https://sputnik.kg/20210108/transport-ministrliginin-stats-katchysy-karmaldy-1051025532.html
Финпол Транспорт министрлигинин статс-катчысы кайсы иш боюнча кармалганын айтты
Финпол Транспорт министрлигинин статс-катчысы кайсы иш боюнча кармалганын айтты
Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү күндө Финпол тарабынан ар кандай рангдагы 28 аткаминер кармалды. Алардын мамлекетке 20 миллион сом чыгым келтиргени аныкталган. 08.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-08T13:15+0600
2021-01-08T13:15+0600
2022-01-27T11:58+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
финансы полициясы
коррупция
статс-катчы
эрмек мамыркалиев
транспорт жана коммуникациялар министрлиги
https://sputnik.kg/img/104465/18/1044651889_0:0:2144:1207_1920x0_80_0_0_e9d3c60e201c24b6a498c476d4f86fc6.jpg
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деп айыптап жатат.Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши боюнча Финпол тарабынан ар кандай рангдагы 28 аткаминер кармалган. Алардын мамлекетке келтирген чыгымы 20 миллион сомду түзөрү айтылды. Финполдун аракети менен 16 миллион сомдон ашыгы бюджетке кайтарылмай болду.Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат.Белгилей кетсек, бул иш боюнча тергөө өткөн жылдын май айында башталган.
https://sputnik.kg/20210108/ukmk-kursan-asanovdun-ayalyn-shyluundukka-ayyptady-1051025194.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104465/18/1044651889_245:0:2144:1424_1920x0_80_0_0_c5ef36ad9d136626100accbc39f5e7f1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, финансы полициясы, коррупция, статс-катчы, эрмек мамыркалиев, транспорт жана коммуникациялар министрлиги
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, финансы полициясы, коррупция, статс-катчы, эрмек мамыркалиев, транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Финпол Транспорт министрлигинин статс-катчысы кайсы иш боюнча кармалганын айтты
13:15 08.01.2021 (Жаңыртылды: 11:58 27.01.2022) Бүгүнкү күндө Финпол тарабынан ар кандай рангдагы 28 аткаминер кармалды. Алардын мамлекетке 20 миллион сом чыгым келтиргени аныкталган.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев коррупцияга
шектелип кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.
Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деп айыптап жатат.
"Тергөөдө аныкталгандай, 2018-жылы "Сосновка" жана "Кара-Көл" өткөрмө пунктуларына айдоочулардан туннелден өткөндүгү үчүн акы алган атайын автоматташтырылган техника орнотулган. Ага Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы жооптуу болчу. Ата мекендик, чет элдик жана жүк ташуучу автоунаалар үчүн тарифтер коюлган. Бирок дирекциянын айрым кызматкерлери бир топ убакыттан бери айдоочулардан көрсөтүлгөн тариф боюнча акча алып турушкан дагы, системадагы маалыматтарды алмаштырып коюшчу. Ортодогу ири суммадагы акчаны өздөрүнө ыйгарып алган. Бул иштер Транспорт министрлигинин жетекчилигинин калкалоосу менен жасалып келген", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши боюнча Финпол тарабынан ар кандай рангдагы 28 аткаминер кармалган. Алардын мамлекетке келтирген чыгымы 20 миллион сомду түзөрү айтылды. Финполдун аракети менен 16 миллион сомдон ашыгы бюджетке кайтарылмай болду.
Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, бул иш боюнча тергөө өткөн жылдын
май айында башталган.