Түрмөдөн чыгып тактыга отурган президенттер. Садыр Жапаров өңдүүлөр көппү

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПрезиденттик шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаров. Архив
Президенттик шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым дүйнөлүк лидерлер саясий олимпке чыгаардын алдында эркинен ажыратылып, абакта болушкан. Sputnik Кыргызстан ушундай башчылар тууралуу түрмөк даярдады.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров утуп чыкты. Ал 16 атаандашын артта калтырып, шайлоого катышкан кыргызстандыктардын дээрлик 80 пайыз добушуна ээ болгон. Андан кийинки сапта жетиден кем пайыз алган Адахан Мадумаров. Калган талапкерлер үч пайызга да жетпеген добуш алышты.
Жапаров саясатка түз эле түзөтүү колониясынан келди. Мурдагы эл өкүлү мамлекеттик кызматкерди барымтага алган деген айып менен жазасын өтөп жаткан. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыктан улам башталган элдик толкундоолордун экинчи күнүндө аны тарапташтары бошоткон. Алты күн өтпөй Жапаров премьер-министрлик кызматка бекиген. Дагы беш күндөн кийин президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетүүгө мажбурлап, өзү мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп калган. Бийликке "түрмө аркылуу" келген башка өлкөлөрдүн башчыларын эске салууну чечтик.

Фидель Кастро

Кубалык революционер жана мамлекеттик ишмер 1953-жылы Сантьяго-де-Куба шаарындагы Монкада аскердик казармаларга жасалган ийгиликсиз чабуулдан улам камалган. Дал ошондо алгач ирет "Эркиндик же өлүм!" деген айтылуу ураан жаңырган.
Көтөрүлүш аёосуз басылып, Фидель Кастро аскердик трибуналга чыккан. Он беш жылга кесилген, бирок 1955-жылдын май айында коомдук пикирдин басымы алдында козголоңчуга ырайым берилген. Ошол эле жылы ал Мексикага жер которот.
Досрочные выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Шайлоого катышкан. Канайым Айгүл Асанбаева тууралуу кызыктуу фактылар
Кастронун доору Кубада 1959-жылы, тагыраагы, революция жеңип жана Фульхенсио Батистанын диктатурасы кулатылганда башталган. Январда Кастро армиянын командачылыгын өз көзөмөлүнө алып, ал эми февралда өкмөт башчысынын ордун ээлеген. Өлкөнү дээрлик жарым кылым, 2008-жылга дейре жетектеп турган. Акыркы жылдары мамлекетти башкаруудан четтеп, бийликти иниси Рауль Кастрого өткөрүп берген. Ал киши да кезегинде көтөрүлүшчүлөр армиясында күрөшкөн.

Иосип Броз Тито

Балкандардагы эң белгилүү саясатчылардын бири Иосип Броз Тито мамлекет башына келгенге чейин темир тор аркасына эки ирет түшкөн. Адегенде бул Биринчи дүйнөлүк согуш убагында болгон, ага болочоктогу жол башчы Австрия-Венгрия императордук армиясынын курамына чакырылган.
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүИосип Броз Тито
Бывший Президент Социалистической Федеративной Республики Югославия Иосип Броз Тито - Sputnik Кыргызстан
Иосип Броз Тито
Тито эмне себеп менен, кандай шарттарда кесилгени так белгисиз. Бир версияга ылайык, козголоңго азгыргандыгы, дагы бир версияга ылайык, ал орустар менен качууга ниети үчүн камакка алынганы айтылат. Кандай болгон күндө да көп өтпөй толук акталып чыккан.
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик сырды ачкан, пара алган. Импичментке кабылган президенттер
Экинчи жолу 1928-жылы беш жылдан ашуун мезгилге кесилип, жазасын оор шартта өтөгөн. 1934-жылы март айында абактан чыгат. Азаттыкка чыккан соң Югославиянын Коммунисттик партиясынын жетекчилеринин бири болгон.
1948-жылы премьер-министр жана Тышкы иштер министрлигин аркалаган, ал эми 1953-жылы Тито президент болуп шайланат. Бул кызматты өмүрүнүн аягына дейре, тагыраагы, 1980-жылдын май айына дейре ээлеген.

