11 миңдей орун даяр турат. Өкмөт COVID-19дун үчүнчү толкунунан кантип өтөт

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКүндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирустун божомолдонуп жаткан үчүнчү толкуну күндөн-күнгө жакындап келе жаткандай сезилүүдө. Март айынан бери Бишкек менен Чүйдө ооругандардын саны кескин көбөйдү.
Акыркы суткаларда COVID-19 боюнча Республикалык штабдын расмий статистикасы чеке жылытарлык эмес. Буга чейин бир күндө вирус аныкталгандардын саны 100дүн тегерегинде болуп келсе, 8-апрелде 222ге жетти.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз өкмөтү жаңы толкунга канчалык даяр экенине кызыкты.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун үчүнчү толкуну Кыргызстанда май-июнь айларында башталышы мүмкүн экенин айтууда.
Буга чейин кыргызстандыктар коронавирустун эки толкунун баштан кечирди. Биринчиси июль айына туура келип, жуктургандардын саны боюнча эң жогоку көрсөткүч (1 264 киши) 18-июлда катталды. Экинчи толкун октябрь, ноябрь айларында болду. Жуктуруп алгандар 25-октябрь күнү (606 киши) эң көп болду.

Эмдөө

Учурда адам баласын COVID-19дан сактап калчу бирден-бир айла вакцина экени айтылууда. Препараттар иштелип чыгып көптөгөн өлкөлөр жарандарын эмдөөдөн өткөрүп жатат. Кыргызстанда вакцинация 29-мартта башталып, Кытайдын SinoPharm препараты колдонулууда. Ал 75 миң кишиге жетет.
Күтүлүп жактан вакциналар:
  • гуманитардык жардам иретинде убадаланган Россиянын 500 миң доза "Спутник V" вакцинасы май, июнь айларында келери айтылууда;
  • Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасын Россияда иштеп жүргөн мигранттар менен ишкерлердин эсебинен да сатып алууну пландоодо. Мындай демилгени сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктар  көтөргөнү айтылган;
  • COVAX программасынын алкагында өлкөгө 2 миллион 600 миң доза вакцина алынары дагы маалымдалган. Ал 1 миллион 300 миң адамга жетет;
  • Кытай бийлиги менен вакцина боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат;
Дүйнөлүк банк, Ислам банкы жана өз ыктыяры менен вакцина алып берүүгө даяр тараптар бар.
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жапаров бир катар медиктердин айлыгын көтөрдү
Мунун бардыгын эске алуу менен министр Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан күзгө чейин вакцина менен толук камсыз болорун айтууда.
Баса, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, Кыргызстан калкынын 55 пайызы вакцина алууга толук даяр же бир аз да болсо каалоосу бар. Ал эми жалпысынан өлкөдө 18 жашка чейинки балдарды эске албаганда 2,5-3 миллион адам эмделиши керек.

Антитело канча убакытка чейин коргойт?

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып билдиргенине караганда, антитело сегиз айдан бир жылга чейин жетет. 
© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев
Министр здравоохранения КР Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев
"2020-жылдын июнь-июль айларында ооруп айыккандарда антитело көбүрөөк. Кимдики жеңил формада өткөн болсо, алардын антителосу азайып кайра ооруп калуу коркунучу бар", — деди министр.
Ошол себептүү министрлик COVID-19ду жугузуп айыккандарга деле вакцина алып коюуну сунуштап жатат.

Кыргызстанда COVID-19дун кандай штаммдары бар?

Медициналык кызматкер Бишкектеги блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Катаал чектөөлөр киргизилеби? Новиков кыргызстандыктарга кайрылды

Көпчүлүк кыргызстандыктар буга чейин COVID илдетине чалдыгып айыккан соң аларда антитело бар деген ойлор айтылууда. Бирок дүйнөдө коронавирустун жаңы штаммдары пайда болуп жатат.

