулатып, кошумча медициналык тез жардамдарды ишке киргизип, келерки жумадан тарта дагы стационарларды ачуу зарыл экенин белгиледи.Ал эми Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Мусулмандар диний башкармалыгына намаз жана ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотууну сунуштады.Жыйындын соңунда COVID-19га кабылган бейтаптарды дарылоо жана оорунун алдын алуу боюнча алгоритмди, стационарлардын дары-дармектер, кычкылтек, коргоо каражаттары менен камсыздалышын текшерүү боюнча тапшырмалар берилди.
https://sputnik.kg/20210426/bishkek-koronavirus-oorukana-bosh-orun-1052263237.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/09/1050715517_0:60:2875:1868_1920x0_80_0_0_bb55fdaebd0c00b85a885d13c875e5fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавирус, пандемия, артем новиков, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавирус, пандемия, артем новиков, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Мобилдик бригадалар көбөйөт. Новиковдун COVID менен күрөшүү боюнча тапшырмасы
12:16 26.04.2021 (Жаңыртылды: 22:53 15.12.2021) Бишкекте медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25ке чейин жогорулатып, келерки жумадан тарта дагы стационарларды ачуу зарылдыгы айтылды.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. COVID-19га чалдыккандардын саны кескин өсүп жаткан аймактарда бардык күч-аракетти ишке киргизүү зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтты.
"Республика боюнча, анын ичинде Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өсүп жатат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрдү. COVID-19га чалдыккандардын саны 400гө чукулдаган учурлар болууда. Анын үстүнө вирустун жаңы штаммдары каттала баштады", — деди биринчи вице-премьер.
Ал COVID-19га кабылгандардын саны Бишкек шаарында көп болуп жаткандыктан медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25ке чейин жогорулатып, кошумча медициналык тез жардамдарды ишке киргизип, келерки жумадан тарта дагы стационарларды ачуу зарыл экенин белгиледи.
Ал эми Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Мусулмандар диний башкармалыгына намаз жана ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотууну сунуштады.
Жыйындын соңунда COVID-19га кабылган бейтаптарды дарылоо жана оорунун алдын алуу боюнча алгоритмди, стационарлардын дары-дармектер, кычкылтек, коргоо каражаттары менен камсыздалышын текшерүү боюнча тапшырмалар берилди.