Мусин Орозбаевдин жубайы: балдарымды "уурунун баласы" атыктырбайм деген

© Фото / из семейного архива ОрозбаевыхГосударственный деятель Мусин Орозбаев
Государственный деятель Мусин Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2021
Жазылуу
Көп жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп, чынчылдыгы, тактыгы жана эмгекчилдиги менен замандаштарынын оозунда калган Мусин Орозбаевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мусин Орозбаевдин жубайы Забыткан Алимжанова менен маек даярдаган.
2013-жылы 71 жашында каза болгон Мусин Орозбаев артына бир катар эмгектерин калтырып кеткен. Алардын бири "Кыргыз макал-лакаптары" аттуу сөздүгү.
— Быйыл Мусин Орозбаевичтин 80 жылдыгы экен. Мамлекеттик кызматкер катары ал кишининин таза иштегенин жана чынчылдыгын айтышат...
Невестка известных актеров Рыскулова и Кумушалиевой Клара Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Сабира Күмүшалиеванын келини: кайненем экөөбүз дароо ынак болуп кете албадык
— Ооба, көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Ал киши өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеди. Тактап айтканда, 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн соң совет мезгилиндеги Борбордук комитетте эмгек жолун баштап, кийин Ак үйдө ар кандай кызматтарды аркалаган. Жолдошум бирөөнүн бир тыйынына да кара санабай эмгектенгени үчүн көп эле жерден сый-урмат көрүп, жакшы сөз угам. Бир күнү аялдык кылып абышкама "ай, элдин баары эле минтип жатыптыр. Сен деле бир аракет кылсаң боло" дедим.  "Мен эч качан балдарымды "уурунун баласы" дедирбейм. Уурдагандардын куса турган күнү келет", — деп айткан. Ошондон кийин унчукпай калгам. Бирок убагында туугандар арасында "бизди көтөрмөлөбөйт, мындай кызматка илештирип койбойт, жардамы тийген жок" деген таарынычтар көзү жокто айтылып жүрдү. Бир жолу "ай, баланчалар ушинтип таарынып жатат" десем, "ал кызматка барууга да баш керек" деп койгон.
Азыр кээде уулум келип "апа, жумуштарым менен Ак үйгө же дагы башка жактарга барып калганда улуу кишилер атам тууралуу жылуу пикирин билдирип, мага сый мамиле кылып калышат" деп айтып калат. Балдарына көө жапкан жок, кудайга шүгүр! 
© Фото / из семейного архива ОрозбаевыхКөп жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп, чынчылдыгы, тактыгы жана эмгекчилдиги менен замандаштарынын оозунда калган Мусин Орозбаевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.
Государственный деятель Мусин Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Көп жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп, чынчылдыгы, тактыгы жана эмгекчилдиги менен замандаштарынын оозунда калган Мусин Орозбаевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.
— Балдарыңыз да мамлекеттик кызматкерби?
— Мусин экөөбүз үч уул, бир кыздуу болдук. Балдарымдын баары жогорку билимдүү болуп, кагаз иштеринин адиси болушту. Ак эмгеги менен нанын таап жатышат. Балдарымдын бири илимдин доктору, экинчиси өлкөдө баш көтөргөн юрист, кызым да кудайга шүгүр. Кейиштүүсү, улуу баламды жоготуп алдык (жашып — ред.).
Жолдошум таң атпай балдардын бетинен өөп коюп жумушка кетип, кечинде кеч келип бетинен өөп койчу. Бул киши да бир дем алышты билбей иштеди. Дайыма убактысын жумушта өткөрчү. Анан балдар да "атам жакшы" деп айта беришчү (күлүп). Мен өзүм мектепте мугалим болгондуктан балдарды кичинесинен эле кагазга байлап, аябай катуу кармап коюптурмун. Баладай болуп бир ашыкча ойногон жок.  4-класста окуган кезинде балдарыма дүйнөлүк адабиятты окутчумун. Азыр неберелерим чет мамлекетте билим алууда. Алты неберебиз бар.
— Ыйманы саламат болсун, бала жоготуу кайгысын да тарткан экенсиздер...
— Ооба, улуу балам 27 жаш курагында киши колдуу болуп калды. Абдан өрт жигит болчу. Негизи "өлөр бала өзгөчө болот" деп коёт экен. Кичинесинен эле баладан башкача уулум бар эле. Өзү бажы тармагында иштеп, аткезчилик жол менен кирүүчү товарларга бөгөт коюу иштери менен да алектенип калды. Бир чоңдун куйругун басып алганбы, күйүткө салып кетти... 
© Фото / из семейного архива ОрозбаевыхЖубайы Забыткан Алимжанова: Жолдошум таң атпай балдардын бетинен өөп коюп жумушка кетип, кечинде кеч келип бетинен өөп койчу. Бул киши да бир дем алышты билбей иштеди. Дайыма убактысын жумушта өткөрчү.
Государственный деятель Мусин Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жубайы Забыткан Алимжанова: Жолдошум таң атпай балдардын бетинен өөп коюп жумушка кетип, кечинде кеч келип бетинен өөп койчу. Бул киши да бир дем алышты билбей иштеди. Дайыма убактысын жумушта өткөрчү.
