Вьетнам согушуна катышкан Курсан Мадинов: полктошумду 50 жылдан кийин көрдүм
18:01 19.02.2021 (Жаңыртылды: 12:58 24.02.2022)
© Sputnik / Табылды КадырбековВьетнам согушуна катышкан Курсан Мадинов
Жазылуу
Вьетнамдагы 30 жылга созулган согушта вьетнамдык комунисттер АКШнын өнөктөштөрүн жеңип, Сайгон шаарына (азыркы Хошимин) туусун орнотушкан. Ошондон кийин гана Түндүк жана Түштүк деп экиге бөлүнгөн Вьетнам биригип, 1975-жылы 30-апрелде согушка чекит коюлган.
1945-жылдан баштап өзүнүн эркиндиги үчүн Франция жана Вашингтон менен тынбай каршы күрөшкөн вьетнам элине СССР, Кытай, Түндүк Корея жана Монголия жардам берген. Ал согушка кыргызстандык жоокерлер жана бир дипломат катышкан.
КРдин Коргоо министирлигинен Вьетнам согушуна Кыргызстандан жалпы канча жоокер катышкандыгы жана алардын канчасы аман-эсен кайтып келгендиги боюнча катка жооп келди:
"Вьетнам согушуна Кыргызстандан канча жоокер катышкандыгы жана алардын канчасы мекенине кайтып келгендиги боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында так маалымат жок. Ошону менен бирге республика боюнча аскер комиссариаттарында Вьетнам согушунун катышуучулары катары төрт адам (бирөө каза болгон) каттоодо турат. Вьетнамга барган кыргызстандыктар: катардагы жоокерлер Мыктыбек Шарипов, Борис Сорокин, Курсан Мадинов жана ефрейтор Толубай Мадымаев. Азыр Борис Сорокиндин гана көзү жок", — дешти министрликтен.
Sputnik Кыргызстан агенттиги 1966 -жылдагы Вьетнам согушуна катышкан 77 жаштагы Курсан Мадинов менен маек даярдаган. Сегиз баланын атасы 1989-жылы СССРдин "Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн" медалы менен сыйланган экен.
Катардагы жоокер Вьетнамга кандайча барганын жана согуштагы күндөрүн эскерип берди.
© Фото / из личного архива Толубая МадымаеваВьетнам согушуна катышкан Толубай Мадымаев
Вьетнам согушуна катышкан Толубай Мадымаев
© Фото / из личного архива Толубая Мадымаева
— Аскерге орто мектепти бүтөрүңүз менен эле чакырылдыңызбы?
— Ооба, 1963-жылы 10-ноябрда Сүлүктү шаарынан чакырылып аскерге кеткем. Алгач Брянск облусуна барып, карантинден өткөндөн кийин ошол жердеги Фокино шаарына биринчи дивизионго кызмат өтөөгө калдым. Анда эки жыл кызмат өтөгөндөн кийин Коргоо министрлигинин Генштабынын атайын тапшырмасы менен бизди "мамлекеттик командировкага даярдагыла" деген буйрук келди. Ошол полктун "Белые берега" деген аталыштагы дивизионунда алты ай атайын даярдыктан өттүк. Ошентип 1966-жылы апрелде Вьетнамдагы кан майданга жөнөдүк.
— Кайсы адистик боюнча даярдыктан өттүңүз эле?
— Негизинен ракета атууга даярдашты. Эгер тарыхка кайрыла турган болсок, билишимче, 1960-жылы АКШнын тыңчысы Фрэнсис Пауэрстин учагы К-13 ракетасы менен атып түшүрүлгөн. Бул ракетанын салмагы 2790 килограмм болчу.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Б. БорисовВьетнам Демократиялык Республикасынын президенти Хо Ши Миндин Кыргызстанга келиши. Фрунзе шаарынын аэропорту. 1959-жыл
Вьетнам Демократиялык Республикасынын президенти Хо Ши Миндин Кыргызстанга келиши. Фрунзе шаарынын аэропорту. 1959-жыл
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Б. Борисов
— Канча кыргызстандык жоокер кеттиңер?
