16 унаа кагышып өрт чыгып кетти. АКШдагы автожарышта болгон кырсыктын видеосу

© REUTERS / Mark J. RebilasNASCAR "Дайтона 500" мелдешинин 16 машина кагышкан кырсык
NASCAR Дайтона 500 мелдешинин 16 машина кагышкан кырсык  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Жарышта алдыда бара жаткан Penske Racing командасынын эки мүчөсү Жоуи Логано жана Брэд Кезеловски кагышып кеткени чоң кырсыкка себеп болгон.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. АКШнын Флорида штатында өткөн NASCAR "Дайтона 500" мелдешинин кезектеги унаа жарышы 16 машина кагышкан кырсык менен коштолду. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазды.
Унаалар акыркы айлампада бири-бирине урунган. 
​Жарышта алдыда бара жаткан Penske Racing командасынын эки мүчөсү Жоуи Логано жана Брэд Кезеловски бири-бири менен кагышып кеткен. Катуу ылдамдыкта бара жаткан пилоттор рулду башкара албай калышканы айтылды. Ал арада үчүнчү унаа келип урунуп, өрт чыгып кеткен. Трассада кыймыл бузулуп, артта келген унаалар алдыдагысын сүзгөн.
​Жалпысынан трассага түшкөн 16 унаа сүзүшүп, жарыштан четтеп калышты. Бактыга жараша, бир да пилот оор жаракат алган эмес.
Деген менен мелдеш уланып, Front Row Motorsports командасынын спортчусу Майкл Макдауэлл марага биринчи келген. Hendrick Motorsports командасынын өкүлү Чейз Эллиотт экинчи келсе, үчүнчү орунду Richard Childress Racing тобунун пилоту Остин Диллон ээлеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0