https://sputnik.kg/20210218/ukmk-2015-bishkek-zhardyruu-uyushturuu-karmoo-1051500740.html
УКМК алты жыл мурда Бишкекте теракт даярдаган кишини кармады. Сүрөт
УКМК алты жыл мурда Бишкекте теракт даярдаган кишини кармады. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин да башка оор кылмыштарды жасап, изделип... 18.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-18T11:36+0600
2021-02-18T11:36+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
бишкек
укмк
терроризм
согушкер
кармоо
издөө
https://sputnik.kg/img/101677/41/1016774145_0:60:1620:976_1920x0_80_0_0_773c976f1796fedcd879485e0a3ba5e7.jpg
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкекте 2015-жылы теракт даярдап, издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери С.А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.ЭТУ мүчөсү, Кыргызстандын жараны С.А.С. 16-февраль күнү атайын кызмат жүргүзгөн контртеррордук иш-чаралардын алкагында колго түшүрүлгөн.УКМК тактагандай, ал 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин жашыруун террордук уюмдардын катарында өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүүдө.Эске сала кетсек, мындан алты жыл мурда июль айында Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде УКМКнын атайын операциясы менен эл аралык террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган. Согушчандарды кармоо учурунда алар куралдуу каршылык көрсөтүп, эки кабаттуу үйгө жашынышкан. Жети согушкер кармалып, төртөө жок кылынган.Атайын операциянын жыйынтыгында АК үлгүсүндөгү 6 автомат, 1 АКСУ, ПМ жана ТТ үлгүсүндөгү 5 тапанча, көп сандагы граната, ок-дарылар алынган.Операция учурунда УКМКнын 4 кызматкери түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилген болчу.
https://sputnik.kg/20201218/siriyaga-sogushkerlerdi-tartuu-menen-alektengen-adam-karmaldy-1050818258.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101677/41/1016774145_0:9:1620:1028_1920x0_80_0_0_3b54bbac60e712e836d5b29581151a6f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, бишкек, укмк, терроризм, согушкер, кармоо, издөө
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, бишкек, укмк, терроризм, согушкер, кармоо, издөө
УКМК алты жыл мурда Бишкекте теракт даярдаган кишини кармады. Сүрөт
11:36 18.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин да башка оор кылмыштарды жасап, изделип жаткан.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкекте 2015-жылы теракт даярдап, издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери С.А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
ЭТУ мүчөсү, Кыргызстандын жараны С.А.С. 16-февраль күнү атайын кызмат жүргүзгөн контртеррордук иш-чаралардын алкагында колго түшүрүлгөн.
УКМК тактагандай, ал 2015-жылы жайында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин жашыруун террордук уюмдардын катарында өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүүдө.

18 Бештин айы 2020, 14:34
Эске сала кетсек, мындан алты жыл мурда июль айында Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде УКМКнын атайын операциясы менен эл аралык террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган. Согушчандарды кармоо учурунда алар куралдуу каршылык көрсөтүп, эки кабаттуу үйгө жашынышкан. Жети согушкер кармалып,
төртөө жок кылынган.
Атайын операциянын жыйынтыгында АК үлгүсүндөгү 6 автомат, 1 АКСУ, ПМ жана ТТ үлгүсүндөгү 5 тапанча, көп сандагы граната, ок-дарылар алынган.
Операция учурунда УКМКнын 4 кызматкери түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилген болчу.