— Ил-18 учагы менен учканбыз. Баш-аягы 300гө жакын аскер кеткенбиз. Вьетнамга кандашым кара-кулжалык Толубай Мадымаев экөөбүз чогуу бардык. Андан кийин полигондо бир жума теориялык даярдыктан өтүп жүргөндө кокусунан көк-жаңгактык жоокер менен тааныштым. Ал Ленинград полкунан келиптир. Тилекке каршы, анын аты менен фамилиясы эсимде жок. Ошону менен Вьетнам согушуна барган үч кыргызстандыкты так билем.
— Вьетнамга барганда кандай сезимде болдуңуз?
— Учактан түшкөндө эле аябай жакырчылыкты көрдүк. Аэропортто баарыбызды тизип атайын митинг болду. Андан соң полк беш дивизионго бөлүнүп, чөлкөмдөргө тарап кеттик. Мадымаев башка дивизионго кетти. Жунглинин ичине автобус менен алып барды. Ошондо биринчи жолу кыргыз катары жалгыздыкты сездим, Ата Мекенден алыс кеткениме көзүмөн жаш да агып кетти. Болжонгон жерге барсак, атайын окопторду даярдашыптыр, ар кай жердеги камыштан жасалган үйлөрүнүн ичи москит чиркейлеринен коргоочу торчо менен жабылган. Адам чыдай алгыс ысык.
© Фото / предоставлено Курсаном МадиновымПолктоштордун арасында эстон, украин, молдован өңдүү бардык улуттан бар. Казакстандын Кызыл-Ордо аймагынан теги казак жоокер бар болчу
Полктоштордун арасында эстон, украин, молдован өңдүү бардык улуттан бар. Казакстандын Кызыл-Ордо аймагынан теги казак жоокер бар болчу
© Фото / предоставлено Курсаном Мадиновым
— Алгач Вьетнамдын кайсы жерине түштүңүз?
— Биз барганда Ханойго түшкөнбүз. Андан кийин башка аймагына алып кетти. Тил келбегенден кийин аталыштарын да билбей калдым. Ошол жерде машина боюнча теориялык практика өтүп, вьетнамдык аскерлерге техникалык жактан зениттик-ракета комплексинин теориясын үйрөтүп, анан тапшырмаларды аткарууга чыгып кеттик. Вьетнамдар өтө тартиптүү калк экен. Командири буйрук берсе аны так аткарат. Башчысына каяша айтпаган калк. Аба менен жердин ортосундагы согуш болду. Сайгондо АКШнын 7-флотунун бардык истребителдери кеменин үстүнөн учуп чыкчу. Биз АКШнын учактарына каршы ракета менен согуштук. Мен атайын автоунаа менен ракета ташып берчүмүн. Бир күнү бул аймакта болсок, кийин башка жакка көчүп жүрчүбүз. 2792 килограмм салмактагы ракетаны учурар менен улам жер которуп жаттык.
— Полктошторуңуз кайсы улуттан эле?
— Арасында эстон, украин, молдован өңдүү бардык улуттан бар. Казакстандын Кызыл-Ордо аймагынан теги казак жоокер бар болчу. Офицерлердин көбүнүн улуту орус эле. Бир дивизиондо офицерлер менен бирге 70 аскер болду.
© Фото / из личного архива Касымбая НамазбековаВьетнам армиясынын аскери-зенитка аткыч аял советтик дипломаттар жана кызматкерлер менен жолугушуу учурунда, Ханой, 1971-жыл
Вьетнам армиясынын аскери-зенитка аткыч аял советтик дипломаттар жана кызматкерлер менен жолугушуу учурунда, Ханой, 1971-жыл
© Фото / из личного архива Касымбая Намазбекова
— Тамак-аш жагычы?
