БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. COVID жуктуруп алгандардын ичинен өткөн суткада беш киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.
Маалыматта көз жумгандардын үчөө Бишкектен, экөө Чүй облусунан экени айтылат.
Ушуну менен оорудан мерт болгондордун саны 1 295ке жетти.
Бүгүнкү күндө стационарда 2 551 бейтап жатат. Алардын 27синин абалы канааттандырарлык экени маалым болду. 1 765 киши орточо оор, 649 адам оор абалда, ал эми 110 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.
3 441 бейтап үйүнөн дарыланып жатат.