БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Эл аралык "Үмүт" жаш киночулар форуму Бишкек шаарында 21-25-декабрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фонду кабарлады.
Ага катышчу тасмалар:
- "Карантинный дневник", режиссеру Самгар Рахим, Казакстан;
- "Закарантирован", режиссеру Асылжан Абдумуталиев, Казакстан;
- "Карантин", режиссеру Алишер Жадигеров, Казакстан;
- "Из Ховрино", режиссеру Дария Елена Дашунина, Россия;
- "Моя мама (не) самая лучшая", режиссеру Ирина Садчикова, Россия;
- "Отражение", режиссеру Елена Нодель, Россия;
- "Под гнездом аиста", Ани Оганесян, 2020, Армения;
- "Без него", режиссеру Хамидреза Газеми, Иран-Россия;
- "Река", режиссеру Дмитрий Давыдов, Саха, Россия;
- "Айтал", режиссеру Владимир Мункуев, Саха, Россия;
- "Родственник", режиссеру Ботир Абдурахманов, Өзбекстан;
- "Мир Вирус Человек Природа", режиссер, Шокир Холиков, Өзбекстан;
- "Вторжение", режиссеру Данте Рустав, Өзбекстан;
- "Балапан", режиссеру Данияр Абиров, Кыргызстан.
Айрым тасмалардын аталышы эле айтып тургандай, бул жолку форум пандемия учурундагы карантин темасына арналган. Тасмалар 22-декабрь күнү "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлөт.
"Үмүт" жаш киночулар форуму Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан негизделген. Быйыл ал жакында эле коронавирустан көз жумган түштүк кореялык кинорежиссер Ким Ки-Дуктун жаркын элесине арналат.