Сабира Күмүшалиеванын келини: кайненем экөөбүз дароо ынак болуп кете албадык
13:28 27.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / из семейного архива Клары НиязалиевойНевестка известных актеров Рыскулова и Кумушалиевой Клара Ниязалиева
© Фото / из семейного архива Клары Ниязалиевой
Жазылуу
Белгилүү сахна жана театр чеберлери Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиеванын келини Клара Ниязалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине келип, кайын журту, укук коргоо кызматына өмүрүн арнаган жолдошу тууралуу кенен маек куруп берди.
Кыргыз киносунун Бакайы аталган улуу актер жубайы Сабира Күмүшалиева менен 38 жыл бирге жашашкан. Эки таланттын эң кичүү уулу Бактыбек Рыскуловдун көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка толмок. Ал милициянын полковниги болчу.
— Быйыл айтылуу залкар түгөйлөр Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиеванын уулу, жолдошуңуз Бактыбек Рыскулов көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак экен...
— Ооба, быйыл 70 жашка толмок. Туулган күнү 23-февралда болчу.
© Фото / из семейного архива Клары НиязалиевойКлара Ниязалиева: кайнатам тууралуу жарытылуу деле көп нерсе айта албайм. Анткени келин болуп барганга чейин эле каза болуп калган экен.
Клара Ниязалиева: кайнатам тууралуу жарытылуу деле көп нерсе айта албайм. Анткени келин болуп барганга чейин эле каза болуп калган экен.
© Фото / из семейного архива Клары Ниязалиевой
— Сиздин жолдошуңуз Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиеванын кичүү баласы болсо керек?
— Кайнатамдын (Муратбек Рыскулов — ред.) эки эркек баласы бар эле. Эң улуу кайнагам Искендер Рыскулов белгилүү режиссер болчу. Андан кийин Асылкүл жана Нуржамал аттуу кайнежелерим бар. Менин жолдошум Бактыбек Рыскулов үйдүн эң кичүүсү эле. Кайненем айткандай, бир үйдүн көкүрөк күчүгү. Жолдошум өмүрүн ички иштер кызматына арнаган адам. Ушул тармакта так, таза гана иштебестен республикада укук коргоо органдарынын жакшырышына өз салымын кошту.
— Ата-энесиникинен такыр башка нуктагы кесипти тандап алган экен да?
— Ооба, ал 1975-жылы Карагандадан жогорку милиция мектебин аяктап келген. Өзүнүн адистиги юрист болчу. Бирок бүтүп келгенден бери ар кандай кызматтарда эмгектенди. Көбүнчө кылмыш ишин иликтөө, каракчылыкты жана тоноонун бетин ачуу бөлүмүндө иштеген. 1993-жылдары президенттин жарлыгы менен өкмөттүн алдында баңгизатка каршы комиссия ачылган. Ошол комиссиянын биринчи жетекчиси менин жолдошум — Бактыбек Муратбеков болду. Каза болгонго чейин иштеп, ушул кызматты түптөп, мыкты команда чогулткан. Аскердик чини милициянын полковниги болчу. 1995-жылы кырсыктап каза болуп калды.
© Фото / из семейного архива Клары НиязалиевойКлара Ниязалиева: жолдошум 1975-жылы Карагандадан жогорку милиция мектебин аяктап келген. Өзүнүн адистиги юрист болчу.
Клара Ниязалиева: жолдошум 1975-жылы Карагандадан жогорку милиция мектебин аяктап келген. Өзүнүн адистиги юрист болчу.
© Фото / из семейного архива Клары Ниязалиевой
— Кызмат учурундабы?
— Ооба, мен ал күнү дачада болчумун. Өзү да "жумуштан эрте чыксам дачага барып калам, кеч чыксам үйгө эле барам" деп айткан. Ошол себептен ал күнү мен бейкапар элем. Келбегенинен үйгө кеткен го деп ойлодум. Эртеси гана жолдошумдун жумуштан келе жатып жол кырсыгына кабылганын айтышканда апам (Сабира Күмүшалиева — ред.) экөөбүз ооруканага дароо жетип бардык. Комада беш күн жатты. Ошол аралыкта ооруканадан карыш жылган жокпуз. Бирок эсине келбей эле №4 шаардык ооруканадан каза болуп калды.
