Рыспай Абдыкадыровдун тун кызы Алтынчач: атамдын каза болгонун теледен уккам

© Фото / из семейного архива АбдыкадыровыхДочь мелодиста, композитора Рыспая Абдыкадырова Алтынчач Абдыкадырова
Дочь мелодиста, композитора Рыспая Абдыкадырова Алтынчач Абдыкадырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
Быйыл таланттуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо 80 жашка толмок. Абдыкадыровдун ырлары бүгүн классикалык чыгармалардын сап башында турат.
Абдыкадыров 300дөн ашык обон менен музыкалык чыгармалардын автору. Көпчүлүгү азыр дагы эл оозунан түшпөй ырдалып келет. "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап", "Биз экөөбүз" аттуу ырлары канча деген муунду өстүрдү.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Рыспай Абдыкадыровдун улуу кызы Алтынчач Абдыкадырова менен атасынын чыгармачылыгы, өмүрүндөгү айрым окуялар тууралуу баарлашкан. 
© Sputnik / Асель СыдыковаРыспай Абдыкадыровдун улуу кызы Алтынчач Абдыкадырова атасынын чыгармачылыгы, өмүрүндөгү айрым окуялар тууралуу айтып берди
Дочь мелодиста, композитора Рыспая Абдыкадырова Алтынчач Абдыкадырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Рыспай Абдыкадыровдун улуу кызы Алтынчач Абдыкадырова атасынын чыгармачылыгы, өмүрүндөгү айрым окуялар тууралуу айтып берди
— Рыспай Абдыкадыров дегенде кубулжуган мукам үн, аккордеон жана керемет ырлар эске түшөт. Сиз үчүнчү?
— Атам кыргыз элине муундан-муунга ырдалуучу жакшы чыгармаларын, ырларын калтырып кетиптир. Биз убагында муну элес алган деле эмеспиз. Жашоо ошондой. Атам бала чагынан ырга шыктуу, таланттуу болгон экен. Өзү 1941-жылы туулуп, атасы алты айдан кийин согушка кетет. Чоң апам чиедей сегиз бала менен 32 жашында жесир калып, балдарын жалгыз өстүргөн. Атам бир үйдүн кичүүсү болгондуктан аябай эрке экен. Бирок окууга дилгир болуп, 4-класска чейинки айылдык мектепте жакшы окуйт. Ал мектептин эски имаратын кийин мен деле көрүп калдым. Бу киши кичинесинде эле ырдап, кошок айтып, айылдагылардын баарын кошуп чыкчу экен. Мунун башаты чоң апамда. Анткени апасы кошокчу, ырдаса үнү укмуш, ооз комуз черткен кыйын аял болгон.
Белгилүү ырчы жана обончу Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2019
Радио
Сатаев: Рыспай Абдыкадыров мени неберем, атамды балам деп жакын көрчү
Анан 4-классты бүтүп, Кара-Кулжа тарапка окууга барып, ошол жактан таланты ачылган. Мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун атасы Шарип абабыз атама көп жардам бериптир. Ал кишилер менен тууган болуп кетебиз. Атамдын талантын байкап "кой, ушул жетим баланын таланты ачылып, жол таап кетсин" деп Кара-Кулжа районундагы Токтогул атындагы жети жылдык мектепке киргизишкен экен. Кийин аккордеондо ойносом дегенде ак эткенден так этип жүргөн атама Шарип абабыз аккордеон сатып берет.
— Аккордеондо ойногонду үйрөтүп, алгач багыт берген ким болгон экен?
— Өзгөн районунун Мырзаке айылында аккордеондо абдан жакшы ойногон Мамат Оморов деген адам бар эле. Өтө таланттуу киши болчу. Кийин мен 7-класста окуп жүргөндө каза болуп калды. Атама ошол киши үйрөткөн экен. Экөө кийин иштешип да калды. 
© Фото / из семейного архива АбдыкадыровыхАлтынчач Абдыкадырова: атам кыргыз элине муундан-муунга ырдалуучу жакшы чыгармаларын, ырларын калтырып кетиптир. Биз убагында муну элес алган деле эмеспиз
Дочь мелодиста, композитора Рыспая Абдыкадырова Алтынчач Абдыкадырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынчач Абдыкадырова: атам кыргыз элине муундан-муунга ырдалуучу жакшы чыгармаларын, ырларын калтырып кетиптир. Биз убагында муну элес алган деле эмеспиз
— Эрте эле үйлөнгөн экен...
— Жетимчиликтин айынан абаларыбыз атамды 19 жашында менин апама үйлөнтүп коюшуптур. Апам ал кезде 15 жаштагы жетим кыз экен. Экөө үйлөнгөндөн кийин эки жыл өтүп мен төрөлүптүрмүн.