Март айынын соңунда Казакстандын Алматы шаарында өтө тез тарап кетчү "британиялык" жана "түштүк африкалык" штаммдар табылган эле.
Учурда коңшуларда коронавируска кабылгандардын саны күн санап өсүп барат. Ал эми Алматы шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчисинин орун басары Асел Калыкова балдар арасында вирустун тарашына мутация болгон штаммдардын түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып келет.
Бактыга жараша, Кыргызстанда азырынча коронавирустун "британиялык" штаммы жок. Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, ушул тапта өлкө аймагында COVID-19дун мурда Россия, АКШ, Нидерланд, Германия, Исландия, БАЭ, Латвия, Щвейцария, Щвеция, Япония жана Израилде аныкталган түрлөрү кездешүүдө.

Чектөөлөр

Президент Садыр Жапаров бардык облустардын саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин чогултуп, эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу боюнча маселени талкуулады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Садыр Жапаров COVID-19дун үчүнчү толкунуна даярдык боюнча кеңешме өткөрдү

Буга чейин Бишкекте тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизүү пландалып жатканы айтылган. Өткөн аптада борбор калаанын жетекчилиги 55 жаштап өтүп тобокелдик тобуна кирип калган жарандарды өзгөчө зарылдык жаралмайынча сыртка чыкпай туруусун өтүндү.

Ал эми өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтышты.

Балдарды дарылоого дарыгерлер даярбы?

Өкмөттөн билдиришкендей, акыркы 4-6 жума ичинде коронавируска кабылган балдар арасында көп тутумдуу сезгенүү синдрому (Кавасаки сыяктуу синдром) катталды.
"Бул дарт менен 26 бала Эне жана баланы коргоо борборундагы кардиоревматология бөлүмүндө дарыланышты. Анда баланын денесине кызамык сыяктуу бүртүктөр чыгып, дене табы көтөрүлүп, ашказан, ичегиси жабыркашы мүмкүн. Конъюнктивит болушу дагы ыктымал. Бактыга жараша, көпчүлүк балдарда синдром жеңил өтүп жатат. Учурда балдардын көп тутумдуу сезгенүү синдромун аныктоо жана дарылоо боюнча клиникалык протокол бар, дары-дармек жетиштүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Тез жардам унаалары 70 пайыз гана муктаждыкты жабат

Кыргызстанда 2014-жылдан бери Тез жардам кызматынын автопаркы жаңыланган эмес. Андыктан пандемия учурунда анын абдан тартыштыгы билинип, кийин бийлик бир канча автоунаа алганын айтат.
SARS-CoV-2 вирусунун модели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Кыргызстанда COVID-19дун кандай штаммдары бар. Министрликтин маалыматы
"Пандемия убагында саламаттык сактоо тармагына Дүйнөлүк банк жана Ислам банкынын долбоорунун алкагында — 143, "Коопсуз шаар" тарабынан 39 автоунаа сатып алынды. Гуманитардык жардам иретинде Өзбекстандан — 20, жергиликтүү кайрымдуулук фондунан — 7, ишкерлер тарабынан 20 автоунаа берилди. Учурда Азия өнүктүрүү банкы тарабынан дагы 17 тез жардам автоунаасын сатып алуу каралууда. Бирок бул муктаждыктын 70 пайызын гана жабат", — дешти өкмөттөн.

Кошумча орундар

Ушул тапта Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандар үчүн 1500дөй орун бар. Анын ичинде 200гө чукулу интенсивдик терапия палатасында. Бирок бул сандар күн сайын эпидемиологиялык кырдаалга жараша өзгөрүп турат.
Саламаттык сактоо министрлигинин планы боюнча, эгер ооругандардын саны көбөйүп кетсе, өлкө боюнча дагы 11 237 орун ачылат. Республикалык деңгээлдеги ооруканаларда — 1 752, Бишкек шаарындагы ооруканаларда – 1 164, Чүй облусунда 1 352 орун болсо, калганы аймактарда иштей баштайт.
Вирус жуктургандар кокус андан дагы көбөйсө, республика боюнча кошумча 4 907 орун ишке берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0