00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:55
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
18:05
54 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
21:56
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Герой и его выбор: что роднит Раскольникова Достоевского и Тимура Гайдара
18:06
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ыктыярдуу декларация боюнча мыйзамга кол коюлду. Ал эмнеси менен маанилүү

© Sputnik / Табылды КадырбековЫктыярдуу декларацияны толтуруу. Архив
Ыктыярдуу декларацияны толтуруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 5-ноябрында кабыл алынган. Мыйзамдын негизги максаты — мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" мыйзамдын макулдашылган вариантына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 5-ноябрында кабыл алынган.

"Мыйзамдын негизги максаты — мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу. Декларациялануучу мүлктүн жана анын ээсинин кол тийбестигине кепилдиктерди белгилөө жана мүлк менен кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессинин купуялуулугун сактоо болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө алып келери айтылат.

Кирешелерди жана мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жалпы декларациялоого өткөнгө чейинки даярдык этабынын бир бөлүгү болуп саналат.

Ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү — 2021-жыл толугу менен. Декларант бул мезгил ичинде ушул мыйзамдын талаптарына ылайык, ыктыярдуу декларациялоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алат.

Ыктыярдуу декларациялоо үчүн мыйзамда төмөнкү милдеттенмелер белгиленген:

  • декларациянын бланкынын наркын төлөө;
  • нотариалдык иштер үчүн мамлекеттик алымдарды төлөө;

Эгерде ыктыярдуу декларациялоо объектилеринин наркынын суммасы декларациялык босогодон ашып кетсе (70 миллион сомдон):

  • декларациялоо объектисинин наркынан бир пайыз өлчөмүндөгү акча каражатын киргизет;
  • же жети жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик баалуу кагаздарды декларациялоо объектисинин наркынын 10 пайызына туура келген каражатка сатып алат. Ал үчүн жылына 5 пайыздык киреше көрөт;
Жаңылыктар түрмөгү
0