https://sputnik.kg/20210117/kan-basymdy-darysy-zhok-ele-tomondoto-turgan-ykma-1051132648.html
Кан басымды дарысы жок эле төмөндөтө турган ыкманы адистер айтып беришти
Кан басымды дарысы жок эле төмөндөтө турган ыкманы адистер айтып беришти
Sputnik Кыргызстан
Айта кете турган дагы бир жагдай — экинчи топтогулардын, тагыраагы, көбүрөөк баскандардын бел тарабындагы май катмарлары кадимкидей азая түшкөн. 17.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-17T11:33+0600
2021-01-17T11:33+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
канада
окумуштуулар
изилдөө
кан басымы
https://sputnik.kg/img/102230/93/1022309313_0:615:6015:4016_1920x0_80_0_0_b7d02d41a818d6cb568ec464976fe26c.jpg
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Канадалык окумуштуулар керилип-чоюлуу артериялык кан басым көтөрүлүп кеткенде түшүрүүгө жардам берерин аныктап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости Journal of Physical Activity and Health басылмасына таянып кабарлады.Экспериментке алынган кишилерге беш күн байкоо салышкан. Алар жарым сааттан керилип-чоюлуп же басып турушкан.Изилдөөгө орточо курагы 61 жаш болгон кырк адамды катыштырышкан. Окумуштуулар алардын кан басымын көнүгүү жасаганга чейин жана андан кийин тыкыр текшерүүгө алган. Жыйынтыгында керилип-чоюлуп тургандардын кан басымы кадимкидей төмөндөгөнү байкалган.Айта кете турган дагы бир жагдай — экинчи топтогулардын, тагыраагы, көбүрөөк баскандардын бел жагындагы май катмарлары кадимкидей азая түшкөн.
https://sputnik.kg/20201206/zhashoonu-on-zhylga-uzarta-turgan-4-adat-ataldy-1050681270.html
канада
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102230/93/1022309313_0:235:6015:4016_1920x0_80_0_0_d49edb7b4cbb95dee28f5b11f0b1a510.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, канада, окумуштуулар, изилдөө, кан басымы
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, канада, окумуштуулар, изилдөө, кан басымы
Кан басымды дарысы жок эле төмөндөтө турган ыкманы адистер айтып беришти
11:33 17.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Айта кете турган дагы бир жагдай — экинчи топтогулардын, тагыраагы, көбүрөөк баскандардын бел тарабындагы май катмарлары кадимкидей азая түшкөн.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Канадалык окумуштуулар керилип-чоюлуу артериялык кан басым көтөрүлүп кеткенде түшүрүүгө жардам берерин аныктап чыгышты. Бул туурасында
РИА Новости Journal of Physical Activity and Health басылмасына таянып кабарлады.
"Керилип-чоюлуп, булчуңдар тартылганда сиздин ири артериялар, анын ичинен бардык кан тамырлар да чоюлуп жаткан болот. Эгерде артериялар катуу болуп турбай жумшарса, кандын айлануусуна тоскоолдук жаратуу да азаят", — деген изилдөөнүн авторлорунун бири, окумуштуу Фил Чилибек.
Экспериментке алынган кишилерге беш күн байкоо салышкан. Алар жарым сааттан керилип-чоюлуп же басып турушкан.
Изилдөөгө орточо курагы 61 жаш болгон кырк адамды катыштырышкан. Окумуштуулар алардын кан басымын көнүгүү жасаганга чейин жана андан кийин тыкыр текшерүүгө алган. Жыйынтыгында керилип-чоюлуп тургандардын кан басымы кадимкидей төмөндөгөнү байкалган.
Айта кете турган дагы бир жагдай — экинчи топтогулардын, тагыраагы, көбүрөөк баскандардын бел жагындагы май катмарлары кадимкидей азая түшкөн.