Жолон Мамытовдун уулу Маяк: атамдын тарбиясынан улам пара алган эмесмин
21:14 10.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / предоставлено Маяком МамытовымРежиссёр-сценарист Маяк Мамытов
© Фото / предоставлено Маяком Мамытовым
Жазылуу
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытов көзү тирүү болгондо быйыл 81 жашка чыкмак.
Ушул датага ылайык акындын уулу Маяк Мамытов Sputnik Кыргызстан агенттигине атасын эскерүү иретинде маек курду.
— Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
— Мен азыр чыгармачылык менен алектенем. 1990-жылдары мамлекеттик кызматта иштегем, анан кайра эле чыгармачылыкка кетип калдым. Азыркы убакта студияда режиссёр-сценарист болуп эмгектенем. Жаштар менен иштегендиктен тажрыйбам менен бөлүшүп, жардам берип турам.
— Атаңыздын балачагы согуш мезгилине туш келип, чоң атаңыз да согуштан кайтпай калыптыр. Ал кишинин чыгармачылыгына ушул оор мезгил таасир эткен деп ойлойсузбу?
— Белгилүү жазуучулардын биринин "Биз согуш мезгилине туш келдик. Бирок ал бизди курчутуп, экинчи жагынан чоң чыгармачылык курал болуп берди", — деп айтканы бар. Атам да согуш темасына кайрылбай койгон эмес. Анын белгилүү "Кырман" деген ыры да ушул темага арналган. Ал убакта согушка барып келгендер бир жагынан сыймыктуу сезилген. Көп учурда атамдардын мууну "есть, товарищ капитан!" — деген өңдүү фронттук сөздөрдү колдонуп коюшчу эле.
© Фото / из семейного архива МамытовыхТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытов жана жубайы Меңди Мамазаирова
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытов жана жубайы Меңди Мамазаирова
© Фото / из семейного архива Мамытовых
— Апаңыз Меңди Мамазаирова менен атаңыздын сүйүү баяны кандай болгондугун айтып бере аласызбы?
— Биздин ата-энелерибиздин мууну башкача болчу. Алар махабатка өзгөчө мамиле кылышкан. Жаштар бири-бирине болгон сезимин ачык, бетке айта алышкан эмес. Сүйүүгө ушунчалык жоопкерчилик менен мамиле жасашкан. Ата-энем да алгач кат жазышып гана сүйлөшүп жүрүшчү экен. Үйлөнгөндөн кийин үчүнчү баласы, карындашым төрөлгөн убакта атам Москвада окуп жүргөн болот. Ошол убакта үй-бүлөсүн абдан сагынганбы, айтор, атам апам менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып "Мени чындап эле сүйөсүңбү? Же кыз кишинин барар жери күйөө деп эле чыгып алдың беле?", — деп сураганда, апам телефондон да сезимин айта албай койгон экен. Кийин экинчи жолу телефондон сүйлөшүп жатып сураганда гана апам "ооба" деп телефонду коюп салыптыр. Ал эми атам сүйүүсүн ырлары менен билдирип турган.
— Жолон Мамытов кандай ата болду?
— Белгилүү адамдын уулу болуу өтө кыйын. Тарыхка кайрылсак, бир да улуу инсандын баласы атасынан аша алган эмес. Миң жылдыктын адамы катары таанылган Чыңгыз хандын деле баласы атасынан артык боло албаптыр. Бул боюнча атайын иликтеп көрдүм. Анткени мени да ушул тема ойлондурчу. Көрсө, Кудай да ар 100, 1000 жылда бир ирет ар тукумга тандап туруп бир касиеттүү адамды берет экен. Ата-бабадан бери келе жаткан улуу энергия, күч, касиет чогулуп келип бир адамдын боюна берилип турат окшойт. Балачакта атам кыйын, ушундай акын деп деле ойлонгон жокпуз. Анткени бала үчүн ата — ата бойдон эле калат. Аталарда адам катары ката кетирет, кээде байкабай калат. Айрым учурда бир аз катачылыгыбыз үчүн бизди таарынтып урушуп алчу. Кээде кайра келип, көзүнөн жашын кылгыртып кечирим сурачу. Ушундай адам эле. Көпчүлүгүбүз ката кетирип койсок, кичинекей баладан кечирим сурай албайбыз же сурабайбыз да. Биздин атабыз туура эмес кылып алса кечирим сурачу. Атанын ар бир иш-аракети мээге кыттай уюп калат экен. Мисалга атам мага "эч бир адамдын акысын жебе" дечү. Мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө бир дагы жолу пара алган эмесмин. Мисалга мыйзам боюнча бир айда бүтүүчү нерсени "үч күндө бүтүрүп берчи" деп келишчү. Бирок атамдын тарбиясынан улам мыйзамды аттап, бир да жолу акча алган эмесмин. Инилерим деле ошондой болду.
