Кыргызстанда жайында коронавирустун үчүнчү толкуну башталышы болжолдонууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги күндүзгү стационардын биринин кызматкерлери. Архив
Бишкектеги күндүзгү стационардын биринин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Коронавирустун биринчи толкуну өткөн жылдын жай айына туура келет. Ал эми экинчиси октябрдан 2021-жылдын башына чейинки мезгил.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда май-июнь айларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Министр пикирин окумуштуулардын бүтүмүнө таянып айткан. Ага ылайык, антитело сегиз айдан бир жылга чейин жетет.
"2020-жылдын июнь-июль айларында ооруп айыккандарда антитело көбүрөөк. Кимдики жеңил формада өткөн болсо алардын антителосу азайып кайра ооруп калуу коркунучу бар. Мен үчүнчү толкун июнь-июль айларына туура келет деп ойлогом, бирок жуктургандардын саны азыр эле өсө баштады. Ошол үчүн бул убакытка чейин биз бир миллиондон ашык адамга вакцина сайып жетишүүбүз керек. Себеби жамааттык иммунитет пайда болот. План боюнча жетишип жатабыз", — деди Бейшеналиев.
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Бишкек менен Чүйдө COVID болгондор үчүн кошумча орундар даярдалды
Министр Кыргызстандын бийлиги россиялык өкмөт менен мигранттарды бекер эмдөө боюнча макулдашканын белгиледи. Ал эми Кыргызстанда болсо 18 жашка чейинки балдарды эске албаганда 2,5-3 миллион адам эмделиши керек.
Коронавирустун биринчи толкуну өткөн жылдын жай айына туура келет. Ал эми экинчиси октябрдан 2021-жылдын башына чейинки мезгил. 
Жаңылыктар түрмөгү
0