— Тамак-аш жокко эсе эле. Күрүчтөн нан жасап берчү. Күрүч нандын өңү аппак болгону менен жесең резинкадай кыйчылдаган үн чыгат экен, катуусун айтпа. Анан барган жердеги айылдардагы тооктордон алып келип союп берчү, кээде анча-мынча буйволдун этин көрүп калабыз. Майрам күндөрү СССРден бизге атайын "посылка" келчү. Анын ичинде кара нан, туздалган балык, бир бөтөлкө арак, шампан, кызыл жана кара икра болор эле. Аны алганда жыргап калчубуз.
— Ооруган жоксузбу?
— Жок. Ал жактын аба ырайы өтө нымдуу келет. Анан башыбызга каска, өзүбүз кыска шымчан эле жүрдүк. Себеби өтө ысык болгондуктан адамдын териси былжырап, жооруп кеткендей кийимге жабышып калат. Күн ушунчалык ысык, чыдабай кетесиң. АКШнын авиациясы такай химиялык заттарды чачкандыктан анын терс таасири тийчү. Ошон үчүн арыктагы же талаадагы сууну ичүүгө же жуунууга мүмкүн эмес эле. Сууну сөзсүз атайын кудуктан алчубуз.
© Фото / предоставлено Курсаном МадиновымКурсан Мадиновдун Вьетнам досу Хуан Лангдын каты
Курсан Мадиновдун Вьетнам досу Хуан Лангдын каты
© Фото / предоставлено Курсаном Мадиновым
— Жергиликтүү калк менен мамиле кандай болду?
— Алар менен аралашып эле жүрдүк. Булар негизинен күрүч эгишет. 14 жаштан 60 жашка чейинкилер дайым талаада. Ийиндеринде автомат. Аларга жардамга барганыбызды билишкендиктен бизге чын ыкласы менен мамиле жасашчу. Майрамдарда булар менен ар түрдүү спорттук мелдештер уюштурулчу. Андан соң вьетнамдыктар менен чогуу аралашып ырдачубуз. "Подмосковные вечера" ырын жакшы көрүп ырдачу элек.
— Араңарда вьетнам жоокерлер да болгон экен. Алар менен кантип сүйлөшчү элеңер?
— Вьетнам аскерлерге автоунаанын түзүлүшү боюнча теориялык, практикалык инструктаж өткөндүктөн жанымда дайыма котормочу болор эле. Тилмечтер Союздан орус тили менен адабияты адистигин бүтүргөн вьетнамдар. Алардын бири Хуан Ланг экөөбүз дос болдук. Мен Кыргызстанга келгенден кийин ал төрт ирет кат жазды. Тилекке каршы, үч катын жоготуп жибердим. Бир катын сары майдай сактап жүрөм. Ал досум бир вьетнам кыздын сүрөтүн эстеликке берди эле. Андан бери 56 жыл өттү. Ошол жети ай убакытта бир аз тил үйрөнүп калгам, бирок азыр унуттум.
© Фото / предоставлено Курсаном МадиновымВьетнам согушуна катышкан Курсан Мадиновго берилген сыйлоо барагы
Вьетнам согушуна катышкан Курсан Мадиновго берилген сыйлоо барагы
© Фото / предоставлено Курсаном Мадиновым
— Американын учактарын аткан соң жер которчу экенсиздер да, ээ?
— Ракетаны отургузуп туруп учура турган куралынын салмагы 16 тонна. Аны менен ракетаны тез эле учуруп, качып кетүү мүмкүн эмес. Мээлеген жерге учуруп, максат аяктагандан кийин "бурулдук" деген команда болот. Пушкаларды танкаларга улап, машиналардын ТЗМ (Транспортировка зенитных машин) деген чиркегичи бар, аны машинага бекитип, анан алдыбызга офицерлер баштап колонна болуп качабыз. Түн ичи барып башка жерге жайгашып, күндүз ракетаны мээлеп көздөгөн максатты карай учурабыз. Бул согушта эки полктошум курман болду. АКШнын авиациясы бомбалаганда талаадагы жер төлөгө жашынчубуз. Ал жыгач капкак менен жабылчу. Бир адамга ыңгайлаштырган. Аны "стаканчик" деп коюшчу.