Заслуженный артист КР Токон Эшпаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2020
Өксүтпөгөн өгөй эне, ырдатпаган илдет. Токон Эшпаев тууралуу 8 факты
Быйыл көзү тирүү болсо атам 80 жашка чыкмак эле. Биздин апабыз менен үч кыздуу болгуча жашап, кийин 1967-жылы атам катуу ооруп калганда Бишкекке кетет. Ошентип 1968-жылдан баштап борбордогу филармонияда иштеп жүрөт. Мен негизинен ата тарабымда өстүм. Бир кезде сиңдим, чоң апам болуп атам менен бирге Фрунзеде туруп калдык. Өкмөт атама Бишкектин 7-кичирайонунан үч бөлмөлүү батир берген. 1969-жылы биз 1-класска бара турган болуп, чоң апам менен айылга кеткенбиз. Андан кийин атам экинчи жолу Оңолкан апабыз менен турмуш курган экен. Ал турмушунан Аида деген сиңдим бар. Кийин атам Ошко которулуп кетип, ошол жакта иштеди. 10-классты бүткөндө Ошко атамдын колуна келип, атамдын үчүнчү турмушу, Сюита сиңдимдин апасы менен бирге турдум. Ал киши азыр каза болуп калды. Атамдын үч турмушунан беш кызбыз. Баарыбыз жакшы катыштабыз.
— Бишкекте иштеп жүргөндө "эмгек сиңирген артист" наамына көрсөтүлүп, анан албай калганда таарынып Ошко кетип калгандыгын айтышат. Мунун чындыгы барбы?
— Жок, ал кезде атам аябай эле жаш болчу. Менимче, наамды деле ойлобосо керек. Негизинен бул киши наам, сыйлыктарга кызыга берчү эмес. ОшМУда сабак берди. Анан Түгөлбай Казаков экөө Ошто аймактарды кыдырып көп концерт коюшту. Эч убакта "мага наам бербей койду, эл артисти болбой калдым" деп айтчу эмес. Себеби атам кайсы жерге барса да, аны эл сыйлап, жакшы көрөрүн көрүп, билип турчу. Казакстандан бери чыгармачыл адамдар издеп келген. Биз Ошто жүргөндө күнү-түнү конок тосчубуз. 
© Фото / из семейного архива АбдыкадыровыхАлтынчач Абдыкадырова: жетимчиликтин айынан абаларыбыз атамды 19 жашында менин апама үйлөнтүп коюшуптур. Апам ал кезде 15 жаштагы жетим кыз экен
Дочь мелодиста, композитора Рыспая Абдыкадырова Алтынчач Абдыкадырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынчач Абдыкадырова: жетимчиликтин айынан абаларыбыз атамды 19 жашында менин апама үйлөнтүп коюшуптур. Апам ал кезде 15 жаштагы жетим кыз экен
— Эргүү келип, обондорун жаратып жаткан учурунда өзүн кандай алып жүрчү эле?
— Ал учурда өзүнчө кыялданып, көп сүйлөбөй үйгө кирип-чыгып, негизинен ойго батып калчу. Бир жакка барып келип, улам сыртка чыгып эле башка толкунда жүрө берчи. Бөлмөсүндө фортепианосу, ноталары даяр турчу. Бир кезде издегенин тапканда, фортепианосуна отуруп, көпкө дейре ойноп-ойноп, анан ноталарды кагазга шурудай тизип түшүрүп кирчү. Атам нота жагын мыкты билчү экен. Колу да сулуу болчу. Ал киши жалаң кара сыя (перо) менен жазчу. Ал кишинин башка да укмуш өнөрлөрүн билчүбүз.
— Кандай өнөрү бар эле?
— Биз жакта кымыздык, балтыркан аябай көп өсөт. Айылга барганда балтыркандын кургагын арасынан тандап алып, ар жерин бычак менен оюп-оюп туруп чоор кылып сонун күү ойнойт эле. Колдору да укмуш болчу. Кичинекей болсом да колдорунун кыймылын байкачу элем. Биздин үй айылда кырда болчу. Табиятты абдан жакшы көргөндүктөн атка минип алып, жаратылышка суктанып баарын кыдырып кетчү эле. Чыгармачыл адам болгон үчүн жан дүйнөсү буулугуп, жаратылышты эңсечү окшойт. Фотоаппараты бар эле, аны менен сүрөткө тартып, кургатып, боёгун куюп эле кошо убаралана берчүбүз. Кээде сүрөттөн тажап кетчүмүн. Үйдө сүрөт толтура болчу. Ал киши бардык музыкалык аспапта кыйын ойногон. Комузда, мандолинада да ойночу. Бирок убагында ошолорду чыгарбай калды. Аккордеондо ойноп, элдин эсинде ошол аккордеону менен калыптыр. 
