Изилдөө: кыргызстандыктардын 55%ы COVID-19га каршы эмделгиси келет

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOВакцина сайууга даярданып жаткан дарыгер. Архив
Вакцина сайууга даярданып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Изилдөөнүн алкагында жети облус менен эки ири шаар – Бишкек менен Оштун тургундарына (1000 киши) сурамжылоо жүргүзүлгөн.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте Кыргызстандын жарандарынын COVID-19ду кабыл алуу боюнча жасаган изилдөөсү жарыяланды.
Маалыматтар компьютердик телефондук интервью жолу менен топтолгон. Изилдөөнүн алкагында жети облус менен Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарына (1000 киши) сурамжылоо жүргүзүлгөн.
"Бул изилдөө биз үчүн маанилүү. Себеби анын жардамы менен жарандардын вакцина алууга канчалык даяр экенин биле алабыз", — деп билдирген ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова.
Изилдөөнүн жыйынтыгы төмөнкүчө болгон:
  • Кыргызстандын калкынын 55 пайызы вакцина алууга толук даярдыгын же бир аз каалоосу бар экенин билдиришти;
  • Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбүрөөгү (52 пайыз) өздөрүн вакцина боюнча толук маалыматы бар адам катары эсептешсе, 54 пайызы вакцина боюнча сунуштарды түшүнүшөт;
  • Биринчи жана экинчи этапка салыштырмалуу жарандардын ден соолук жаатындагы билим деңгээли төмөндөгөн. Кыргызстан калкынын COVID-19 боюнча шек жаралганда эмне кылуу керектиги боюнча маалыматы 69 пайыздан 63 пайызга кыскарган. Ал эми тийиштүү маалыматты таба ала тургандардын саны 64 пайыздан 59га төмөндөгөн;
  • Респонденттердин жарымынан көбү жуктуруп алуу коркунучу төмөн же илдет жеңил формада өтөт деп эсептейт;
  • Бет кап тагынгандардын саны 79 пайыздан 75 пайызга, аралыкты сактоо 64 пайыздан 60ка кыскарган;
  • Респонденттердин көпчүлүгү ооруп калса үйлөрүндө отурбай, коомдук жайларга барышат (49 пайыздан 36 пайызга чейин);
  • Жарандардын 18 пайызы антибиотиктерди COVID-19ду профилактика кылуу үчүн же дарылануу максатында колдонгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0