https://sputnik.kg/20210408/taksi-kyzmatyn-iretke-keltiruu-1052040417.html
Жакыпбеков: такси тармагында баа атаандаштык менен калыптанбайт
Жакыпбеков: такси тармагында баа атаандаштык менен калыптанбайт
Sputnik Кыргызстан
Такси айдоочулардын профсоюзунун төрагасы Руслан Жакыпбеков такси тармагында атаандаштык менен иш жүрбөй калганын билдирди. 08.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-08T10:59+0600
2021-04-08T10:59+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
такси
кардар
баа
https://sputnik.kg/img/07e5/04/08/1052040258_0:0:3068:1734_1920x0_80_0_0_bfc4bb197a815dc026fec6b8cf6f66dc.jpg
Жакыпбеков: такси тармагында баа атаандаштык менен калыптанбайт
Sputnik Кыргызстан
Жакыпбеков: такси тармагында баа атаандаштык менен калыптанбайт
Такси тармагында баалар атаандаштык менен калыптанбайт. Бул тууралуу Руслан Жакыпбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, учурда кардардын таксиге отурушу 39 сом, ал эми чакырымына 10 сомдон болууда.Ошондой эле ал такси тармагында монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мыйзам иштебей жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/08/1052040258_0:0:3068:1928_1920x0_80_0_0_517cbe5e4f47db271237679cbc2ba8f3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, такси, кардар, баа
коом, кыргызстан, такси, кардар, баа
Жакыпбеков: такси тармагында баа атаандаштык менен калыптанбайт
10:59 08.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Такси айдоочулардын профсоюзунун төрагасы Руслан Жакыпбеков такси тармагында атаандаштык менен иш жүрбөй калганын билдирди.
Такси тармагында баалар атаандаштык менен калыптанбайт. Бул тууралуу Руслан Жакыпбеков
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда кардардын таксиге отурушу 39 сом, ал эми чакырымына 10 сомдон болууда.
"Өлкөгө чет өлкөлүк такси агрегаты кирип, бааны түшүрүү жолу менен кардарларды тартып алды. Бонус системасы аркылуу, башкача айтканда, кардар төлөй турган каражатты компания төлөп берүү менен айдоочуларды да өзүнө тартып жатат. Башында комиссия албаса, азыр 15-16 пайызга чейин көтөрүп салды. Ал эми бааларды динамикалуу тариф, коэффициент деген шылтоо менен баалар бир кылка эмес. Ал эми жергиликтүү такси кызматтары чет өлкөлүк компанияга акысын тууралады. Мындан улам айдоочулар баа кымбат болгон аймакта же убакытта иштейт. Ошондой эле такси айдоочулары бир нече фирма менен иштейт. Телефонуна беш-алты фирманын тиркемесин көчүрүп алган. Натыйжада алар кардар көп учурда шаардын борборунда иштесе, жаңы конуштарга башка фирманын тарифи менен чыгат", — деди Жакыпбеков.
Ошондой эле ал такси тармагында монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мыйзам иштебей жатканын кошумчалады.