© Sputnik / Асель СыдыковаАлтынчач Абдыкадырова: айылга барганда балтыркандын кургагын арасынан тандап алып, ар жерин бычак менен оюп-оюп туруп чоор кылып сонун күү ойнойт эле. Колдору да укмуш болчу. Кичинекей болсом да колдорунун кыймылын байкачу элем
Дочь мелодиста, композитора Рыспая Абдыкадырова Алтынчач Абдыкадырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынчач Абдыкадырова: айылга барганда балтыркандын кургагын арасынан тандап алып, ар жерин бычак менен оюп-оюп туруп чоор кылып сонун күү ойнойт эле. Колдору да укмуш болчу. Кичинекей болсом да колдорунун кыймылын байкачу элем
— Абдан бала кыял киши болгон дешет...
— Ооба, бала кыялы бар болчу. Атам телевидениеге барганды жактырчу эмес. "Ата, ырыңызды чыгарганы жатат. Барып коюңузчу, бир эле ыр ырдап койсоңуз" деп жалдырап, артынан ээрчип алчу элек. Анан акыры макул болгондо кароолчу болуп артынан кошо барчумун.
Кээде көчөдө кетип баратып эле ойноп кетчү. Биз балабыз да "чоң эле киши ушинтеби?" деп эле уялып калчубуз. Телевидениеге эптеп көндүрүп бара жатсак, жолдо баратып эле тамашалап жашынып калат. Ошентип ойной берчү. Кичинесинен жетим калып, анан эрте үйлөнүп, баягы балалык оюну канбаганбы, абдан бала кыял, ойноок адам эле. Бир жагынан абдан баласаак да болчу.
— Куудулдугу да бар эле дешет...
— Ооба, ар кандай окуяларын эстеп, азыр да күлүп калабыз. Ошто бизге базардын жанынан үч бөлмөлүү батир беришкен. Базарга апабыз суранса барбай, кыздары келерде бизди ээрчитип алып барып, каалагандарын алып берчү. Кышында баарыбызды эшикке чыгарып алып чанага сүйрөп, өзү кошо ойночу эле. Азыр ойлосом, биз чоңоюп 8-9-класс болуп калсак да конокко ээрчитип алчу экен. Көрсө, дайым балдары менен жүргөндү жактырчу окшойт. Атам айылга барса айылдагылар дасторконун жайып, коюн союп, даярданып турушчу эле. Баары эле конокко чакыра берчү. Бирок атам койдун этин деле жечү эмес. Айылда эки үй бозону жакшы салчу. Раматылык куудул, классташым Дөөлөт Мадымаев экөөбүздүн үйүбүз жанаша турган кошуна элек. Ошол кишинин апасы бозо салчу эле. Анан айылга барган сайын атам "кызым, мен Боронбайга куран окутуп келейин" деп койчу. Мен түшүнбөй "бул Боронбой деген киши кечке эле каза боло береби?" деп койчумун. Көрсө ал "бозо ичип келейин" деген сөзү экен (күлүп). Кийин түшүндүм. 
© Фото / ЦГА КФФД КРАлтынчач Абдыкадырова: кичинесинен жетим калып, анан эрте үйлөнүп, баягы балалык оюну канбаганбы, абдан бала кыял, ойноок адам эле. Бир жагынан абдан баласаак да болчу
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынчач Абдыкадырова: кичинесинен жетим калып, анан эрте үйлөнүп, баягы балалык оюну канбаганбы, абдан бала кыял, ойноок адам эле. Бир жагынан абдан баласаак да болчу
— Ата катары, талант катары айтып өттүк. Эми үй-бүлөдө жубайына кандай жолдош болду?
Залкар ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканованын жалгыз кызы Айнура Канжаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Мыскал Өмүрканованын кызы Айнура: апам мени кайындарынан ала албай өкүттө калыптыр
— Атам өтө катуу эмес, жумшак эле киши болгон. Бирок үчүнчү апабыз атамдын айтканын укчу. Ал киши абдан акылдуу аял эле. Баарын адамдын көз карашынан билип турчу. Атамдын тамагынан кийимине чейин баарын камдап турган ошо киши эле. Аялынын камкордугун сыйлап, атам деле көп катуу кетчү эмес. Музыканы түшүнгөн жан эле. Музыка жазса да, жубайына ырдатып көрүп, сындатчу. Апабыз да "абышка, могу жеринде кичине бирдеке турат" деп талдап айтып берип турчу. Ата катары да жакшы болду. Кээде мен кабагымды бүркөп калсам, мага таарынып жатат деп ойлоп кетчү окшойт: "кызым, эл мени катар-катар аял алган" деп жаман ойлойт. Тагдырым ушундай болду. Башында жаштык, балалык кылдым. Бул менин тагдырым экен" деп коёр эле.
