БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Германиянын "Бавария" клубунун польшалык чабуулчусу Роберт Левандовский Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) тандоосу боюнча 2020-жылдын мыкты футболчусу деп табылды. Бул тууралуу уюмдун жыл мыктыларын сыйлоо аземинде айтылганын Р-Спорт жазды.
Талапкерлердин тизмесине "Барселонанын" капитаны, аргентиналык Лионель Месси жана "Ювентустун" португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду да кирген болчу.
Левандовский 2014-жылдан бери "Бавариянын" намысын коргоп келет. Буга чейин ал дортмунддук "Боруссия", Польшанын "Леха" командаларында ойногон. Польша курама командасы үчүн Левандовский 116 оюн ойноп, 63 гол киргизген.
Ал эми Англия курама командасынын жана "Манчестер Сити" клубунун коргоочусу Люси Бронз жылдын мыкты футболчу айымы деп табылды. Бронз өткөн жылы франциялык "Лион" клубу менен аялдар арасында УЕФАнын чемпиондор лигасын уткан.
футбол ФИФА мыкты футболчу Роберт Левандовский Люси Бронз