© Фото / из семейного архива МамытовыхМаяк Мамытов: биздин ата-энелерибиздин мууну башкача болчу. Алар махабатка өзгөчө мамиле кылышкан. Жаштар бири-бирине болгон сезимин ачык, бетке айта алышкан эмес. Сүйүүгө ушунчалык жоопкерчилик менен мамиле жасашкан
Маяк Мамытов: биздин ата-энелерибиздин мууну башкача болчу. Алар махабатка өзгөчө мамиле кылышкан. Жаштар бири-бирине болгон сезимин ачык, бетке айта алышкан эмес. Сүйүүгө ушунчалык жоопкерчилик менен мамиле жасашкан
© Фото / из семейного архива Мамытовых
— Инилериңиз эмне иш менен алектенет?
— Менден кийинки иним Улан Мамытов каза болуп калды. Ал бизнес менен алектенчү. Бизнесте адам абдан кыжаалат болуп, санаага көп батат экен. Ошондон улам да жүрөгү кармап, 45 жашында эле кете берди. Андан кийинкиси, карындашым Айгерим Мамытова чебер кыз, өнөр менен өндүрүштүн ортосундагы модельер кесибин аркалайт. Эң кичүү иним Азамат Мамытов режиссёр, клипмейкер. Мен мамлекеттик кызматта калам го деп ойлогом, бирок чыгармачылыкка ошол иним чакырып алды. Анын жасаган эмгектерин көрүп, кызыгуум артып режиссёрлукка кайтып келдим.
— Атаңыздын ыр жазуудан тышкары кандай өнөрү бар эле?
— Атам чыгармачылык менен карапайым жашоо-турмушка керектүү иштерди айкалыштырганга аракет жасады. Атам тамакты укмуш жасап, өзгөчө күрүчтүн ферганалык түрүн мыкты басчу эле. Анан койду союп, жиликтеп туруп, этин сонун кылып былкылдатып бышырып койчу. Бизге айтпай көп адамдарга, бей-бечараларга жардам берип, тамак-ашынан бери үйүнө алып барып жүрчү экен. Атамдын көзү өткөн соң, көптөгөн адамдар келип, атамдын кылган жакшылыктарын айтып берип жатышты. Ал кишинин элге жасаган жакшылыктарын тааныбаган эле адамдардан угуп, таң калдым.
— Ыр жазуусуна ким себепкер болду экен?
— Атамдын ыр жазып калганына Берикбай деген агасы түрткү болгон. Ал кишини жамакчы болгон дешет. Атамды атына учкаштырып алып айыл кыдырып, бирөөнү карап туруп эле жамактап ырдап, төгүп салчу дешет. Атам куйма кулак болуп, көп нерсени ошол кишиден алса керек. Андан тышкары поэзиялык ритмиканы чоң энемден алган окшойт. Апасы сөзмөр, укмуш кошокчу аял болгон. Негизи эр тайын тартат деп коёт эмеспи. Атамдын таякеси кыргызга төбөсү көрүнгөн сүрөтчү Гапар Айтиев.
© Фото / предоставлено Маяком МамытовымМаяк Мамытов: белгилүү адамдын уулу болуу өтө кыйын. Балачакта атам кыйын, ушундай акын деп деле ойлонгон жокпуз. Анткени бала үчүн ата — ата бойдон эле калат
Маяк Мамытов: белгилүү адамдын уулу болуу өтө кыйын. Балачакта атам кыйын, ушундай акын деп деле ойлонгон жокпуз. Анткени бала үчүн ата — ата бойдон эле калат
© Фото / предоставлено Маяком Мамытовым
— "Атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн" деп коёт эмеспи. Атаңыздын жоро-жолдоштору менен катышып турасызбы?
— Жаңы каза болгондо достору келип турушчу. Бул ошол убактагы достук, шериктештик учур болушу керек. Алар дайыма кем-карчыбызды сурап турушчу. Андан кийин биз да чоңоюп, көп келбей калышты. Бирок аяш аталарымдын балдары менен катышып турабыз. Атамдын достору менен айрым иш-чараларда жолугушуп калабыз. Ал кишилер улуу муундун өкүлдөрү катары жакшы кеп-кеңештерин айтып турушат. Азыр, тилекке каршы, алардын да аягы суюлуп баратат. Бир аяш атам мени көргөндө эле "башыңды көтөрүп жүр, эч качан мүңкүрөбө" деп калчу. Бул да болсо адамды шыктандырып коёт.
— Жолон Мамытовдун биз билбеген кызыктуу окуяларын айтып берсеңиз?
— Атам өзү мектепте абдан жакшы окуптур. Бир жолу кыргыз тилинен сабак берген агайы "бүгүн кирпичечен деген темада жат жазуу жазабыз" дейт. Анан атам сабак ортолоп калганда агайына жат жазуусун тапшырып коёт. Агайы "балам, бул каяктан" десе, атам текстти жатка билерин айтат. Мугалими таң калып текшерсе, үтүр-чекитине чейин туура жазыптыр. Кичинесинде бир нерсени ушунчалык үйрөнгүсү келип эле алдыга умтула берчү экен. Мугалим сабак өтүп жатканда алдын ала теманы айтып, улам мугалимдин сөзүн бөлүп тажатканын айтчу. Абдан тентек дагы болгон имиш. Бир жолу сумкасына жип байлап ит сыяктуу сүйрөп мектепке барат. Аны агайы көрүп калып урушса, ага каршылык көрсөтүп үч күн ошентип сумкасын сүйрөп барган экен. Кийин "ошонумду эстесем уялам" деп калчу. Атам өзүнүн жасайм дегенин жасаган көк бет адам болгон.
