БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодогу жеңишине арналган майрамдык концерт өтөт. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.Учурда борбордук аянтка адамдар чогулуп, тамак-аш алып келип, мазыкалык жабдууларды жана сахнаны орнотуп жатышат.Түлөбаевдин айтымында, массалык иш-чара саат 14:00дө башталары туурасында Жапаровдун штабы мэрияга кабарлаган.Ошондой эле ал жеринде милиция кызматкерлери жана мэриянын кызматтары нөөмөттө турарын кошумчалады.Эске салсак, кечээ кечинде дагы өзүн тааныштырбаган адамдар борбордук аянтта концерт уюштурууга аракет кылышкан. Бирок көп өтпөй аянттагылар тарап кеткен.
Учурда борбордук аянтка адамдар чогулуп, тамак-аш алып келип, музыкалык жабдууларды жана сахнаны орнотуп жатышат.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодогу жеңишине арналган майрамдык концерт өтөт. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди
Учурда борбордук аянтка адамдар чогулуп, тамак-аш алып келип, мазыкалык жабдууларды жана сахнаны орнотуп жатышат.
Түлөбаевдин айтымында, массалык иш-чара саат 14:00дө башталары туурасында Жапаровдун штабы мэрияга кабарлаган.
"Штабдын өкүлдөрү концертке 100гө чукул адам келерин айтты, көп чогулбайт. Биз аларга COVID боюнча кырдаалды эске алып санитардык нормалардын сакталышын эскерттик. Иш-чара бир же эки саатка созулат", — деди Түлөбаев.
Ошондой эле ал жеринде милиция кызматкерлери жана мэриянын кызматтары нөөмөттө турарын кошумчалады.
Эске салсак, кечээ кечинде дагы өзүн тааныштырбаган адамдар борбордук аянтта концерт уюштурууга аракет кылышкан. Бирок көп өтпөй аянттагылар тарап кеткен.