— Мусин Орозбаевди мамлекеттик жумушта эс алууну билбей иштеди дебедиңизби. Айтайын дегеним, ал кишинин бир нече китеби жана "Кыргыз макал-лакаптары" котормо томдугу чыкты эле. Мындай көлөмдүү эмгекти чыгарууга кантип үлгүргөн?
Кандидат филологических наук, писатель Тазабек Саманчин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Атамдын эмгектерин көз алдында өрттөшкөн. Тазабек Саманчиндин кызы менен маек
— Ушул кыргыз макал-лакаптарын орус тилине которуунун үстүндө 30 жыл иштептир. Ар бир макал-лакаптын жанына булагы кошо жазылган. Айрым учурда бир эле эмес бир канча котормосу кошо берилет. Бул кишинин үйдө өзүнчө иш бөлмөсү болор эле. Жумуштан келе калганда эле дароо иш бөлмөсүндөгү столуна отурчу. Же дем алышта жумушка барбай калганда ал бөлмөдөн чыкчу эмес. Качан кирсең жазып эле отурган болот. Аскар Акаевден кийинки чоңдор менен иштеше албай койду көрүнөт, 2005-жылдан кийин эле пенсияга чыгып кетти. Ошондон көзү өткөнгө чейин үйдөгү иш столунан жылбай иштеди. Эртең менен жумушка кеткенсип кадимкидей бөлмөсүнө кирип кетет. Түштө тамакка чакырсам жок, үч-төрт жолу айтканда араң келчү. Кээде айлам кеткенде алып барып берчүмүн. Ошону менен кечинде кеч чыкчу. Бул киши туугандар арасындагы жамандык-жакшылыкка да барчу эмес. Кээде гана жалгыз барбай турган жерлерге кошо барчу. Анда да эптеп көндүрүп алып барчу элем. Ошентип өмүрүнүн акырына чейин эмгек менен жашады.
"Кымкар" аттуу китебин ооруп жатканда неберелери чыгартып, алып келгенде аябай сүйүнүп кол тамга жазып, батасын берген. Калган эмгектери 2013-жылдан соң каза болгондон кийин жарык көрдү. 
© Фото / из семейного архива ОрозбаевыхЗабыткан Алимжанова: макал-лакаптарын орус тилине которуунун үстүндө 30 жыл иштептир. Ар бир макал-лакаптын жанына булагы кошо жазылган. Айрым учурда бир эле эмес бир канча котормосу кошо берилет.
Государственный деятель Мусин Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Забыткан Алимжанова: макал-лакаптарын орус тилине которуунун үстүндө 30 жыл иштептир. Ар бир макал-лакаптын жанына булагы кошо жазылган. Айрым учурда бир эле эмес бир канча котормосу кошо берилет.
— Кол жазмаларын чогултуп чыгарттыңызбы?
— Ал киши каза болгондон кийин үч-төрт жыл өзүмө келе албай, жаман болуп жүрдүм. Ортодо ооруп да калдым. Андан кийин гана абышкамдын иш бөлмөсүндөгү кагаздардын баарын дачага көчүрүп, акырындан иреттедим. Ошондо бул кишинин көп жылдык эмгектеринин топтомун көрүп алып таң калып жатпаймынбы. Чогулткан материалдары бүтүндөй архивге тең экен. Кол жазмаларын жыйнап эки китеп чыгардык. Өзү моңолдор уруусунан болот. Ушул уруунун санжырасын да жазып жаткан экен, бирок бүтпөй калыптыр. Мындан тышкары, айрым жашыруун материалдар да бар экен. Аларды өрттөп салдым. 
© Фото / из семейного архива ОрозбаевыхМусин Орозбаевдин жубайы Забыткан Алимжанова: экөөбүз үч уул, бир кыздуу болдук. Балдарымдын баары жогорку билимдүү болуп, кагаз иштеринин адиси болушту. Ак эмгеги менен нанын таап жатышат.
Государственный деятель Мусин Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мусин Орозбаевдин жубайы Забыткан Алимжанова: экөөбүз үч уул, бир кыздуу болдук. Балдарымдын баары жогорку билимдүү болуп, кагаз иштеринин адиси болушту. Ак эмгеги менен нанын таап жатышат.
— Жылуу эскерип, ушунча жыл өтсө да көзгө жаш алып отурганыңызга караганда көңүлүңүздү эч бир калтырган эмес окшойт...
Ученый, манасовед и переводчик Зияш Бектенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2020
Зияш Бектеновдун кызы: ата-энем бир күндө эки чүрпөсүнөн айрылып отуруп калган
— Жок, аял катары жолдошумдун эч бир катуу сөзүн уккан жокмун. Бир да жолу көңүлүмдү оорутпады. Балдарды да жөн гана бетинен өөп, башынан сылап койчу. Мен да бул кишиге эч качан баштык көтөрткөн жокмун. Карым-катыш, үйдөгү чарбалык иштердин баарын өз мойнума алгам. Мусин абдан жумшак, ошол эле убакта так киши эле.
Бир жолу эле тойдо сөз сүйлөгөм, үйгө келгенде "адам деген сүйлөөрдө ойлонуп сүйлөшү керек да" деп койгон. "Эмне деп туура эмес сүйлөп койдум экен" деп көпкө ойлонуп калдым. Бирок ушуга чейин биле алган жокмун. Экөөбүз бирге түтүн булаткан 46 жылдык жашообузда бир жолу гана ушундай "сын" уккам. Жакшы жашадык.
Жаңылыктар түрмөгү
0