https://sputnik.kg/20210113/bishkek-zholdor-kar-tazaloo-ishi-tun-kun-zhurguzuu-1051090308.html
Бишкектин жолдору күнү-түнү кардан тазаланып жатат
Бишкектин жолдору күнү-түнү кардан тазаланып жатат
Sputnik Кыргызстан
Эртең мененки саат 08:00гө карата 164 тоннадай техникалык туз иштетилип, шаарды кардан тазалоо иши үзгүлтүксүз жүрүүдө. 13.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-13T11:25+0600
2021-01-13T11:25+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек мэриясы
жол
тазалоо
кар
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/10/1050796294_0:262:3073:1990_1920x0_80_0_0_b8ba75d35ccd6f2563ef5b349d4210b7.jpg
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын жолдорун кардан тазалоого жол тейлөө бөлүмүнүн (ДЭО) 25 кызматкери жана 37 атайын техника тартылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.Баш калаанын тротуарларын, жолдорду тазалоо ишине муниципалдык кызматтагылар түн ичинде чыгышкан. Кар тазалоочу 25 МАЗ, төрт универсалдуу унаа, "Беларусь" үлгүсүндөгү төрт кичи трактор, жүк ташуучу эки ЗИЛ-130 унаасы жана эки жүктөөчү техника иш алып барууда.Шаарда штаттык режимде 640 көчө тазалоочу кызматкер иштейт. Жүктөп иштеген 123 кызматкер, таштандыларды чыгаруучу жүздөн ашык киши иш алып барат. Санитардык тазалоо иштерине 52 атайын техника, таштандыларды ташууга 47 атайын унаа тартылган.Эртең мененки саат 08:00гө карата 164 тоннадай техникалык туз иштетилип, шаарды кардан тазалоо иши үзгүлтүксүз жүрүүдө.Мэрия шаардын жолдорун жана тротуарларын кар, муздан тазалоо, техникалык каражаттарды себүү боюнча мэриянын 0554 182 185 WhatsApp байланышына же 1840, 1850 номерлерине кайрылууларды жиберсе болорун эскертет.Байланыш номерлери түнү-күнү иштейт.
https://sputnik.kg/20210111/orto-say-bazary-kocho-soodasyn-zhurguzuu-zhaylar-zhabuu-1051070835.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/10/1050796294_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_20dbe0c06aef3af1090a8b271221860f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек мэриясы, жол, тазалоо, кар
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек мэриясы, жол, тазалоо, кар
Бишкектин жолдору күнү-түнү кардан тазаланып жатат
11:25 13.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Эртең мененки саат 08:00гө карата 164 тоннадай техникалык туз иштетилип, шаарды кардан тазалоо иши үзгүлтүксүз жүрүүдө.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын жолдорун кардан тазалоого жол тейлөө бөлүмүнүн (ДЭО) 25 кызматкери жана 37 атайын техника тартылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Баш калаанын тротуарларын, жолдорду тазалоо ишине муниципалдык кызматтагылар түн ичинде чыгышкан. Кар тазалоочу 25 МАЗ, төрт универсалдуу унаа, "Беларусь" үлгүсүндөгү төрт кичи трактор, жүк ташуучу эки ЗИЛ-130 унаасы жана эки жүктөөчү техника иш алып барууда.
Шаарда штаттык режимде 640 көчө тазалоочу кызматкер иштейт. Жүктөп иштеген 123 кызматкер, таштандыларды чыгаруучу жүздөн ашык киши иш алып барат. Санитардык тазалоо иштерине 52 атайын техника, таштандыларды ташууга 47 атайын унаа тартылган.
Эртең мененки саат 08:00гө карата 164 тоннадай техникалык туз иштетилип, шаарды кардан тазалоо иши үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Мэрия шаардын жолдорун жана тротуарларын кар, муздан тазалоо, техникалык каражаттарды себүү боюнча мэриянын 0554 182 185 WhatsApp байланышына же 1840, 1850 номерлерине кайрылууларды жиберсе болорун эскертет.
Байланыш номерлери түнү-күнү иштейт.