Вацлав Гавел

1989-жылдын 29-декабрында Чехословакияда бийликке драматург, социалисттик түзүлүштүн айтылуу сынчысы Вацлав Гавел келген. Эч кандай саясий тажрыйбасы жок киши посткоммунисттик Чехословакиянын тун президенти болот. Ал эми өлкө экиге бөлүнгөн соң Чехияны жетектеп калат. Бийликке келгенче бир нече ирет камалып чыккан. Биринчисинде 1977-жылы мамлекеттик кызматкерге кол салганы үчүн айыпталган эле. Гавел абакта бир нече ай отурган, андан соң кылмыш ишин токтотушкан.
© Sputnik / Борис Приходько / Медиабанкка өтүүВацлав Гавел
Бывший президент Чехословакии Вацлав Гавел - Sputnik Кыргызстан
Вацлав Гавел
1979-жылы ал мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн кайра 4,5 жылга камалган. Натыйжада Гавел жалган жалаа менен дагы эки мөөнөттүк жаза алганы айтылат. Президент болуп шайлангандан жарым жыл мурун толук жазасын өтөп чыккан.

Уго Чавес

Катаал, ошол эле убакта калктын сүймөнчүгү болгон венесуэлалык лидер Уго Чавес 1992-жылдын башында президент Карлос Андрес Перести тактысынан кулатуу аракети үчүн түрмөгө түшкөн. Анын жашыруун кыймылы тарабынан уюштурулган аскердик төңкөрүш 18 кишинин өмүрүн алып, полковник Чавес бийликке багынып бергенче 60 киши жаракат алган.
© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүУго Чавес
Бывший президент Венесуэлы Уго Чавес - Sputnik Кыргызстан
Уго Чавес
Болочок президент эки жыл абакта отурган, кийин "Бешинчи республика үчүн кыймыл" деп аталган партиясын түзөт. Чавес өкмөттү күч менен кулатууга бекем ишенген. Бирок тактикасын өзгөртүүгө аргасыз болуп, 1998-жылы президенттик шайлоого өз талапкерлигин коёт. Шайлоочулардын 56 пайыз добушуна ээ болуп, жыйынтыгында бийликке тынч жол менен келген. Элдин ишениминен тайбаган Чавес кийин үч жолу — 2000, 2006 жана 2012-жылдары президенттикке кайрадан шайланып келген.

Нельсон Мандела

Апартеид режимине каршы турган айтылуу күрөшчү Түштүк Африка Республикасынын президенти болгонго чейин 27 жыл абакта отурган.
© AFP / LEON NEALНельсон Мандела
Бывший президент ЮАР Нельсон Мандела  - Sputnik Кыргызстан
Нельсон Мандела
Алгач ирет 1956-жылы камалган. Мандела жана Африкалык улуттук конгресстин 156 активисти мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталган. Бирок Манделага тагылган айып төрт жылга созулган соттук процесстин жыйынтыгында алынган.
Көп өтпөй Мандела саботаж жана өкмөттү күч менен кулатууга аракет жасаган деген айып менен кайрадан абакка кирет. 1964-жылы ага өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылат.
Брифинг кандидата в президенты Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров премьерликтен качан кетиши керек? Өкмөттү кандай тагдыр күтөт
27 жылдын он жетисин ал жалгыз кишилик камерада өткөрүп, жарым жылда бир гана киши андан кабар алып жана бир гана кат алууга укугу болгон. Мандела өз эскерүүлөрүндө каттар көбүнчө абактык цензурадан өтпөй калганын жазган. Түрмөдө отурган убагында ал Лондон университетин сырттан окуп, юридикалык илимдердин бакалавр даражасын алган.
Аны 1990-жылы, Түштүк Африка Республикасына жаңы башчы келгенде гана бошотушкан. Эркиндикке чыккандан төрт жылдан кийин Мандела президенттик шайлоодо жеңип чыгып, бул кызматты 1999-жылга чейин аркалаган. 1993-жылы "апартеид режиминин аякташына тынч жол менен кошкон салымы жана Түштүк Африкада жаңы демократиянын негиздерин түптөгөнү үчүн" Нобелдин тынчтык сыйлыгына татыган.
Садыр Жапаров туурасындагы кызыктуу фактылар менен бул шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0