— Сиздин атыңыз да өзгөчө экен. Ким койду эле?
— Революциядан кийинки акындардын ичинен эң күчтүүсү Владимир Маяковский болгон да. Ал киши көп акындардын кумири эле. Атам менен апам да Маяковскийди туу тутушкан. Экөөнүн оюу дал келип, Маяковскийдин урматына атымды Маяк коюшкан экен. Ага чейин Айбек, Фрунзе, Пеле өңдүү ар түрдүү аттарды айтышыптыр. Жаш кезде атым өзүмө жакпай уялып жүрчүмүн, кийин гана жагып калды.
© Фото / Жуманазар КойчубековМаяк Мамытов: менден кийинки иним Улан Мамытов каза болуп калды. Ал бизнес менен алектенчү. Карындашым Айгерим Мамытова чебер кыз, өнөр менен өндүрүштүн ортосундагы модельер кесибин аркалайт. Эң кичүү иним Азамат Мамытов режиссёр, клипмейкер
Маяк Мамытов: менден кийинки иним Улан Мамытов каза болуп калды. Ал бизнес менен алектенчү. Карындашым Айгерим Мамытова чебер кыз, өнөр менен өндүрүштүн ортосундагы модельер кесибин аркалайт. Эң кичүү иним Азамат Мамытов режиссёр, клипмейкер
© Фото / Жуманазар Койчубеков
— Атаңыз сырын үйдө кимге айтчу эле?
— Негизинен көп сырларын өмүрлүк жары болгондон кийин апама айтчу. Ал кезде жашоо оңой көрүнгөнү менен цензура күч болгон. Атамды эки жолу КГБга чакырып, ырлары үчүн суракка алган учурлар болгон. 1983-1984-жылдары "Манас" эпосун коргоодо атамдын салымы чоң. Ал кезде атам маркум улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун орун басары болчу. Айтматов ал убакта көп сыртта жүрүп, эпосту коргоого ишенимдүү жигиттер керек болгон экен. Ошондо экөө сүйлөшүп, атам "Манас" эпосун коргоо үчүн ачыкка чыгып, трибунада эпоско каршы чыккандар менен кадимкидей салгылашкан. Ошонун баары, кармаштын таасирлери жүрөккө тийген. Ал убакта КГБ чакырды дегенде адамдар бир түн уктабай чыгышчу. Мен ошондо 16-17 жашта болгондуктан баарын байкап турдум. Ал эми атам каза болгондо 23 жашта болчумун. Акыркы үч-төрт жылда атам менен абдан сырдаш болдук. Москвада жазуучулар союзунун пленуму өтөрдө 18 жашта элем. Ленин китепканасынан чыкпай, бир ай бардык китептерди казып окуп, кыргыз адабиятынын, анын ичинде поэзиянын абалы, көйгөйү тууралуу атамдын сүйлөчү сөзүнүн орусча үлгүсүн жазып берген элем. Ошондо атам мага абдан ыраазы болуп, сырдашып калганбыз. "Уулум менин пленумда айта турган оюмду иреттеп, кагазга түшүрүп жазып бергени чоң жетишкендик" деп аябай сүйүнгөн. Пленум болгон кезде мен Германияга армияда кызмат өтөөгө кеткен элем. Атам мага "саат мынчада пленум болот радиодон угуп кой" деп кат жазган. Өзүмдүн жазганымды угуп аябай толкунданганым эсимде.
— Атаңыз оорусун өзү билсе да эч кимге билгизбей жүргөнүн айтышат...
— Мурда билген эмесмин, кийин апам атаң ооруп жатат, шорубуз катат окшойт дегенде көп ишенгим келген эмес. Кийин барган сайын эле апамдын өңү бузула баштады. Анткени ал киши ак кан оорусу тууралуу иликтеген экен. Ошондон кийин атамдын оорусу күчөп бара жатканын мен да сезе баштадым. Атам болсо сыр бергиси келчү эмес. Ар кандай тамашаларды айтып, кээде бизге тапшырмаларды берип турду. Атам китепти абдан жакшы көрөр эле. Акыркы жолу Москвага көрүнгөнү бара жатканда жакшы китептерди түнү менен издеп таап, алып барып берсем "ээ, бул жашоодо баарынын бүтөр жери бар турбайбы" деп бир аз кейип кетти да, кайра келгенде окуй турганын айтып жайкап койгон. Атамдын өлүмүн Улан (иниси Улан Мамытов — ред.) оор кабыл алып, кыйналды. Мен болсо суук кабарга даяр болуп калыптырмын.
Өкүнүчтүүсү, атабыз көз жумганда эч бирибиз үй-бүлө күтө элек болчубуз. Неберелерин да көрбөй кетти.