— Жаман болгон экен... Театр искусствосунун корифейлери аталган эки залкардын үйүнө бүлө болуп баруу да чоң жоопкерчилик болуш керек...
— Кайнатам тууралуу жарытылуу деле көп нерсе айта албайм. Анткени келин болуп барганга чейин эле каза болуп калган экен. Бирок ал кишини сыртынан таанычумун. Абдан белгилүү адам болгондуктан көрүп, суктанып жүрчүбүз. Ал мезгилде маданияттын гүлдөп турган учуру, коом да башкача болчу. Театрга барбаган адам маданияты жок адам болуп эсептелчү эле. Анда китеп окуу, театрга барып, китеп боюнча диспуттарды өткөрүү мода эле. Адамдын маданияттуулугу ушундан билинчү. Андыктан театрга көп барчубуз. Жакшы спектакль болсо "кыргыз тилинде экен, түшүнбөйбүз" деп айтпастан орустар деле бара берчү. Анткени эл театрдын тилин түшүнчү.
© Фото / из семейного архива Клары НиязалиевойКлара Ниязалиева: Бактыбек менден директордун кабинетин сурады, барып көрсөтүп бердим. Бир көрүп сүйүп дегендей мамилебиз ошондон башталды
Клара Ниязалиева: Бактыбек менден директордун кабинетин сурады, барып көрсөтүп бердим. Бир көрүп сүйүп дегендей мамилебиз ошондон башталды
© Фото / из семейного архива Клары Ниязалиевой
— Кайненеңиз сизди кандай кабыл алды?
— Жаңы барганда апам көзүмө кары көрүндү эле. Көрсө ошондо 61 жашта эле экен. Жаңы эле жолдошунан ажырап, аябай капа болуп жүрүптүр. Мени келини катары жакшы кабыл алды, той-топурубузду, келин алуу жөрөлгөсүнүн баарын жасады. Бирок башында шыр эле ынак болуп, тил табышып кеттик деп айта албайм. Бизде да ыйкы-тыйкылар болду. Себеби мен жаш, бир үйдүн эрке кызы элем. Андан тышкары, "тарс" эле бетке айтып салган мүнөзүм бар болчу. Ал эми чыгармачыл адамдардын дүйнөсү такыр башка. Аларды жөнөкөй, чымыны жок адамдар түшүнө албайт. Чыгармачыл адамдар өзүнүн дүйнөсүндө жашайт, жашоого көз карашы да бөлөк. Булар болгон нерсенин баарын жүрөгүнө өтө жакын алып, ичиндеги эмоциясы сыртына чыгып турат. Үйгө чыгармачыл адамдар көп келчү, бардыгына чай берип келиндик кызмат көрсөтүү керек. Мен ал кезде 22 жаштагы кыз элем. Бирок эки-үч жылдан кийин апам экөөбүз бири-бирибизди туура түшүнүп, мамилебиз жакшыра баштады. Өзгөчө жолдошум каза болгондон кийин ынак болдук. Башыбызга келген жоготууну чогуу көтөрдүк.
— Жолдошуңуз менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
— Мен жогорку окуу жайында француз тили боюнча чет тили факультетинде окучумун. Анан борбордогу №29 мектепте практика өтүп жаткам, ошол убакта ал Карагандадан Бишкекке кылмыш иликтөө бөлүмүнө практикага келген экен. Ошол кезде биздин мектептен музыкалык аспаптар жоголуп кетти. Бул майда иш болгондуктан РИИБден практикантты жөнөтүшөт. Ошол күнү тепкич менен ылдый түшүп келе жатсам, бир жигит өйдө чыгып кетип баратыптыр. Ал менден директордун кабинетин сурады, барып көрсөтүп бердим. Бир көрүп сүйүп дегендей мамилебиз ошондон башталды. Сабак бүткөндөн кийин эшикке чыксам, мектептин алдында күтүп туруптур. Ошондон кийин сүйлөшө баштадык. Мен университетти бүткөндө ал да окуусун аяктап келди. Ошентип, 22 жашымда турмушка чыккам.
