https://sputnik.kg/20210309/oshtogu-abaktan-rossiyaga-kachyp-ketken-ayaldy-kayra-alyp-kelishti-1051707657.html
Оштогу абактан качып, Россияда жашырынып жүргөн аял кайтарылды
Оштогу абактан качып, Россияда жашырынып жүргөн аял кайтарылды
Sputnik Кыргызстан
Абдан көп суммадагы акча алып, элди алдады деп күнөөлөнгөн аял түрмөдөн 2017-жылдын аягында качып кеткен. 09.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-09T10:49+0600
2021-03-09T10:49+0600
2021-12-16T22:29+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
ош
абак
качуу
алдамчылык
аял
россия
https://sputnik.kg/img/104641/10/1046411045_0:301:3067:2026_1920x0_80_0_0_e98be8f1870a775b9ca6ce776294b3c2.jpg
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Россиянын Башкы прокуратурасы кыргыз тараптан түшкөн сурамдан улам Оштогу абактан качып кеткен аялды кайра Кыргызстанга кайтарып берди. Бул туурасында Россиянын аталган көзөмөл органынын "ВКонтакте" социалдык тармагындагы расмий баракчасында кабарланган.Андагы маалыматка караганда, Ош шаардык соту З. А. аттуу аялды 2015-жылдын декабрында алдамчылык кылгандыгы үчүн эркинен ажыраткан. Кийинчерээк ал жазасын өтөбөй из жашырып кеткен.2017-жылдын 25-январында З. А. Оштогу № 42 түзөтүү абагынан качып кеткен.Аялдын кайда жүргөнү такталгандан кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Россиядагы кесиптештерине күнөөлүүнү берүү туурасында өтүнүп, кат жиберген. Атайын кайтаруунун коштоосу менен кылмышкер Кыргызстанга кайтарылды.
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104641/10/1046411045_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_0d5bdec10ddbd288f67f171c937b6711.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, ош, абак, качуу, алдамчылык, аял, россия
жаңылыктар, коом, кыргызстан, ош, абак, качуу, алдамчылык, аял, россия
Оштогу абактан качып, Россияда жашырынып жүргөн аял кайтарылды
10:49 09.03.2021 (Жаңыртылды: 22:29 16.12.2021) Абдан көп суммадагы акча алып, элди алдады деп күнөөлөнгөн аял түрмөдөн 2017-жылдын аягында качып кеткен.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Россиянын Башкы прокуратурасы кыргыз тараптан түшкөн сурамдан улам Оштогу абактан качып кеткен аялды кайра Кыргызстанга кайтарып берди. Бул туурасында Россиянын аталган көзөмөл органынын "ВКонтакте" социалдык тармагындагы расмий
баракчасында кабарланган.
Андагы маалыматка караганда, Ош шаардык соту З. А. аттуу аялды 2015-жылдын декабрында алдамчылык кылгандыгы үчүн эркинен ажыраткан. Кийинчерээк ал жазасын өтөбөй из жашырып кеткен.
"Күнөөлөнүп жаткан аялдын 2014-2015-жылдары өзүнүн өнөктөрү менен төрт адамдын ишенимине кирип, ар кыл жол менен алдап акча жана мүлктөрүнө ээлик кылганы такталды", — деп айтылат маалыматта.
2017-жылдын 25-январында З. А. Оштогу № 42 түзөтүү абагынан качып кеткен.
Аялдын кайда жүргөнү такталгандан кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Россиядагы кесиптештерине күнөөлүүнү берүү туурасында өтүнүп, кат жиберген. Атайын кайтаруунун коштоосу менен кылмышкер Кыргызстанга кайтарылды.