Кыргызстанда шайлоо участкалары ачылып, добуш берүү башталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовШайлоо участогунда добуш берип жаткан адам
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Бүгүн кечке чейин өлкөдө 2 273 шайлоо участкасы иштейт. Референдумга 3 606 201 шайлоочу катыша алат.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды.
Мыйзамга ылайык, эртең менен саат 08:00дө 2 273 шайлоо участкасы ачылып, кечинде 20:00дө жабылат.
Государственная служба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Кыргызстанда 5 300 аял айылдык кеңештин депутаттыгына аттанды
28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. Жарышка чыккан саясий уюмдардын эң көбү Бишкекте — 25, эң азы Көк-Жаңгак шаарында — 3.
Ал эми 420 айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет. Анын ичинен эң көп добуш алган 7 560 талапкерге мандат берилет.
Жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен кошо жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум да өтүүдө.
Референдумга 3 606 201, ал эми шайлоого 3 318 130 жаран катышууга укуктуу. Кээ бир жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу шайлоо дайындалган эмес. Ортодогу айырма ушуга байланыштуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0