Бишкекте кызга бычак урду деген шектүү кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган адам. Архив
Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Жабыркаган кыздын айтымында, Сухэ-Батор көчөсүндө түнкү саат 12ден өтүп калганда белгисиз адам анын оң ийини менен билегине бычак урган.
БИШКЕК, 11-апр.— Sputnik. Ордо калаада кызга бычак урду деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаОрдо калаада кызга бычак урду деген шектүү кармалды
Ордо калаада кызга бычак урду деген шектүү кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ордо калаада кызга бычак урду деген шектүү кармалды
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаУчурда ээнбаштык фактысы боюнча иш жүрүп жатат.
Учурда ээнбаштык фактысы боюнча иш жүрүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Учурда ээнбаштык фактысы боюнча иш жүрүп жатат.
1/2
Ордо калаада кызга бычак урду деген шектүү кармалды
2/2
Учурда ээнбаштык фактысы боюнча иш жүрүп жатат.
Ага ылайык, жабыркаган кыздын арызы милицияга ишембиге караган түнү түшкөн. Азырынча анын жашы тактала элек. Кыздын айтымында, Сухэ-Батор көчөсүндө түнкү саат 12ден өтүп калганда белгисиз адам анын оң ийини менен билегине бычак урган. Шектүү окуя болгон жерден из жашырып кеткен, бирок анын бычагы табылган.
Аталган кылмышка шектүү делип 44 жаштагы Д.Ш. аттуу адам кармалган. Учурда ээнбаштык фактысы боюнча иш жүрүп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0