— Атаңыз чыгармачылык чөйрөдө кыргызга аты чыккан улуу инсандардан кимиси менен жакын эле?
— Ошол кезде Кудайберген Темиров деген обончу бар эле. Ал киши менен да иштешти. Кийин Токон Эшпаев, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков менен жакшы эле. Негизинен чыгармачыл адамдардын баары менен эле мамилеси жакшы болчу, баары сыйлап турар эле. Обон жаратышса да келип кеп-кеңеш сурап турушчу. Ал эми өстүргөн шакирти Ибрагим Жунусов болду. Ал кишинин ошол кездеги ырларын көзөмөлдөп турчу. Ошто атамдан таалим алган студенттери көп. Нарында да шакирттери бар экен. Алар Нарын драма театрында баягы жылы дүңгүрөтө концерт беришкен. Атам өзү ыр жазганы менен Биримкул Алыбаев, Омор Султанов өңдүү акындар менен көп иштешти. "Ыр жазганым менен акын эмесмин. Ошондуктан акындар менен иштешишим керек" деп айтчу. Баарынын номерин тизмелеп алып, "мен мындай музыка жазып жатам" деп улам чалышып, тыгыз иштешти. Анан журналисттерден кийинчерээк Бөкөнбай Боркеев менен санаалаш дос, сырдаш болушту. Атам тууралуу жети томдук китеп чыгарган. Ошто атамдын атындагы фонд бар. Негизи атамдын 300гө жакын обондору бар болгону менен анын 20га жакыны эле ырдалып жүрөт. 
© Фото / из личного архива Бакира БоркееваАлтынчач Абдыкадырова: атам тууралуу жети томдук китеп чыгарган. Ошто атамдын атындагы фонд бар. Негизи атамдын 300гө жакын обондору бар болгону менен анын 20га жакыны эле ырдалып жүрөт
Талантливый композитор и исполнитель Рыспай Абдыкадыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынчач Абдыкадырова: атам тууралуу жети томдук китеп чыгарган. Ошто атамдын атындагы фонд бар. Негизи атамдын 300гө жакын обондору бар болгону менен анын 20га жакыны эле ырдалып жүрөт
— Уулунун жоктугуна өкүнгөн жокпу?
— "Менде жалаң кыздар" деп койчу эле. Бирок уулу жок экенине өкүнүп, биздин көзүбүзчө арман кылчу эмес. "Карыганда кыздарым багат. Мен биринчи сенин үйүңө барам, анан сен тажап жаман көрө баштаганда Гүлзаттын үйүнө кетип калам. Кайра айланып келгиче мени сагынып каласыңар. Ушинтип жанымды багым жүрө берем", — деп тамашалап калчу. Атамдын жалгыз эле эжеси болгон. Ал кишинин жети эркек баласы бар. Баары атамды "тага ата" дешип аябай жакшы көрүшчү.
Комузчу, теле алып баруучу Нурзат Орозалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2020
Артында Сезими жана күүлөрү калды. Нурзат Орозалиева тууралуу жети факты
Эрте эле 53 жашында кетип калды. Анан да "мен жаш бойдон кеткеним деле жакшы, элдин эсинде жаш, сулуу бойдон калам" деп тамашалап, "жүзгө чыга жашап, эч нерсе бүтүрбөй өлүп калгандан көрө аз жашасаң да бир иш жасап кеткен жакшы" дечү. Эрте кетерин билчү окшойт. Каза болоруна аз калганда айылына барып, туугандарына "мен коштошкону келдим" деп айткан экен.
Башка оорулары деле бар болчу, бирок каза болгондо эки бөйрөгү иштебей калган дешти. Бөйрөгү ооруганын деле айтчу эмес.
Бишкекке 1993-жылы акыркы жолу келип концерт койду. Кийинки жылы эле каза болуп калды. Атамдын каза болгонун да телевизордон уктум. 
© Фото / предоставлено Алтынчач АбдыкадыровойАлтынчач Абдыкадырова: "Менде жалаң кыздар" деп койчу эле. Бирок уулу жок экенине өкүнүп, биздин көзүбүзчө арман кылчу эмес
Дочь мелодиста, композитора Рыспая Абдыкадырова Алтынчач Абдыкадырова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алтынчач Абдыкадырова: "Менде жалаң кыздар" деп койчу эле. Бирок уулу жок экенине өкүнүп, биздин көзүбүзчө арман кылчу эмес
— Кандайча?
— Ал убакта балдарым кичине болчу. Мага атамдын каза болгону тууралуу кабар келе электе телевизордон диктор Бактыбек Мамытов "ушундай кишиден айрылдык" деп эле атамдын каза болгонун айтты. Мен ишенер-ишенбесимди билбей эле нес болуп калгам.
Жаңылыктар түрмөгү
0