© Фото / из семейного архива Клары НиязалиевойКлара Ниязалиева: жолдошум укук коргоо кызматкери болууну тандап алган. Буга анын окуган китептери түрткү болгон деп ойлойм.
Клара Ниязалиева: жолдошум укук коргоо кызматкери болууну тандап алган. Буга анын окуган китептери түрткү болгон деп ойлойм.
© Фото / из семейного архива Клары Ниязалиевой
— Бактыбек Муратбекович ата-энесине кандай уул, кандай жолдош болду?
— Жолдошум орус мектепте окуса да апасынын пикирине каршы чыгып, "жок, андай эмес" деп көңүлүн оорутканын, тике карап каяша айтканын көргөн жокмун. Экөөбүздүн тарбиябызда бир аз айырма бар эле. Мен дароо бетке айтчумун. Бул жеке шаардыктардын кемчилиги деп ойлойм. Үйлөнөрдө менин мүнөзүмдү билгендиктен жолдошум да мени кадимкидей турмушка даярдады. "Башында сага оор болот. Апам бир нерсе десе унчукпа, биринчиден, жашы улуу. Экинчиден, апам мындай нерселерди көтөрө албайт, табияты башка. Биздин үйдө улуу кишилерге өйдө карабайбыз. Театрда да ал кишини сыйлап турушат. Апам туура эмес айтып койсо да чыдап кой, андан эч нерсе болбойт. Сен акылдуу болушуң керек. Апам мени абдан жакшы көрөт. Анан өзүң ойлоп көрсөң, сен келип эле сага көңүл бөлүп калсам, ага деле жаман болсо керек. Ошол себептен түшүн", — деп айткан. Башында эле "мен сенин апаңды сыйлайм, сен менин апамды сыйла" деп сүйлөшүп алганбыз. Чынында кайненем уулун жанынан артык көрүп, кагылып турчу. Мен да жолдошум айткандай болууга, бул үй-бүлөнүн тартибин кабыл алып, көз карашын түшүнүүгө абдан аракет кылдым. Азыр ойлосом, күйөөм жаш болсо да акылдуу болгон экен. Бактыбек негизинен мыкты дипломат болмок деп ойлойм. Ал киши ар бир сөзүн ойлонуп, талдап сүйлөчү. Адам менен сүйлөшкөндө анын сүйлөгөнүн байкап, кыймылына маани берер эле. Алысты көрө билген кыраакы адам менен жашадым. Бактыбек үй-бүлөлүк көйгөйдү сүйлөшүү, түшүндүрүү жолу менен эле чечип койчу. Анан да апаларыбыз, эки кудагый абдан сый болду. Ошол себептен улам турмушту көтөрүп кеттим.
© Фото / из семейного архива Клары НиязалиевойКлара Ниязалиева: Бактыбек негизинен мыкты дипломат болмок деп ойлойм. Ал киши ар бир сөзүн ойлонуп, талдап сүйлөчү.
Клара Ниязалиева: Бактыбек негизинен мыкты дипломат болмок деп ойлойм. Ал киши ар бир сөзүн ойлонуп, талдап сүйлөчү.
© Фото / из семейного архива Клары Ниязалиевой
— "Кайнененин камырынан" дейт го. Өзүңүз да жаш келиптирсиз, ал киши сизге кандай таалим-тарбия берди?
