РФ бажысы: КРде "тигилген" дүйнөлүк бренддердин товарлары ара жолдо калды
12:57 14.01.2021 (Жаңыртылды: 22:28 16.12.2021)
© Фото / Уральское таможенное управлениеТюмень шаарында (Россия) бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен келе жаткан товарды кармашты

© Фото / Уральское таможенное управление
Жазылуу
Эки жүк ташуучу унаа Кыргызстандан Москва шаарына бара жаткан. Ыкчам кызматкерлер Chanel, Gucci, Louis Vuitton, Adidas, Puma жана Paul & Shark бренддеринин белгилери коюлган көйнөк, шым, футболка, шейшептерди тапты.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Тюмень шаарында (Россия) бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен келе жаткан товарды кармашты. Бул тууралуу Урал бажы башкармалыгынын сайтында айтылат.
© Фото / Уральское таможенное управлениеТюмень шаарында (Россия) бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен келе жаткан товарды кармашты

1/4
© Фото / Уральское таможенное управление
Тюмень шаарында (Россия) бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен келе жаткан товарды кармашты
© Фото / Уральское таможенное управлениеМаалыматка караганда, ал жерде "дүйнөлүк бренддердин товарлары" болгон

2/4
© Фото / Уральское таможенное управление
Маалыматка караганда, ал жерде "дүйнөлүк бренддердин товарлары" болгон
© Фото / Уральское таможенное управлениеТоварды алып бара жаткан тарап анын оригинал экенин тастыктоочу документтерин көрсөткөн эмес

3/4
© Фото / Уральское таможенное управление
Товарды алып бара жаткан тарап анын оригинал экенин тастыктоочу документтерин көрсөткөн эмес
© Фото / Уральское таможенное управлениеБардык чогулган материалдар полицияга өткөрүп берилгени белгилүү болду.

4/4
© Фото / Уральское таможенное управление
Бардык чогулган материалдар полицияга өткөрүп берилгени белгилүү болду.
1/4
© Фото / Уральское таможенное управление
Тюмень шаарында (Россия) бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен келе жаткан товарды кармашты
2/4
© Фото / Уральское таможенное управление
Маалыматка караганда, ал жерде "дүйнөлүк бренддердин товарлары" болгон
3/4
© Фото / Уральское таможенное управление
Товарды алып бара жаткан тарап анын оригинал экенин тастыктоочу документтерин көрсөткөн эмес
4/4
© Фото / Уральское таможенное управление
Бардык чогулган материалдар полицияга өткөрүп берилгени белгилүү болду.
Маалыматка караганда, ал жерде "дүйнөлүк бренддердин товарлары" болгон.
"Интеллектуалдык менчик укуктары бузулган товар менен эки жүк ташуучу унаа Кыргызстандан Москва шаарына бара жаткан. Ыкчам кызматкерлер товарларды карап жатып Chanel, Gucci, Louis Vuitton, Adidas, Puma жана Paul & Shark бренддеринин белгилери коюлган көйнөк, шым, футболка, шейшептерди таап алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Товарды алып бара жаткан тарап анын оригинал экенин тастыктоочу документтерин көрсөткөн эмес.
Тюмень бажысынын Бажы көзөмөлү кызматынын жетекчиси Александр Решетниковдун билдирүүсүндө, мындай мыйзам бузуунун кесепетинен 22 миллион рублдик чыгым келтирилген.
Аталган факты боюнча РФтин Кылмыш жана жазык кодексинин 180-беренесине ("Товардык белгини мыйзамсыз пайдаланып, ири өлчөмдө чыгым алып келүү") ылайык кылмыш иши козголду. Күнөөлүүлөр эки жылга эркинен ажырап, 80 миң рубль өлчөмүндө айып төлөшү мүмкүн.
Бардык чогулган материалдар полицияга өткөрүп берилгени белгилүү болду.