— Кайсы жылы Советтер Союзуна кайттыңыз?
— Жети айдын ичинде берилген милдетти так аткардык. Жергиликтүү аскерлерге техникалык жактан баарын үйрөтүп, алар жөндөп кете ала турган болгондо гана кайттык. Ханойдун аэропортунан Союзга жөнөп жаткан маалда аябай сүйүндүк. Эми кебетелерибизди көрсөң, денебиз жоор, айрыкча терибиздин жука жерлери, колтуктарыбыз котур болуп кеткен. Ошентип дароо эле Омскиге конуп, андан Москвага, кийин Брянскиге алып барды. 1966-жылы ноябрда Москвадан үйгө кетип жаткан учурда капысынан жогоруда айтылган көк-жаңгактык жоокерге жолуктум. Ошол маалда ал да Вьетнамдан келген экен. Андан кийин көргөн жокмун. Баш-аягы үч жыл аскердик кызматымды өтөдүм.
© Фото / предоставлено Курсаном Мадиновым1989-жылы Лейлектин аскердик комиссариаты Кулунду айыл өкмөтүнүн элин чогултуп, мени СССРдин "Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн" медалы менен сыйлады
1989-жылы Лейлектин аскердик комиссариаты Кулунду айыл өкмөтүнүн элин чогултуп, мени СССРдин "Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн" медалы менен сыйлады
© Фото / предоставлено Курсаном Мадиновым
— Армиядан келгенден кийин мамлекеттик сырды айтпоо тууралуу тил катка кол койдуңузбу?
— Ооба. Беш жыл ичинде чет мамлекетке чыгууга тыюу салынган. Мындан сырткары, Вьетнам согушуна катышканыбыз тууралуу аскердик билетибизге жазылган эмес эле. Афган согушуна катышкандар катары социалдык жеңилдиктерди алуу үчүн "Красная Звезда" гезитине Вьетнам согушуна катышканым жөнүндө кат жазып, документтерди архивден таап берүүгө жардам берүүнү сурансам, алар документтеримди топтогонго көмөк көрсөттү. Көп жылдан кийин бул түштүк азиялык өлкөнүн эгемендүүлүгү үчүн АКШга каршы согушка катышканымды далилдедим. Ошондон бери СССРдин интернационалист жоокери катары пенсия алып жүрөм. 1989-жылы Лейлектин аскердик комиссариаты Кулунду айыл өкмөтүнүн элин чогултуп, мени СССРдин "Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн" медалы менен сыйлады. Сыйлоо тууралуу чечимге Советтер Союзунун Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагасы Николай Подгорный 1966-жылы эле кол койгон экен. Ошентип 23 жылдан кийин ушул сыйлыкты алдым. Баамымда мени медаль менен сыйлоо жөнүндө сунушту дивизион командиринин саясий иштер боюнча орун басары Ливанов жазган болуш керек. 2010-жылы Вьетнамдын мамлекеттик майрамына катышууга чакыруу келген. Бирок ошол жылы Апрель революциясы болуп барбай калдым. 2016-жылы капысынан полктошум Толубай Мадымаевди таап алдым. Ошондон бери катташып турабыз.
© Фото / предоставлено Курсаном МадиновымКрасная звезда гезитине: Интернационалист жоокерлерге берилчү социалдык жеңилдиктер боюнча СССРдин Коргоо министирлигинин түшүндүрмөсү. 1989-жыл, 12-декабрь
Красная звезда гезитине: Интернационалист жоокерлерге берилчү социалдык жеңилдиктер боюнча СССРдин Коргоо министирлигинин түшүндүрмөсү. 1989-жыл, 12-декабрь
© Фото / предоставлено Курсаном Мадиновым
— Үй-бүлөңүз тууралуу эки ооз кеп...
— Байбичем Малика Мадинова экөөбүз 1969-жылы баш кошконбуз. Төрт уул, төрт кызды чоңойттук. 33 небере, жети чөбөрөбүз бар. Ушу тапта Беловодское айылында турабыз.