Олимпиадага барчу КРдин жөө күлүктөрү Ташкенттеги марафонго катышат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЖөө күлүктөр марафон учурунда. Архив
Жөө күлүктөр марафон учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Жөө күлүктөр Өзбекстанга Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлдү.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Токио Олимпиадасына лицензия уткан жөө күлүктөр Дарья Маслова, Мария Коробицкая башында турган кыргызстандык команда эл аралык Ташкент марафонуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш Өзбекстандын баш калаасында 28-мартта өтөт. Ага Кыргызстандын жеңил атлетика улуттук командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:
  • Дарья Маслова (эл аралык даражадагы спорт чебери);
  • Адилет Кыштакбеков (ЭДСЧ);
  • Жоодар Көчкөнбаев (спорт чебери);
  • Илья Тяпкин (ЭДСЧ);
  • Мария Коробицкая (ЭДСЧ);
  • Гульшаной Сатарова (ЭДСЧ);
Спортчуларды машыктыруучу Татьяна Борисова жетектеп барат.
"Жөө күлүктөр 25-марттан 29-мартка чейин Ташкент шаарына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Күрөшүп жаткан балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Олимпиадага барчу спортчуларга акча бөлүнбөй, карыз болуп жатышканы айтылды
Эскерте кетсек, Дарья Маслова 2019-жылдын декабрында Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жетип, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. Олимпиадалык ченем 2 саат 29 мүнөт 30 секунда болуп саналат. Ал эми Мария Коробицкая Өзбекстанда II эл аралык Ташкент марафонунда 42 чакырым 195 метрлик классикалык аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундада өтүп, Токиого жолдомо алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0