Кар жаап, суук түшөт! Шашылыш билдирүү

© Sputnik / В. Чистяков / Медиабанкка өтүүУраган шамал учурунда кишилер. Архив
Ураган шамал учурунда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 20-23-февраль аралыгында аба ырайы кескин өзгөрүшү, көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаашы күтүлүп жатканын айтып ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, 21-22-23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз -2…+3 градус болору айтылды.
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 5 градуска чейин суук, күндүз 3 градуска чейин жылуу болору күтүлүп жатат.
Янцзы дарыясынын жээгинде балык уулап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат
23-24-февраль күндөрү Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8 градуска чейин төмөндөйт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0