— Менин кайненем абдан намыскөй киши болчу. Апамдын көп жакшы жактары бар эле, анын баарын өзүмө ала алдымбы-жокпу, билбейм. Ал киши абдан таза, так жүрчү. Бирөөгө сөз берип койсо аны аткарчу. Ушул сапат менин жолдошумда да бар эле. Экинчиден, такыр ушак айтчу эмес. Бирөөгө ачуусу келсе, нааразы болсо ошол маселе тууралуу гана сүйлөчү. Бирок ушактаганын уккан эмесмин. Жалаң театр, роль тууралуу гана түйшөлүп, кеп кылчу. Театрдагы артисттердин да жеке турмушуна кызыккан адаты жок болчу. Актёр болуу — бул эң татаал кесип. Көпчүлүк муну түшүнө бербейт.
— Сабира Күмүшалиеванын харизмасы аябай күчтүү эле. Кайненеңиздин тасмада же спектаклде роль жаратууга даярданганына күбө болуп калдыңызбы?
— Үйдөн ролго даярданганын дайыма көрчүмүн. Ошол убакта апам абдан сарсанаа болуп, ойлонуп-толгонуп жүрчү. Андай кезде жалаң гана ролду кантип берсем, канткенде ачылат деп гана жашап калчу. "Клара, мобу жерин карап койчу, ушул жерин тыңшап койчу. Минтсем кандай болор экен?" — деп менден да сурачу. Анан жекече даярданып, "муну момундай кылышым керек" деп өзү менен өзү сүйлөшүп, "жок, мындай жарабайт, кана" деп режиссёрлорго чалып: "Ай, мен момундай ойго келдим, сен кандай ойлойсуң?" — деп оюн айтчу. Көп режиссёрлор да апама ишенип "эже, сиз айткандай кылып көрүңүз, биз көрөлү, сизге ишенебиз" дешчү. Ал кишини сыйлап, ишенип турушчу.
© Фото / из семейного архива Клары НиязалиевойКлара Ниязалиева: азыр уулум экөөбүз турабыз
Клара Ниязалиева: азыр уулум экөөбүз турабыз
© Фото / из семейного архива Клары Ниязалиевой
— Башка кесипти тандаганы менен жолдошуңузда деле актёрлук талант болсо керек?
— "Таланттуу адамдар бардык жагынан таланттуу" деген сөз бар. Менин жолдошумда да шык-жөндөм бар болчу. Анын жолу искусстводо эле. Анткени ата-энеси белгилүү адамдар, улуу агасы Искендер байке да мыкты режиссер болчу. Бирок жолдошум укук коргоо кызматкери болууну тандап алган. Буга анын окуган китептери түрткү болгон деп ойлойм. Анткени мекенди коргоо, патриоттук темалардагы китептерди көп окучу. Ошентсе да Бактыбек Муратбекович искусствону абдан жакшы түшүнүп, үйдө башка чыгармачыл адамдар катышкан искусство тууралуу талкуу, диспуттар болгондо кадимкидей алар менен бир толкунда сүйлөшө алчу. Анткени ата-энеси гастролго, театрга эки баласын көп алып барышчу экен. Булар сахнада чоңоюшкан.
© Фото / из семейного архива Клары НиязалиевойКлара Ниязалиева: биздин эки кыз, бир уулубуз бар. Улуу кызым Россияда, кичүүсү Америкада жашайт. Экөө тең бала-чакалуу.
Клара Ниязалиева: биздин эки кыз, бир уулубуз бар. Улуу кызым Россияда, кичүүсү Америкада жашайт. Экөө тең бала-чакалуу.
© Фото / из семейного архива Клары Ниязалиевой
— Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
— Биздин эки кыз, бир уулубуз бар. Улуу кызым Россияда, кичүүсү Америкада жашайт. Экөө тең бала-чакалуу. Улуу небере кызыбыз 21 жашта, Австрияда университетте окуйт. Уулум Жоомарт болсо мени менен жашайт. Үчөө тең абдан таланттуу. Бир ишти жасаарда чыгармачылык менен мамиле жасашат. Ошондой бир окуяны айтып берип жатканда көркөмдөп, образга кирип айтып беришет. Аны көргөн тааныштар "кантсе да канында бар да" деп күлүп калышат.